Bloomberg девальвациянын астында турган валюталар рейтингин түздү

293
0

 “Kun.uz” сайтынын “Bloomberg” агенттигинин маалыматына таянып кабар беришинче, Россия рублинин доллар жана еврого карата кунсузданышы мурдагы Советтер союзуна кирген мамлекеттердин валютасынын девальвациясына алып барат. Буга ушул мамлекеттердин Россия менен жакын болгон соода-экономикалык алакалары себеп болууда.

 Агенттик эксперттеринин билдиришинче, Казакстан теңгесинен кийин армян драмы да кунсузданышы мүмкүн. 2014-жылы рубль 46 пайызга кунсузданган бир убакта Армениянын улуттук валютасы 15 пайызга арзандаган эле.

Теңгенин кунсузданышы Тажикстан жана Түркмөнстан улуттук валюталарынын кунсузданышына себеп болушу мүмкүн. Айрыкча, тажик сомониси 10-20 пайызга төмөндөшү мүмкүн. О.э. кыргыз сому да кунсуздашы мүмкүн.

Саудиянын риалы жана Нигерия найрасы да 20 пайыздын айланасында девальвация болушу мүмкүн. Агенттик буга нефть баасынын төмөндөшү себеп болорун айтып өткөн.

 Туркистон:

Америка Кошмо Штаттары тарабынан 1971-жыл,  15- август күнү кабыл алынган токтомго ылайык кагаз акчанын алтынга алмаштырылышы жокко чыгарылды. Ошондон кийин дүйнөдөгү бардык валюталардын расмий кыйматы, алмаштыруу кубаты АКШ долларына карап белгилене турган болду.

  Хизб ут-Тахрирдин амири, аалым Ато ибн Халил Абу Рушта тарабынан жазылган “Экономикалык кризис, анын акыйкаты, аны Ислам көз карашы менен чечүү” китебинин “Мажбурий  кагаз акчалар түзүмүндөгү  кризистер” бөлүмүндө мындай деп келген:

 Бул түзүм шартында кризистер барган сайын тездей берет. Себеби, мамлекеттердин өз ара саясий жана экономикалык атаандашуусу, менчик базарлардагы чайкоочулуктар, мамлекеттердин башка мамлекеттерге товар экспорт кылуусу же алардан товар импорт кылуусу, карыз алууга болгон муктаждыгы жана башкалар, валюталардын көтөрүлүп, төмөндөшүндөгү кыйматына кескин таасир көрсөтөт. Мунун акыбетинде баалардын туруктуулугуна жана экономикалык мамиле туруктуулугуна жетишүү – мындай туруктуулук бүтүндөй жок болуп кетпесе да – өтө кыйын  болуп калат. Мындай абалды азыр жергиликтүү жана экономикалык мамиледе күзөтүүгө болот.

 Бул түзүм шартында мамлекеттердин болгон аракети өз запастары туурасында бүтүндөй этибарын саясий жана экономикалык жактан таасир өткөрө алуучу мамлекеттердин валютасына каратуу болуп калат. Бул валютага муктаж болгондуктан, анын туруктуулугуна маани берүүгө мажбур болушат. Анткени, ошол мамлекеттерде жүз бере турган ар кандай саясий же экономикалык өзгөрүү кризис көрүнүшүндө башка мамлекеттердин акчасында, арийне алардын экономикасында көрүнөт. Мисалы, акчасы долларга байланып калган мамлекеттердин бар болгон аракети өз запастарын сактап калуу үчүн доллардын туруктуулугун сактап калуу болуп калат. 

 Адамдардын жергиликтүү валютага болгон талабы күчөсө, бул нерсе ушул мамлекеттин валютасынын курсу долларга карата көтөрүлүүсүнө алып келет. Ошондо бул мамлекет өз валютасынан чоң көлөмдү базарга таштайт жана анын ордуна базардан долларларды чогултуп алат т.а. валютасын долларга салат. Эми мунун тескериси жүз берип, адамдар жергиликтүү валютадан баш тартса т.а. сунуш көбөйүп кетсе – мындай абал чайкоочулукта жүз берип турат – мында мамлекет ошол ашыкча жергиликтүү валютаны чогултуп алууга киришет. Ушул максатта өз валютасын долларга сатып алат т.а. мамлекет өз казынасынан долларларды базарга таштайт жана анын ордуна өз валютасын казынасына кайтарат. Ошондуктан, валютасы долларга байланыштуу болгон ар кандай мамлекет өз валютасын да, долларды да коргоого мажбур. Бул жүктүн эң чоң жана эң оорун таянылып жаткан ошол чет элдик валюта ээси болгон мамлекет эмес, тескерисинче, ушул валютага байланып калган мамлекеттин бир өзү көтөрүүгө мажбур болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here