Ташкентте терроризмди каржылоого каршы күрөшүү маселеси талкууланат

“kun.uz” сайтынын кабар беришинче, 21-май күнү Ташкентте терроризмди каржылоо жана кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга каршы Евразия тобунун  22-жалпы жыйыны өткөрүлөт.

 Ушул жалпы жыйында Евразия тобунун мүчөлөрү болгон Өзбекстан, Белорусия, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин делегациялары о.э. күзөтүүчү уюмдардын өкүлдөрү катышат. ШКУнун терроризмге каршы аймактык бөлүмү, СНГнын антитеррор борбору, ЕККУнун өкүлдөрү о.э. Италия, АКШ, Польша, Франция жана Черногориядан келе турган делегациялар күзөтүүчү делегациялар болуп эсептелишет.

 Жалпы жыйындын алкагында тараптар Евразия тобунун алкагында терроризмге каршы күрөштү күчөтүү маселесин карап чыгышат. Ар бир мамлекетте “мыйзамсыз акчаларды легалдаштыуу” жана терроризмди каржылоо абалдарына каршы күрөшүү маселелери талкуунун негизи болушу күтүлүүдө. Мындан тышкары, тараптар терроризмге каршы күрөштө өз ара кызматташтыкты күчөтүү маселелерин карап чыгышат.

 18-май күнү ушул жыйындын алдында жумушчу топ өз ишин баштады. Өзбекстан терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы Евразия тобуна 2005-жылы мүчө болгон. Башкы прокуратуранын алдындагы салык, валютага тиешелүү кылмыштарга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү Евразия тобу туурасындагы келишимди ишке ашыруу боюнча жооптуу болуп эсептелет.

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

3 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

7 days ago