Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк берген билдирүүгө ылайык, министрлер кабинет иштеп чыккан жаңы аскерий доктрина долбоорунда Россия негизги потенциалдуу душман катары көрсөтүлгөн.
Ал Одессада болуп өткөн брифингде: “Украина көзкарандысыздыгынын тарыхында биринчи жолу аскерий доктринада душмандар жана агрессорлор көрсөтүлдү. Бул – Россия”, – деди.
Анын баса белгилешинче, доктрина долбоору Коргоо жана Коопсуздук кеңешине жиберилди.Эми аны Украина президенти тастыкташы күтүлүүдө.
Мындан бир аз мурда Украина Жогорку Радасы Россияны агрессор мамлекет деп таануу туурасындагы билдирүүнү макулдаган эле.
Рада башка мамлекеттердин парламенттерин жана эл аралык уюмдарды Россияга болгон басымды күчөтүүгө чакырды. О.э. парламент тан алынбаган Луганск жана Донецк “республика”ларын террорчу уюмдар деп эсептөө керектигин айтты.