Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жайдын ысык күндөрүнө туура келген рамазан айында оор иш кыла турган жумушчулар орозо кармабай коюшу мүмкүн экендигин билдирди. Бул үчүн ал Тажикстан мамлекеттик уламалар кеңешинен фатва чыгарып берүүнү сурады.
Эмомали Рахмон мамлекеттик телевидение аркылуу чыгып, рамазан айы фазилат, ибадат жана рахмат айы экендигин эскертүү менен адамдарды сабырга, берешендикке жана келечектен үмүттөнүүгө чакырды. Рахмон өзүнүн сөздөрүнө Бакара сүрөсүнүн 185-аятын кошумча кылып, сапарда болгон, же оорулуу болгон, же майып болгон адамдар орозо кармоону кечиктириши мүмкүн экендигин айтып өттү.
Ушундай көрүнүштө сөзүн уланткан тажик президенти жайдын ысык күндөрүндө дыйкандарга жана айрым оор жумушта иштеген адамдарга орозо кармоо оор болушун баса белгилеп өттү. Ошол себептен улам, ал мамлекеттик уламалар кеңешин ушул тайпадагы адамдар үчүн орозо тутпастык жаиз экендигине тиешелүү фатва чыгарып берүүгө чакырды. Президенттин айтымында, Ханафий мазхабында жайдын ысык күндөрүндө оор эмгек кылуучуларга жеӊилдик бар. Ошондуктан, карылар, майыптар жана оорулуулар менен бир катарда дыйкандар жана оор жумушта иштегендер рамазан орозосун кармабаса да боло берет.
Тажикстан президенти өз кайрылуусунда жаштарды да этибардан четте калтырбады. Ал бүтүндөй мамлекет жаштарын “экстремисттик” топторго кошулуп кетпестикке чакырды.