АКШ жашыруун келишимдер түзүлгөндүгүн моюнга алды

АКШ админстрациясы Иран жана 5+1 мамлекеттери ортосунда түзүлгөн ядролук келишимге кошумча түрдө коомчулукка ашкере кылынбаган башка жашыруун келишимдер да түзүлгөндүгүн моюнга алды. АКШ президенти Барак Обаманын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс журналисттердин Ирандын ядролук программасы үстүндө түзүлгөн келишим боюнча суроолоруна жооп берип жатып, мындай жашыруун келишим бар экендигин тастыктады. Райстын айтымында, коомчулукка ашкере кылынбаган жогорудагы келишим Тегерандын ядролук программасынын аскерий жактарын да өз ичине алат.

Сюзан Райстын баса белгилешинче, мындай кошумча келишимдер коомчулукка ачыкталбайт. Ал тургай, Обама админстрациясы тарабынан АКШ конгресине да жабык түрдө сунушталгандыгын билдирген Райс “Бул жерде бизге билип, конгресс билбеген эч нерсе жок” деп кошумчалады.

Иран менен МАГАТЕ ортосунда түзүлгөн жашыруун келишимдер Вашингтондо бийликти ээлеп турган катмар менен конгресмендер ортосунда ядролук келишим боюнча келишпестиктерге себеп болуп жатканы айтылууда.  Ирандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн келишимге күмөн менен карап жаткан конгресс мүчөлөрү мамлекеттик башкаруудагы адамдарды ядролук келишимге тиешелүү айрым маалыматтарды жашыргандыкта айыптап жатышат. Ядролук келишим конгрессте сентябрь айынын баштарында добушка коюлушу күтүлүүдө.

turkistonkg

Recent Posts

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү Ички иштер министрлиги экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко…

22 hours ago

Мазаммат кылынган хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар)  Убадага тескери…

2 days ago

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп…

2 days ago

Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Жөөт  вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу Ассаламу алейкум уа рахматуллохи…

3 days ago

Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт Урматтуу бир туугандар…

3 days ago