Имамдарга айлык берилет

335
0

 Мындан бир жыл мурда Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү негизинде “Ыйман” фонду түзүлгөн болчу. Ошол фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун “Азаттык” радиосу менен болгон маекте билдиришинче, ушул айдан (май айынан) баштап имамдарга айлык бериле башташы жана анын өлчөмү сегиз миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүн.

Анын айтымында, дин тармагында өкмөттүн сөзү өтүмсүз болуп калууда. Мунун себеби, дин кызматкерлерине эч нерсе бербей, жашоосуна кам көрбөй туруп, бирок мындай же тигиндей бол деп талап кылганда сөз бир аз өтүмсүз болуп калышы табигый нерсе. Ошондуктан, дин тармагындагы саясатты жөнгө салуу үчүн имамдарга жардам бериш керек. Анткени, алар айлык албаса, туруктуу кирешеси болбосо же бир эл менен иштеше албайт, же бир имамдык милдетин жакшы аткара албайт, же мамлекеттин көрсөтмөсүн, саясатын аткарууга көӊүлү болбойт. Ошондуктан, адегенде аларга айлык берели деп чечилген.

 Нуржигит Кадырбековдун билдиришинче, имамдарда үч шарт табылса гана аларга айлык төлөнөт. Биринчиси – имамдар аттестациядан өткөн болушу, экинчиси – алар иштеп жаткан мечиттер мамлекеттик каттоодон өткөн болушу, үчүнчүсү – “Ыйман” фонду уюштурган окуу программаларына катышкан болушу керек. Мындан тышкары, алар ханафий мазхабы жана Матрудий акыйдасын карманган имамдар болушу шарт.

Туркистон:

Элдин арасында, “Жеген ооз уялат” деген макал бар. Имамдар өкмөт өкүлдүгүнүн бир тармагына айландырылып жатат. Мындан эки максат көздөлөт.

Биринчиси:  Шайлоодо, алардын баары бийликтеги жетекчи партия үчүн кызмат кылууга мажбур болушат. Кудум бюджеттен айлык ала турган бардык интеллигенттер жана жумушчулар катмары сыяктуу.

Экинчиден: Ислам жана мусулмандарга каршы дүйнөлүк система тарабынан жүктөлө турган милдеттерди аткарууда ушул имамдар армиясынан пайдаланышат. Мында да мамлекетке көз каранды болгон жогоурдагы катмардагылар менен бир сапта турушат.

Бирок, өкмөттүн кол астындагы катмардын өкүлдөрүнө караганда бул диний адамдардын Ислам динине жеткире турган зыяны көбүрөөк болот. Себеби, алар куфрдун аракеттери үчүн исламий фатваларды чыгаруу менен мусулмандарды чалгытуу, аларды кайры исламий пикир жана аракеттерге ыраазы кылуу үчүн корлорчо иштетилишет. Акырында иштери бүткөндөн кийин, же саясат өзгөрүшү менен, кудум күзүндө айдап жибериле турган эшек сыяктуу кууп жиберилишет. Муну Өзбекстандын мисалында көрүп келе жатабыз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here