АКШ Өзбекстанга “ИШИМ”ге каршы коалицияга кошулууну сунуштады

354
0

 “кun.uz” сайтынын кабар беришинче, АКШ Өзбекстанга “ИШИМ” тобуна каршы түзүлгөн эл аралык коалицияга кошулууну сунуштады.

АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча орунбасары Дэниел Розенблюм Өзбекстанга болгон сапары учурунда ушул сунушту билдирди.

Анын баса белгилешинче, коалиция аскерий тармакка гана багытталбастан, радикалдарды финансылоого каршы күрөштү, алардын катарына дагы да көбүрөөк адамдар кошулушунун алдын алууну да көздөйт.

Мындан бир аз мурда, 27-август күнү Өзбекстан ТИМинин имаратында Абдулазиз Камилов АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк            жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Даниэл Розенблюмду кабыл алгандыгы кабарланган болчу

Өзбекстан бийлиги азырынча бул сунушка бирер расмий мамиле билдирген жок.

Туркистон:

АКШ Орто Азия республикалары үстүндөгү Россиянын таасирин сындырууда Өзбекстандан пайдаланууга олуттуу көӊүл буруп келет.  АКШнын бул сунушу ишке караганда көбүрөөк символдук маанини түшүндүрүп, болгону дагы бир жолу Россиянын кыжырына тийүү үчүн болгон бир аракет десек туура болот. Себеби,, эл аралык коалиция “ИШИМ”ге каршы кургактыкта операция жүргүзүп жаткан жок. Ошондуктан да Өзбекстандын куралдуу күчтөрү анда катыша албайт. Өзбекстан аба күчтөрүн Сирия асмандарында элестетүү болсл өтө кыйын.

Андан тышкары, АКШ Өзбекстандагы кууп чыгарылган аскерий базасын артка кайтарууга да аракет кылып көрөт. “Өзбекстан ислам кыймылы” уюмунун Афганистанда туруп “ИШИМ”дин жетекчисин Халифа деп таанып, ага байъат бериши;. Гүлнара Каримованын айланасындагы кылмыш иштеринин Европада  АКШ юристтери тарабынан жандантууга аракет кылынышы – ушулардын бардыгы, жогоруда айтылгандай, Өзбекстандагы өз кызыкчылыктарын күчөтүүгө  эл аралык саясаттагы таасиринен пайдаланып багытталып келе жаткан АКШнын аракеттери болуп эсептелет. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here