Катардагы жолугушуудан натыйжа чыкпады

353
0

Афганистанда ич ара согуштарды токтотуу максатында афган өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Талибан кыймылынын өкүлдөрү катышуусунда Катарда уюштурулган жолугушуу натыйжасыз аяктады. Кабарларда келишинче, Талибан кыймылы АКШ аскерлеринин мамлекеттен чыгып кетишин талап кылган. А бирок, афган өкмөтү бул талаптарды аткарууну катъий  түрдө четке каккан.

Катар тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган расмий эмес жолугушууда Афганистандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдогон АКШ жана Пакистандан келген өкүлдөр да катышты. Талибан жооптууларынын бири жыйында Талибан тарабынан сегиз адамдык бир комитет катышкандыгын билдирди.

Аты ачыкталышын каалабаган Талибан жооптууларынын биринин билдиришинче, Талибан тарап койгон талаптар жыйынга катышкан адамдарга жазуу түрүндө сунушталган. Афган өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн талаптарына ылайык, Талибан тарап аларга “Боордошторубуз” деп кайрылышы жана Афганистан конституциясын моюнга алышы керек.

Талибан өкүлдөрүнүнүн баса белгилешинче, ырасында чет өлкөлүк аскерлер мамлекетти таштап чыгып кетишпеген соӊ, согуш активдүү улана берет. Афган өкмөтү болсо учурда мамлекетте афган аскерлерин машыгуудан өткөрө турган чет өлкөлүк командачылар гана калгандыгын айтып жатышат. Алардын айтымында, Талибан менен болгон күрөш аякташы менен алар да кыска убакыттын ичинде мамлекеттен чыгып кетишет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here