Хизб ут-Тахрир мубарак рамазан айынын алгачкы жума күнүндө бир нече мамлекеттерде “Улуу Үммөт жүрүшүн” уюштуруп, Ислам үммөтүнөн, айрыкча күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылган эле. Кудум ошол эле күнү Халифалыктын акыркы борбору болгон Стамбул шаарында да оӊ беш миӊден ашуун адамдын катышуусунда үлкөн жүрүш уюштурулду жана Сарачхана аянтында басма сөз баянаты окуп уктурулду.
Иш чарага жетип келген жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жогорудагы окуяны кожоюндарынын талаптарына ылайык ар түрдүү ачыктоо менен өздөрүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп коюшту. Сөз Ислам жана мусулмандардын ойгонушу жөнүндө болгондо, алардын “бейтараптык”, “калыстык” сыяктуу даабаларды бир четке сүрүп коюшу ашкере болуп калды.
“Anadolu” маалымат агенттиги бул жүрүштү “Хизб ут-Тахрирдин Улуу Үммөт жүрүшү” деген тема астында ачыктаган болсо, “Cihan” маалымат агенттиги “Өздөрүн Хизб ут-Тахрир деп атап алган бир топ Халифалыкка даъват кылды”, деп кабар таркатты.
“Улуу Үммөт жүрүшү” дос-душмандын көз алдында он беш миӊден ашуун адамдардын катышуусунда ишке ашканына карабастан, “Doğan” маалымат агенттиги иш-чаранын катышуучулары эки миӊдин тегерегинде деп кабар таркатты. Белгилүү тележурналист Жунайт Өздемир полициянын мусулмандарга каршылык көрсөтпөгөнүн сындады.
“Кечээ Стамбулда жума намазынын кийин эки миңге жакын адам Халифалыкты каалайбыз деп жүрүш өткөрдү. Алар колдорунда Ислам байрагын көтөрүп, жолдордо автомобиль тыгыны пайда болушуна себеп болушту, бирок ошого карабастан, полиция аларга каршылык көрсөтпөдү. Эми бир ойлонуп көрөлү; эгерде колдорунда кызыл байрак көтөргөндөр бул жүрүштү ишке ашырса эмне болот эле? Эгерде жумушчулар, мугалимдер же экологдор бул жүрүштү ишке ашырсачы? Баарыбызга белгилүү болгондой, 2 саат эмес, 2 мүнөткө жетпестен, көздөн жаш агызуучу газдар жана камакка алуулар жүз берет болчу. Бирине 2 саатка уруксат берип, экинчисине 2 мүнөткө да мүмкүнчүлүк бербесеӊер, демек, Халифалык эч качан кайтып келбей турган бул мамлекетте демократиянын да жаназасын окуй баштапсыӊар”, – деди Жунайт Өздемир.
“Dicle” маалымат агенттиги таркаткан кабар болсо баарынан ашып түштү. Ал таркаткан кабарын “ИШИМ Стамбулда Халифалыкка чакырды” деген тема менен жарыя кылды. Бул да жетишпегендей, Тавхид калимасы жазылган ак жана кара байрактарды “Хизбуллахтын байрактары” деп сыпаттады. Калган бардык агенттиктер кабарларды мына ушулардан көчүрүп таркатышты.
Хизб ут-Тахрирдин басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар бул иштерге төмөнкүдөй мамиле билдирди;
“Он беш миңден ашуун мусулмандар катышуусунда Фатих мечитинен Сарачхана аянтына чейинки жүрүшүбүздө бирер жанга же бирер коомдук мүлккө зыян жеткирилбеди. Айрыкча, бир сааттан ашык жүрүштө жана майданда берилген билдирүүдө эч бир тарап акаарат кылынбады. Бул иш-чараны өткөргөн Хизб ут-Тахрир тарабынан бирер адамга же өсүмдүккө, жандуу же жансыз бирер нерсеге таптакыр зыян жеткирилбеди, зыян жеткирилбейт дагы. Ушул күнгө чейин жүздөгөн жүрүштөрдү, конференцияларды жана түрдүү иш-чараларды өткөрдүк. Хизб ут-Тахрир эч бир ишмердүүлүгүндө тартипсиздик жана башаламандыкка жол берген эмес. Эми мубарак рамазан айында орозо кармаган мусулмандарга полиция каршылык көрсөтпөгөнүнө тынчсызданып жаткан адамдардын же бул чындыктардан таптакыр кабары жок, же биздин иш-чарабыздан өздөрүнүн ыпылас саясаттарына пайдаланып калышмакчы. Ошондуктан да жүрүшүбүздү 2 миӊ адамдын катышуусунда өткөн кичинекей иш-чара кылып көрсөтүүгө о.э. Хизб ут-Тахрирди да этибарсыз кылып көрсөтүүгө аракет кылышты. Ошого карабастан, биздин кызуу кайрылуубуз – Алхамдулиллах – мусулмандарды кубантты, үмүттөрүн ойготту жана алардын өздөрүнө болгон ишенимин көтөрдү. Аллахтын алдындагы көркөм амал да, дал мына ушунун өзү”.