Атамбаев Кытай жана Иранга сапар кылат

301
0

 Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун кабар беришинче, АКШга сапарын бекер кылган Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Кытай жана Иранга сапар кылат.

 Алмазбек Атамбаев 1-3-сентябрь күндөрү Кытайга уюштура турган сапарынын алкагында Ата мекендик согуштагы жеӊиштин 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышат. Мындан тышкары, Кытай элдик республикасынын башчысы менен жолугушуп саясий, экономикалык, социалдык жана гуманитардык маселелерди талкуулашат.

 Атамбаев жана Си Цзиньпин ортосунда боло турган жолугушууда  алдыдагы 3 жылдын ичинде Кыргызстанга бөлүнө турган 1 млрд юань (180 млн доллар)  өлчөмүндөгү грант маселеси да каралып, кол коюлушу күтүлүүдө.

 Кабарларга ылайык, бул акчалар Бишкектин жолдорун оӊдоого жана жаӊы жолдорду курууга жумшалат.

 Кытайга болгон сапарын аяктагандан кийин Атамбаев 4-6-сентябрь күндөрү расмий сапар менен Иранга барат.

Алмазбек Атамбаев Иранда мамлекет башчы Хасан Роухани менен тар чөйрөдө жолугушууну пландаштырган. Андан кийин,  ал Иран парламентинин спикери жана Ирандын диний лидери Аятулла Али Хусайин Хаманеи менен да жолугушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here