Кыргызстанга расмийлер келиши уланууда

356
0

Кыргызстан Куралдуу күчтөрү Башкы штабынын маалымат кызматынын кабар беришинче, Кыргызстанга Түркия куралдуу күчтөрүнүн 7 генерал жана адмиралдары таанышуу сапары менен келишти. 12-май күнү Башкы штабдын жетекчиси Асанбек Алымкожоев түрк делегациясы менен жолугушту.

 Түрк делегациясынын мүчөлөрү Башкы штаб жана Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Бишкек гарнизонунун жетекчи офицерлери менен жолугушуудан тышкары “Кант” авиабазасы, “Манас” кыргыз-түрк университети жана “Дастан” компаниясына баруу ниетинде экендиктери кабарланууда.

 Маалымат кызматынын кабарында: “Сапардан көздөлгөн негизги максат, эки тараптуу аскерий жана аскерий-техникалык кызматташтыкты кеӊейтүү жана күчөтүү о.э. эки мамлекеттин Куралдуу күчтөрү ортосундагы маданий алакаларды жолго коюудан турат”, – деп айтылат. Түркия аскерийлери 15-май күнү кайтып кетишет.

 Түрк аскерийлери жөнөп кетишинин артынан Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф 20-21-май күндөрү расмий сапар менен Түркмөнстан жана Кыргызстанга келет.

 Кабар бериишинче, сапардан көздөлгөн негизги максат, ТАПИ жана CASA-1000 деп аталган биргелешкен энергетикалык долбоорлорду талкуулашуудан турат.

 Жогорку даражадагы сүйлөшүүлөр учурунда энергия менен камсыздоо программаларын талкуулашуу пландаштырылган. Айрыкча, Пакистан өкмөтү 2018-жылга барып энергетикалык кризисти чечүү үчүн Түркмөнстандан газ жана Кыргызстандан электр энергиясын алууну көбөйтүү маселелери карап чыгылат.

 Түркмөнстандан сатып алынуучу газдын көлөмү Афганистан жана Пакистан аркылуу Индияга өтүшү пландаштырылган жаӊы газ түтүгүн (ТАПИни) ишке түшүрүүнүн эсебинен көбөйтүлүшү күтүлүүдө.

 Наваз Шарифтин Кыргызстанга уюштура турган расмий сапары учурунда жай мезгилинде иштелип чыгуучу электр энергиясын Пакистан жана Афганистанга алып өтүүчү (CASA-1000) долбоорун талкуулашуу пландаштырылганы кабарланууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here