АКШнын башкы штаб башкармалыгынын жетекчиси генерал Мартин Демпси Сирияда болуп жаткан согушта Башар Асад армиясы алсырап калгандыгын жана мындан кийин чабуулдан коргонууга өтүүгө мажбур болуп жаткандыгын билдирди. Демпси бул тууралуу АКШнын Жакынкы Чыгыштагы стратегиясы боюнча уюштурулган өкүлдөр палатасынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Асад үчүн эӊ жакшы жол – бийликти муътадил (демократияны жактоочу) оппозицияга тапшыруу.
Ошол жыйында сөз сүйлөгөн АКШнын коргоо министри Эштон Картер Сирияда Асаддын алсырап калгандыгы туурасындагы кабарлар бар экендигин айтып, Сирияда жаңы өкмөт түзүүнү каалай тургандыгын билдирди. Картердин айтымында, жаңы өкмөттүн курамында Асадга орун берилбейт жана бул мүмкүнчүлүктүн алкагындагы иш.
“Мунун мүмкүнчүлүгү бар. Себеби, Асад күчтөрү бир кыйла алсырап калды. Өтө чоӊ жоготуулар болууда. Запастары да түгөнүп бара жатат”, – деди АКШнын коргоо министри.
Сирияда болсо Башар Асад БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү менен жолугушуусу учурунда бүт дүйнөнү “Террор” (Ислам) коркунучунан сак болууга чакырды.
Башар Асад Сириянын расмий телеканалы аркылуу берген билдирүүсүндө: “Коопсуздукка жана туруктуулукка карата “Террор” (Ислам) туудуруп жаткан коркунучтан бүт дүйнө жүзү сак болушу керек. “Террорист”терди (Мужахиддерди) колдоп-кубаттап жаткандарга каршы позицияны кармануу зарыл”, – деди.
Учурда Дамасктын батышында жайгашкан Кунейтра аймагында Асаддын күчтөрүнө каршы согушуп жаткан жети оппозициялык топ бириккендиги кабарланууда. Жабхатун Нусра, Ахроруш Шам жана Шам шейиттери сыяктуу белгилүү жамааттар да ушул топко биригишкен.
Мындан мурда Жабхатун Нусра жамааты билдирүү таркатып, Идлибди Асаддын колунан тартып алган Фатх тобу сыяктуу бир топ түзүүгө чакырган эле.