Коомдук жайларда муслима аялдардын хижаб менен жүрүшүнө жана эркектердин сакал коюшуна тыюу салынган Тажикстанда дагы бир Исламий көрүнүшкө тыюу салынганы жатат. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жаш балдарга Исламий ысым коюуга тыюу сала турган мыйзам долбоорун даярдоонун үстүндө иштөөгө буйрук берди.
“EuroAsianet” маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, президент Рахмон мамлекеттик жыйында ушул тууралуу тапшырма берген. Тажикстан адилет министрлиги тарабынан берилген билдирүүдө айтылышынча, бул мыйзам бардык чет тилдердеги аттарга тыюу салууну өз ичине алат. Мыйзам иш жүзүндө аткарылышы менен арабча ысымдар менен бир катарда башка чет тилдердеги ысымдардын да балдарга коюлушуна тыюу салынат. Адилет министрлигинин билдирүүсүндө жаш балдарга ысым тандоодо кыйналгандар үчүн “ысымдардын тизмеси” даярдалышы өзгөчө баса белгиленди.
Бул мыйзам акыркы кездерде көбөйүп бара жаткан Исламий ысымдардын жаш балдарга коюлушунун алдын алуу үчүн чыгарылып жатканы айтылууда. 98% калкы мусулмандардан турган мамлекетте бул мыйзам нааразылыктарга себеп болушу мүмкүн. Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, бул мыйзам иш жүзүндө аткарылышы үчүн алгач арабча ысымга ээ болгон президенттин өзү атын өзгөртүшү керек.
Ислам жана мусулмандарга олуттуу көрүнүштө чабуул баштаган бул мамлекетте 18 жашка чыга элек адамдардын мечитке барышына, эркектердин сакал коюп жүрүшүнө жана муслима аялдардын хижаб кийип жүрүшүнө алда качан эле тыюу салынган.
Туркистон:
Эмомали Рахмондун абалы да кудум эле кошуна мамлекеттердеги режимдердин абалы сыяктуу. Муну кыскача, “Ыштаны жок адам чөптөн коркот” деген макал менен сүрөттөөгө болот.
Бул наадандардын Исламга жана мусулмандарга каршы кылып жаткан аракеттери, түпкүлүгүндө эл аралык системага каршы же андан коргонуу максатында жүргүзүлөт.
Эл аралык таасир күчүнө ээ болгон бир катар куфр мамлекеттери Ислам динин туура эмес үгүттөөнүн артынан бир катар өлкөлөрдү колония кылып алышты, же ушундай жол менен бири-биринен белгилүү бир өлкөлөрдү тартып алуу максатында мусулмандар аралык согуштарды уюштуруп келе жатышат.
Алар ушул максаттары жолунда Саудиядагы жана дагы башка бир катар исламий өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлардан баштап орто билим берүүчү мектептерге чейинки исламий билим берүү программасын сунийпарастык негизине куруп, Шиъа мазхабына каршы багыттады. Шиъалар жашаган өлкөлөрдө болсо, кудум ушунун тескери үгүттөрүн өнүктүрүп, аларды суннийлерге каршы багыттап жатышат. Дагы ал студенттер фанат болушу үчүн, мазхаб карманбастыкка үгүттөөчү билим берүү ыкмасын ойлоп табышты. “Ислам мамлекети” уюму өнүктүрүп бара жаткан “такфир” түшүнүгү жана жалпысынан ушул уюм жүргүзүп жаткан үгүттөө иштеринин негизи да мына ошол куфр таасири астында иштелип чыккан жогорудагы билим берүү программасынын жемиштеринен болуп эсептелет.
Ошондуктан, Э. Рахмон жана анын кошуна мамлекеттердеги кесиптештери куфрду ыраазы кылуу үчүн же ал уюштурушу мүмкүн болгон Ислам чүмбөтү астындагы фитналардан коркуп, Ислам жана мусулмандарга каршы аракет кылышат. Алар бул иштерин өз ишенимдеринен келип чыгып, Ислам динине каршы болгондуктан эмес, тескерисинче куфрдан коркуп аны ыраазы кылуу үчүн баштаган эле. Бирок, кийинчерээк алардын бул күрөшү өнүгүп, Каримов жана Рахмондор сыяктуу, артка жол калбай турган даражада күчөп кетти. Эми аларга эч кандай куфрдун түрткүсү керек эмес. Алар эми өз креслолору үчүн тынымсыз аракеттенүүчү куфр кызыкчылыктарынын огородуна айланып калышты. Алар сакал, хижабдан эле эмес, ал тургай исламий ысымдардан да тынчсыздана турган даражага түшүп калышты.
Куфр ушундай жол аркылуу эки коёнду бир ок менен атып алгандай болду. Биринчиден, Тажикстан бийлигин өз жарандарына т.а. мусулмандарга каршы тынымсыз аракеттенүүчү күчкө айландырып алган болсо, экинчи тараптан, өз кызыкчылыгына туура келип калышы менен мусулмандарды өкмөткө каршы оӊой гана аракетке келтирүү мүмкүн болгон өтө чоӊ кубатка айланып баруучу чөйрөнү жарата алды. Каримов жана Рахмон кудум бир минаны буту менен басып алган аскерди эске түшүрөт. Алар ушул баскан абалында канча тура алышын өздөрү да билишпейт.