Өткөн аптада электр энергиясынын баасы көтөрүлүшүнө каршы Армениянын борбору Ереванда башталган нааразылык акциялары уланууда. Бир нече күндөн бери өткөрүлүп жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары президент менен жолугушуудан баш тартышты. Демонстранттар президент Серж Саркисян жолугушуунун ордуна телевидение аркылуу эфирге чыгып, электр энергиясына кошулган бааны бекер кылышын талап кылды.
23-июнь күнү эрте таӊда полиция демонстранттарды суу бүркүгүчтөр жардамында таркатып жиберген жана 200 гө жакын адамды камакка алган эле. Бирок, демонстранттар кайрадан чогулуп полиция күчтөрүнө каршы баррикадаларды курушуп, жерге отуруп алышты. Ал эми расмий өкмөт болсо демонстранттардын талабын аткаруудан баш тартууда.
Кабарларга ылайык, 1-августтан баштап электр энергияга болгон баа 16 пайызга көтөрүлүп, 1 АКШ долларына барабар болушу мүмкүн. Расмий маалыматтарга ылайык, 2006-жылы Россиянын “Интер РАО ЕЭС” компаниясы “Армения электр тармактары”нын 100 пайыз акциясын сатып алган.
Туркистон:
Кудум Кыргызстан сыяктуу эле Армения да үстүбүздөгү жылдын башында Россия жетекчилигиндеги Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон эле. Мүчө болушунун артынан электр энегриясынын баасы бир нече эсеге көтөрүлүп, натыйжада нааразылык акциясына алып келди. Жүз берген бул кырлдаалдан АКШ өнүмдүү пайдаланып калууга аракет кылат. Демонстранттар күч менен таркатып жиберилишинин артынан көптөгөн батыштык маалымат каражаттары бул тууралуу жар салууну баштап жиберишти.
Армения өкмөтүнүн демонстранттардын талабын аткаруудан баш тартып жатканы да бекеринен эмес. Себеби , кудум “Кыргызгаз” компаниясы Россиянын “Газпром” компаниясына 1 АКШ долларына сатылганы сыяктуу, “Армения электр тармактары” да Россияга караштуу компаниянын колунда экен.
Учурда Кыргызстанда да “Кыргызгаз”ды 1 долларга сатып алган “Газпром” компаниясы бир жыл сүкүт сактагандан кийин газдын баасын көтөрүү маселесин көтөрүп чыкты. “Газпром Кыргызстан” компаниясы 24-июнь күнү газдын баасын көтөрүү боюнча премьер-министр Темир Сариевге сунуш киргизди. Мейли, расмий өкмөттүн өкүлдөрү “газдын баасын белгилөө биздин колубузда” деп оозун толтуруп жаткан болсо да, газ менен камсыздоону толук монополия кылып алган “Газпром Кыргызстан” белгилеген баага көнүүдөн башка айла жок. “Газпром Кыргызстан” болсо баа төмөн экендигин шылтоолоп, газдын баасын ай сайын 3-5 пайыздан көтөрүп барууну сунуштап жатат. Расмий өкмөт да газ тарифтерин кайрадан көрүп чыгууга ыраазы болду жана беш жылга болжолдонгон тариф саясатын даярдоого о.э. атайын жумушчу топ түзүүгө аракет кыла баштады.
“Газпром Кыргызстан” баа төмөн деген дааба менен газдын баасын көтөрүү аракетинде болсо да, түпкүлүгүндө Кыргызстанга жеткирилип жаткан газ Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге салыштырганда эки-үч эсеге кымбат экен. “Взгляд” газетасынын маалыматына ылайык, 1000 куб метр газ Россияда 5100 рубль, Казакстанда 3700 рубль, Белорусияда 6100 рубль, Кыргызстанда болсо 13 784 сомго барабар. Бүгүнкү күндө рубль менен сомдун куну дээрлик бирдей эле болуп калган.