Мисирде “террорго каршы күрөш мыйзам долбоору” тастыкталды

326
0

Мисир президенти Абдулфаттах ас-Сиси “террорго каршы күрөш мыйзам долбоорун” тастыктады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Али Юсуф билдирди. Жогорудагы долбоор Мисирде массалык түрдөгү талкууларга себеп болуп жаткан эле.

Мисирдин башкы прокурору Хишам Баракатка кол салуу болгондон кийин тездетилген мыйзам долбоорун экинчи июлда Мисирдин министрлер кеӊеши тастыктаган эле. Министрлер кеңешинин билдиришинче, жогорудагы долбоор негизинде “Мыйзам үстөмдүгүндө адилеттүүлүктү пайда кылуу жана террорду каржылап жаткан булактарды жок кылуу о.э. террордук иштерди ишке ашыруучулардын жолун тосо турган дипломатиялык жана укуктук кадамдарды таштоо” иштери аткарылат.

Террорго каршы күрөш туурасындагы мыйзам долбоорунун тастыкталышы президент ас-Сисиге жана Мисирдин коопсуздук күчтөрүнө кызматтык чөйрөсүндө кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү түзүшү айтылууда. Бул болсо, мамлекеттик саясатка каршы чыккандарга жана укук коргоочуларга о.э. карапайым калкка кыйынчылыктарды пайда кылышы табигый.

Ошол эле убакта Мисир укук жана эркиндиктер координациясы эки жылдан бери т.а. ас-Сиси бийликке келгенден бери өлтүрүлгөн адамдардын саны 2799га жеткендигин билдирди. Булардын кээ бирлери демонстрация учурунда ачык эле атып өлтүрүлгөн болсо, кээ бирлери “террорго каршы күрөш” шылтоосунда массалык кыргынга дуушар болушкан. Дагы кээ бирлери болсо камактардагы тынысыз кыйноолордун натыйжасында өлүшкөн.

Мындан тышкары бир нече адамдар ар түрдүү айыптар менен айыпталып өлүм жазасына өкүм кылынышкан. Дайынсыз жоголгондор жана темир тордун артына ташталгандар тууралуу айтпасак да боло берет. Булар “Террорго каршы күрөш мыйзам долбоору” тастыктала элегинде ишке ашырылган кылмыштардын бир гана бөлүгү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here