Израилде кээ бир жогору даражадагы жооптуулар Асаддын кулашына тоскоолдук кылынышын талап кылып, Бенямин Нетаняхунун өкмөтүнө басым өткөрүүдө. Сионисттер тараптагы басылмалардын жазышынча, Израил армиясында, а түгүл Моссад чалгындоо организациясында бир нече жыл кызмат кылып келген генерал Элиэзер, Асад режиминин кулашы Израилди жаман акыбетке алып келишинен эскерткен.
Генерал Элиэзер өзүнүн “Асадды коргоого мажбурбуз” аттуу баракчасында: “Асад режиминин кулашы Сириянын туңгуюкка кептелишин түшүндүрөт. Асад режими куласа Сирияда жана айланасындагы бардык мамлекеттерде жөөттөргө болгон душмандык (Антисемитизм) жогору даражага жетет. Бул качып кутулгус акыбет”,-деп билдирген.
Генерал Элиэзер Асад режимин куткарып калуу зарылдыгын эскертип, “Асад режими Израилдин Ортоңку Чыгыштагы кепилдиги. Израил Асадга түз же кыйыр түрдө курал-жарак аркылуу жардам беришке мажбур”, деп жазган.
“Гаарец” газетасы чыгарган кабарларда: “Сирия режими региондогу Израил душмандарын жетектөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эң негизги күч болуп эсептелет. Эгер Асад режими куласа, ал жердеги куралдуу топтор Израилди жок кылуу үчүн колдорунан келген аракетти кылышат”,-деп айтылат.
Элиэзердин баса белгилешинче, Израил өкмөтү Асаддын Иран жана Хизбуллах менен болгон алакаларына көз жумушу зарыл.
Изрилдик журналист Жеки Хуги: “Израил Асаддын аркасында турушу лазым” деген макаласында, Асад режими Израилдин бар болушуна кепилдик экенин тилге алды. Ал: “Израилдин бирден-бир кепилдиги Асад режими. Дал ушул максатта Израил Асад режимине жардамчы болушу шарт”,-деп кошумчалады.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…