Коргоосуз калган мусулмандар үчүн нааразылык жүрүшү ишке ашырылды

329
0

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты 10-май жекшемби күнү Исламдын душманы Каримов жана залим Россия өкмөтү менен Кытай өкмөтүнүн мусулмандарга карата колдонуп жаткан репрессивдүү саясатына каршы “Түркстанды коргоосууз таштап койбойбуз” деген аталыштагы жүрүш уюштурду. Активист жигиттердин демилгеси менен өтө тартипттүү көрүнүштө ишке ашырылган жүрүш күтүлгөндөн да көп адамдардын катышуусунда болуп өттү. Жүрүшкө “Yeni Akit” газетасынын журналисти Ахмет Варол, “Уйгур” маалымат агенттиги жана изилдөө борборунун жетекчиси Хамид Көктүрк, Стамбул тафкир институтунун жетекчиси Мустафа Шатироглу, Чыгыш Түркстан кыймылынын жетекчиси Хидаят Огузхан, өзбектер биримдигинин башкы катчысы Алибай Юляхшиев, жазуучу Абдуррахман Шон сыяктуу белгилүү адамдар да катышышты.

Сарачхана аянтында чогулган адамдар алдына сөзгө чыккан Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар Чыгыш Түркстан жана Орто Азия мамлекеттеринде уланып жаткан зулумдар жөнүндө сөз кылып, ал залим өкмөттөргө жакынкы күндөрдө тикелене турган Халифалык мамлекети алдында жооп беришин экертип өттү. О.э. Махмуд Кар Түркия мамлекетинин жетекчилерине кайрылып мазлум мусулмандарды жардамсыз таштап койбостукка чакырды.

Махмуд Кар Түркия бийлигин ээлеп турган адамдарга: “Палестинадан Өзбекстанга чейинки жана Сириядан Чыгыш Түркстанга чейинки мусулмандар сиздерди жардамга чакырууда. Силер алардын боордошу эмессиӊерби? Түркстанга жардам дегенде эстеликтерди оӊдоп-түзөөнү жана жолдорду курууну түшүнөсүӊөрбү? Же бул зулумдардан силердин кабарыӊар жокпу? Аллах жана Расулу үчүн алардан баш тартпагыла”, – деп кайрылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here