АКШ Кыргызстанга дипломатиялык жүктөрдү алып келүүнү улантып жатат

344
0

АКШ Кыргызстанга дипломатиялык жүктөрдү алып келүүнү улантып жатат

 “5 – канал”дын жаӊылыктар программасы Кыргызстанга АКШнын кезектеги дипломатиялык жүгү келиши туурасында кабар таркатты. Мындан тышкары, Кыргызстан бойлоп кандайдыр белгисиз адамдар тарабынан коомчулукту провокация кылуу максатындагы аракеттер болгондугу айтылды. 9-май күнү социалдык тармактар аркылуу бир катар террористтик иштер пландаштырылганы жөнүндө виртуалдуу коркутуулар таркатылды. Коопсуздук кызматтары жана милиция кызматкерлери бул аракеттердин алдын алуу үчүн дээрлик эч кандай иш-чараларды колдоно алышпады.

 “Бул аракеттер Кыргызстан өкмөтү үчүн бир эскертүү болду” деп айтсак аша чапкан болбойбуз. Социалдык тармактарда иш жүргүзгөн бул топ жана аларды багыттоочу күчтөр Кыргызстан коомунун канчалык алсыз жана туруксуз экендигин далилдеп бермекчи болушту. Бул бир машыгуу сыяктуу операция болушуна карабастан, таасир күчүнө караганда өтө чоӊ коркунучтуу аракет пайда болуп жатканынан кабар берет.Викиликс (Wikileaks) окуяларын эстеп көрүӊүз. Социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан маалыматтык чабуулдар реалдуу турмуштагы шарттарга бекем байланган болот. Мисалы, Кыргызстан коомчулугун пикирий же иш жүзүндө бир тарапка аракеттендирүү үчүн алгач виртуалдуу дүйнө аркылуу турмушта болуп жаткан реалдуу окуялар жана андагы адилетсиздиктер таркатылат. Ошондон кийин, андан кутулуу чараларын табуу максатында коомчулук үчүн кеӊири талкуу майданы жаратылат. Ошондуктан, зулум күчөшүнүн артынан социалдык тармактар аркылуу маалыматтык күрөш да тездик менен өнүгүп бара берет.

 Кыргызстан мамлекети куфр саясатчыларынын кеӊештери менен социалдык тармак жана бул тармактагы адамдарды көзөмөлгө алууну күчөтүү аркылуу жеке адамдарга каршы күрөшө баштады. Бул туура эмес жана натыйжасыз күрөш ыкмасы болуп, мамлекетти жарандарынан ого бетер алыстатат. Эгерде туура болгондо Батыш мамлекеттери өздөрүнүн өлкөлөрүндө ушул ыкманы колдонот болчу. Себеби, социалдык тармактар аркылуу таркатылып жаткан бардык пикирлер белгилүү бир окуяларга негизделет. Негизинен бул окуялар мамлекет тарабынан жарандарга каршы жүрүгүзүлүп жаткан зулумдардын айланасында өнүгөт. Куфр системасы өкүлдөрүнүн ар бири Кыргызстандагы ушул дүйнөлүк социалдык тармактарды колдонуу менен региондогу белгилүү бир кызыкчылыктарына жетишип алууну көздөшөт. Бул тармакка карата же анда катышып жаткан жарандарга каршы күрөш болсо ошол (үчүнчү күч) куфр өкүлдөрү үчүн өтө чоӊ мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылып берет. Себеби, зулум – зулумду гана күчөтөт.

 Ошондуктан, Кыргызстан өкмөтү өз жарандарына каршы барууну токтотуп, тескерисинче, өзүнүн реалдуу турмуштагы бир нече каталарын кайрадан карап чыгышы керек. Алар өз жарандарына жакындашып, эл аралык куфр системасынын айла-амалдарынан алысташы керек. Исламий өлкөлөрдөгү жетекчилердин  дээрлик бардыгынын абалы Кыргызстан өкмөтүнүн абалына окшойт. Демек, алардын бардыгы үчүн проблемаларынын чечими бир болуп, бул иш куфрдун кеӊешинен баш тартуу менен башталат.

 Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here