Кыргызстан өкмөтү кайсы жакты көздөй бара жатат?

347
0

Бисмиллахир Рохманир Рохим

Кыргызстан өкмөтү кайсы жакты көздөй бара жатат?

Биз, Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир жамааты Кыргызстанда жүз берип жаткан окуяларды калыс ачыктоо аркылуу расмий бийликти жана карапайым калкты сергек болууга, саясий кырдаалды туура түшүнүү аркылуу колонизатор мамлекеттер тарабынан коюлуп жаткан тузактардан сак болууга тынымсыз чакырып келе жатабыз.

Бүгүнкү күндөр Кыргызстан республикасынын жогорку жетекчилиги үчүн өтө эле оор тандоо доору болуп калды. Бир тарапта АКШ кызыкчылыктары турган болсо, башка жакта Россия кызыкчылыктары турат. Америка Россиянын кеңейип дагы кайрадан мурунку кубатына кайтышын жана дүйнөлүк саясатта өз ордуна ээ болушун таптакыр каалабайт. Россия болсо мурунку СССРдин кубатын тикелөө үчүн албетте кеңейиши, өзүнүн мурунку колониялары болгон 15 республика жана автономиялуу республикаларды өз канаты астына бириктириши, Европа ичиндеги аскерий базаларын кайрадан курушу керек болот. А бирок, мунун мүмкүнчүлүгү жок. Себеби, СССР мабдаий мамлекет болгон, Россиянын болсо дагы кайрадан коммунистик мабдага кайтуу мүмкүнчүлүгү жок. Тышкарыдан колдоп-кубаттай турган бир да мамлекет калбады. Тышкарыдан экспорт кылынган капиталисттик (демократиялык) мабда болсо АКШ жана Батыш мамлекеттеринин кызыкчылыктарына гана кызмат кылат.

Россия демократиялык мабдадан да баш тарта албайт, себеби, Ислам мабдасынан башка түзүм катары кабыл ала турган жана колдоно турган бир да мабда калбады. Орус өкмөтүнүн Ислам мабдасын кабыл албастыгы болсо ачык-айкын. Мунун себеби, Россия өкмөтү курулган күндөн баштап Ислам жана мусулмандарга душмандык кылып келет.

АКШ болсо Ислам жана мусулмандарды бүт дүйнөгө куник жана жырткыч кылып көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүгүндөгү бардык ыкма жана каражаттарды ишке салып келе жаткан болсо, Россия да андан калышпастыкка умтулуп, мусулмандарды дагы да коркунучтуу кылып көрсөтүүгө аракет кылууда. Алардын мындан көздөгөн максаттары биздин мамлекетке окшогон мамлекеттердин башчыларын өз чеӊгелинде кармап калуу үчүн бир нече багыттар боюнча көрсөтмөлөрдү беришет жана мамлекет башчылары, күч түзүмүнүн кызматкерлери өз калкына каршы бардык мыйзамдарды бузушса да көз жумуп турушат. Жетекчи мамлекеттер тарабынан коркунучтуу жана жырткыч кылып көрсөтүлүп жаткан жихадий топтордун кеңейишине да күч органдарынын өз калкына кылып жаткан зулумдары себеп болууда. Дагы да аныгыраак кылып айта турган болсок, терроризмге (Ислам жана мусулмандарга) каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн 10-бөлүмдүн кызматкерлери – булардын ар бирин атап чыгышыбыз да мүмкүн – жеӊил акча табууга киришип, арам акчаларга чөнтөктөрүн толтуруп жүргөнү бүгүнкү күндө эч кимге сыр эмес.

Жакынкы күндөрдөн бери АКШ жана Россия Афганистандын түндүк аймактарында т.а. Тажикстан жана Түркмөнстан менен чектеш аймактарда 6 миңден 12 миӊге чейинки согушкерлер чогулуп турганын тез-тез кайталап жатышат. Түпкүлүгүндө, мынча сандагы согушкерлер туруктуу армияга ээ болгон мамлекет үчүн эмне деген нерсе. Бирок, иштин башка тарабы бар, т.а. согушкерлер чегараны бузуп кирери менен алардын саны бир нече эсеге көбөйүп кетиши мүмкүн. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?

Буга АКШ жана Россия көрсөтмөлөрү негизинде аракет кылып жаткан жергиликтүү күч түзүмдөрү тарабынан, ошону менен бирге, 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан өз калкына карата ишке ашырылып жаткан зулумдар себеп болот.

10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан көчө-көчөдө кол телефондорунан пайдаланып бара жаткан жаштардын колунан телефондорун тартып алуу, түрдүү жалаа менен жана соттун чечимисиз, мыйзамсыз кармап туруу көрүнүштөрү күндөн-күнгө көбөйүп бара жатат. Мыйзамсыз камакка алынган жигиттерден, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуу аркылуу, 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча өндүрүп жатканына күбө болуп жатабыз. Адамдардын арасында “MEGACOM” компаниясына карата ишеним жоголуп барууда. Бул компаниялар 10-бөлүмдүн кызматкерлери менен кызматташып жатабы, же компания жетекчисинин мындан кабары жокпу? Же 10-бөлүм кызматкерлеринин мына ушундай иш-аракеттеринен мамлекет башчылары кабарсызбы, же билишсе да көз жумуп жатышабы?

Түштүк региондогу милиция жетекчилери мындан кабарсызбы, же бул топтор менен шерикпи? Кантип эле мамлекет башчылары, милициянын жетекчи жана кызматкерлери мындай кылмыштар кандай натыйжага алып барышы жөнүндө ойлонушпайт.

Зулум жек көрүүнү күчөтөт, жек көрүү болсо өкмөткө каршы аракеттерди келтирип чыгарышы мүмкүн. Аллах сактасын, Кыргызстандагы теӊ салмактуулук бузулгудай болсо, дал ушул милиция кызматкерлери калкты таштап, баарынан мурда качып кетишет. Биз мындай адамдарды улут жана мекен чыккынчылары деп атайбыз. УКМК кызматкерлери муну жакшы түшүнүшөт деп ойлойбуз.

АКШ жана Россия ортосундагы күрөш токтогон жок, тескерисинче, күчөп барууда. Алардын өз ара күрөштөрү болсо өз аймактарында эмес, бизде жана бизге окшогон мамлекеттерде болот. Ошондой болгон соӊ расмий өкмөт да, күч түзүмдөрү да ири мамлекеттердин буйруктарын аткаруу аркылуу өкмөт менен калктын ортосундагы жараканы ого бетер кеӊейтүүнүн ордуна, калк менен, анын туйгу жана баалуулуктары менен эсептешүү аркылуу өз ара боордоштук жана ишеним рухун пайда кылышы керек болот.

Сайфуллах

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here