19 жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Казакстанда Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ушуга байланыштуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев элге кайрылуу жасады.
“Бүгүн Женевада жумушчу топтун акыркы жыйыны болуп өттү, анда Казакстандын Эл аралык соода уюмуна мүчө болушу туурасындагы сүйлөшүүлөрдүн аяктаганы расмий түрдө жарыя кылынды. Бул биз үчүн тарыхий окуя болду. Казакстан уюмга мүчө болгон 162-мамлекет болду. Дүйнөнүн бардык ири экономисттери Казакстанды жакшы инвестициялык чөйрөгө ээ, соода саясатын эл аралык укуктук өлчөмдөргө ылайык жүргүзө турган мамлекет деп тан алды”, – деп айтылат кайрылууда.
Назарбаевдин пикиринче, уюмга мүчө болуу мамлекеттин алдына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет, ошону менен бирге, жергиликтүү иштеп чыгаруучулар үчүн уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттердин ички базарына эшиктер ачылат.
Өз кезегинде, Дүйнөлүк соода уюмунун өкүлү Мелисса Бегаг, эгерде бардык юридикалык расмийчиликтер аяктаса, Казакстан 2015-жылдын акырында Дүйнөлүк соода уюмунун толук кандуу мүчөсүнө айланышы мүмкүн экендигин билдирди.
Маалымат үчүн айта кетсек, расмий Астана Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуу туурасындагы арызды 1996-жылы 29-январда берген эле. 19 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин 10-июнь күнү мамлекеттин уюмга кошулуу шарттары туурасындагы сүйлөшүүлөр аяктады. Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушу боюнча документтер пакети долбоору уюмдун жумушчу тобуна расмий тастыктоо үчүн 22-июнь күнү тапшырылышы керек болчу.
“Эгерде бардыгы пландаштырылгандай кетсе, анда алар жылдын соӊуна барып расмий түрдө Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсүнө айанышы мүмкүн”, – деди Бегаг 22-июндагы жыйында жумушчу топтун бардык 52 мүчөсү документтер пакетин макуладаганын айтып.
Казакстанга 31-октябрь күнү документтерди ички ратификациядан өткөрүү сунушталды. Ратификациядан 30 күн өткөндөн кийин гана ал расмий түрдө Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсүнө айланышы мүмкүн.