Арзанчылык жыргалчылыктын белгисиби?

314
0

 Учурда Кыргызстанда кээ бир жашылча-жемиштердин баасы дыйкандар бул продукцияларды өстүрүү үчүн жумшаган каражаттардын жарымын да актабай турган даражага түшүп барууда. Мал чарбасына адистешкен фермерлер багып семирткен жандыктардын баасы болсо берген жем-чөбүнүн баасына туура келбей жатат. Мунун натыйжасында  экономиканын негизи өзөгү болуп эсептелген дыйканчылык жана мал-чарба кризиске жүздөнүүдө. Бир тараптан карасаӊ бул абал элге пайдалуу. Ал эми ушул орунда эмне үчүн арзанчылыкка нааразы болушубуз керек деген орундуу суроо пайда болот.

Акыры өнүккөн мамлекеттерде бул продукциялар арзандыгын көрөбүзбү?

Иштерге туура назар таштайлы, акыры ал мамлекеттерде калктын көпчүлүк бөлүгү иштеп чыгаруу тармагы менен алек. Аларда завод жана фабрикаларда ак халат кийген жүз миңдеген адамдар кондиционери бар бөлмөлөрдө эмгектенишет. Айыл чарбасы менен алек болгон калк азчылыкты түзөт. Демек, Кыргызстандын проблемасы,анын экономикасы агрардык тармакка (айыл чарбага) негизделгендигинде. Кыргызстанда да иштеп чыгаруу жогорку технологиялуу биоинженерия жана геоинженерияга таянганда, мал чарба жана дыйканчылык да пайдалуу тармак болор эле. Ал эми экономикалык кризис жана жумушсуздуктун жогорку даражада экендиги себептүү бечара калк талаада иштеп жатат. Өнөр жайы жок болгон өлкөдө жашап жаткан дыйкан үрөндү да, тракторду да, жер семирткичтерди да ошол ири мамлекеттерден сатып алууда.

Ошондуктан да жайдын аптабына куйкаланып кыйынчылыкта мээнет кылган бир үй-бүлөнүн алты айда тапкан кирешеси, ак халат кийип алып салкын бөлмөдө иштеп жаткан адамдын бир айлык кирешесине да туура келбей жатат. Абал ушундай улана бере турган болсо жакынкы келечекте бай дыйкандар жана мал чарбасы бар адамдар да жакырчылык даражасына түшүп калышат.

 Экономиканын жакшы экендиги баалардын төмөндүгү менен эмес, тескерисинче ушул баага калктын кудуреттүү болушу менен өлчөнөт. Тыянак ушул, мамлекет башчылары жолдорду асфальт кылуу үчүн жумшалып жаткан каражаттарды завод жана фабрикаларды курууга иштетиши керек. Антпесе, Кыргызстан калкынын тапканы жолдорду асфальттоо үчүн берилген карыздарды төлөөгө же жашылча жемиштердин уругун сатып алууга кете берет.

Сазайи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here