Израил:Асадды коргоого мажбурбуз

283
0

Израилде кээ бир жогору даражадагы жооптуулар Асаддын кулашына тоскоолдук кылынышын талап кылып, Бенямин  Нетаняхунун өкмөтүнө басым өткөрүүдө. Сионисттер тараптагы басылмалардын жазышынча, Израил армиясында, а түгүл Моссад чалгындоо организациясында бир нече жыл кызмат кылып келген генерал Элиэзер, Асад режиминин кулашы Израилди жаман акыбетке алып келишинен эскерткен.

Генерал Элиэзер өзүнүн “Асадды коргоого мажбурбуз” аттуу баракчасында: “Асад режиминин кулашы Сириянын туңгуюкка кептелишин түшүндүрөт. Асад режими куласа Сирияда жана айланасындагы бардык мамлекеттерде жөөттөргө болгон душмандык (Антисемитизм) жогору даражага жетет. Бул качып кутулгус акыбет”,-деп билдирген.

Генерал Элиэзер Асад режимин куткарып калуу зарылдыгын эскертип, “Асад режими Израилдин Ортоңку Чыгыштагы кепилдиги. Израил Асадга түз же кыйыр түрдө курал-жарак аркылуу жардам беришке мажбур”, деп жазган.

“Гаарец” газетасы чыгарган кабарларда: “Сирия режими региондогу Израил душмандарын жетектөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эң негизги күч болуп эсептелет. Эгер Асад режими куласа, ал жердеги куралдуу топтор Израилди жок кылуу үчүн колдорунан келген аракетти кылышат”,-деп айтылат.

Элиэзердин баса белгилешинче, Израил өкмөтү Асаддын Иран жана Хизбуллах менен болгон алакаларына көз жумушу зарыл.

Изрилдик журналист Жеки Хуги: “Израил Асаддын  аркасында турушу лазым” деген макаласында, Асад режими Израилдин бар болушуна кепилдик экенин тилге алды. Ал: “Израилдин бирден-бир кепилдиги Асад режими. Дал ушул максатта Израил Асад режимине жардамчы болушу шарт”,-деп кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here