Ратни Сирия маселесин чечүү үчүн жолго чыкты

294
0

АКШнын Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Майкл Ратни Сирия кризисин чечүү үчүн Россияга жөнөдү. Ратни 2-сентябрга чейин улана турган сапарында дал ушул маселе боюнча Россиядан кийин Саудияга, андан кийин болсо БУУнун атайын өкүлү Стеффан Де Мистура менен жолугушуу үчүн Женевага барат.

Россия тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова Москвага келген АКШ өкүлү орус кесиптеши Михаил Богданов менен жолугушуп, Сирия маселеси боюнча сүйлөшө тургандыгын билдирди. АКШ тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Жон Кирби да Сирия маселеси боюнча бир нече варианттар көрүп чыгылышын билдирди.

“Туура, Сирия маселесин чечүүдө көз караштарыбыз ар түрдүү. Бирок, саясий чечимге жетишүү үчүн Россия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү бар деп үмүттөнөбүз. Биз буга ишенебиз”, – деди Жон Кирби.

Ратни жаӊы кызматка келгенден бери Сирия маселеси боюнча биринчи жолу сапар кылып жатат. Ал канчалык ийгиликке жетишери жетишпестиги азырынча белгисиз. Ушул кезге чейин Сирия маселесин АКШ жана Батыш пайдасына чечүүгө аракет кылган бир нече адистердин аракеттери жокко чыкты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here