Сирияда Идлиб шаарын Асаддан тартып алгандан кийин дагы да илгерилеп бара жаткан Жихадий топтор эми Халаб шаарын толук ээлеп алуу үчүн күчтөрүн бириктирүүдө. Асад режимине каршы күрөшүп жаткан Исламий топтордон 20 жамаат дал ушул максатта биригип, 10 миӊдей адамдан турган аскерди түзүштү.
Ал-Жазира маалымат агенттигинин кабар беришинче, түрдүү фронттордо Жихадий топтордун илгерилеп барышы уланып, бир жарым жылдан бери Асад күчтөрү тарабынан курчоого алынган Халабга көӊүл бурулду. Арасында Ансорул Хилафа, Жабхатун Нусра, Ахроруш Шам жана Жайшул Ислам сыяктуу белгилүү жихадий топтор болгон бул жамааттар 10 миӊ адамга жакын аскер менен көптөн бери курчоодо кармалып жаткан Халаб шаарына чабуул баштоо үчүн даярдык көрүп жатканы айтылууда.
“Биринчи орунда аткара турган ишибиз убакытты өткөрбөстөн Халабды толук азат кылуу”, – деди ортоктош операция борборунун аскерий жоопкерчилиги жүктөлгөн полковник Ясир Абдуррахим.
Полковник Абдуррахимдин баса белгилешинче, жүргүзүлө турган аскерий операция маалында тынч жарандардын зыян тартышынын алдын алуу үчүн катуу аракет кылынууда. Анын айтымында, карапайым жарандар бул согуштардан көп жапа чегишти, мүмкүнчүлүк болушунча карапайым жарандардын зыян тартышынын алды алынышы керек.