АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Казакстанга келет

323
0

“АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Томас Кантримен 27-28 август күндөрү Казакстан жана Эл аралык атом энергиясы агенттиги (МАГАТЭ) менен кызматташтыкта түзүлүп  жаткан аз байытылган уран банкынын ачылышына катышуу үчүн Казакстанга келет”, – деп кабар берүүдө АКШ мамлекеттик департаменти.

Ырасымда катышуудан тышкары, Кантримен сапардын алкагында ядролук куралды жайылтпастык маселесин талкуулашуу үчүн Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов жана энергетика министри Владимир Школьников менен жолугушат.

О.э. Кантримендин Казакстан эл аралык илмий-техникалык борборуна да барышы кабарланган.

Мындан мурда мамлекеттик катчынын өкүлүнүн Мексикада (24-25 август), андан кийин болсо 31-август, 1-сентябрь күндөрү Словенияда болушу пландаштырылган.

Казакстан жана МАГАТЭ менен кызматташтыкта аз байытылган уран банкын түзүү туурасындагы келишимге 2015-жылдын август айынын акырында кол коюлушу туурасында июнь айында жарыяланган эле. 11-июнда МАГАТЭнин башкаруу кеӊеши ушул кабарды расмий түрдө тастыктаган.

Булак: kun.uz

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here