Түркмөнстанда мусулмандарды камакка алуу уланууда

313
0

“Хроника Туркменистана” сайтынын кабар беришинче, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Теженде камакка алынган адамдар менен байланышта болгон мусулмандарды камакка алуу уланууда, кармалгандардын жалпы саны 150 гө жеткен.

 Кармалгандардын бардыгы тергөө изоляторлорунда жана убактылуу кармоочу жайларда турушат.

 Мындан бир аз мурда, февраль айынын ортолорунда Ашхабаддан 200 км аралыкта жайгашкан Тежен шаарында “салттуу эмес” Исламга амал кылуучу ондогон мусулмандар кармалышкан, Улуттук Коопсуздук кызматы алар афган талибдери менен байланышта экендигин жана Түркмөнстан борборунда бир катар жардырууларды ишке ашырууга даярдык көрүшкөндүгүн билдирген эле.

 Кабар берилишинче, кармалган 150 адамдын 80и Тежен шаары жана ага жакын айылдарда жашаган мусулмандар, 20га жакыны Ашхабад шаарынан, калгандары болсо Түркмөнстандын башка аймактарынан.

 “Ушул иш боюнча Чоганлы шаарчасынан сакал койгон жана шаарчадагы үйлөрдүн биринде жайгашкан мечитке тынымсыз каттап келген (30 жашка чыга элек) 12 жигит кармалган. Учурда ошол үй да шаарчадагы башка үйлөр катары бузуп ташталган. Кармалган 12 адамдын жетөө кийинчерээк бошотулган, калган бешөө болсо тергөө изоляторунда кармалууда”, – деп кабар берди сайт.

 Туркистон:

Түркмөнстан “эгемендүүлүк”кө жетишкен алгачкы күндөн баштап бейтараптык саясатын колдонуп, ар кандай саясий жана аскерий союздарга мүчө болуудан четтеп келген болсо да, ички саясатта жеке адамга сыйынуу саясатын кеӊири колдоно баштаган. Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурад Ниязовдун “калемине таандык” “Рухнаме” китеби Түркмөнстандын орто жана жогорку окуу жайларында милдеттүү түрдө окутулган жана аны ар бир түркмөнстандык сатып алышы, окуп чыгышы, мектепти бүтүрүүдө жана жогорку окуу жайларына кирүүдө абитуриенттер ушул китеп боюнча экзамен тапшырышы, адамдар ант ичкен убакта Куран жана “Рухнаме” китебине колун коюшу, камактан чыгып жаткандар бул китепке ыйман келтириши талап кылынат эле. Ал тургай иш “Түркмөнбашы”нын пайгамбар деп аталышына чейин жетип барды.

  Сапармурад Ниязовго карата берилип жаткан мындай баага каршы чыккан түркмөнстандык диний улама Хожаахмад Оразклычев тежендиктер менен жолугушууда “массалык маалымат каражаттарында Сапармурад Ниязов пайгамбар деп аталып жаткандыгы мусулман ишенимине тескери” экендигин айткан. Ошондон кийин Түркмөнстан өкмөтү Оразклычев котормосунда түркмөн тилинде басылган 40 миӊ нуска Куранды өрттөөгө буйрук берген о.э. ага каршы алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу сыяктуу бир катар айыптоолор менен кылмыш иши козголгон.

 Бүгүнкү күнгө келип, Россия өкмөтү Түркмөнстандын  бейтараптык саясатынан баш тартышын талап кылууда о.э. аны ЖККУ, ШКУ сыяктуу өзүнүн таасири астында болгон аскерий жана саясий уюмдарга мүчө кылып алып кирүүгө олуттуу аракет кылууда. Россия өкмөтү өз максатына жетишүү жолунда АКШ тарабынан көтөрүлүп жаткан “исламий коркунуч” кампаниясынан пайдаланып калмакчы. Түркмөнстандын көптөгөн аймактарында февраль айынын орто чендеринен баштап мусулмандарга каршы башталган күрөш да 3-февраль күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Түркмөнстанга болгон сапарынан кийин башталгандыгы бекеринен эмес. Ошол сапарда негизги этибар Афганистандагы кырдаалды эсепке алган абалда, Борбор Азия региону о.э. Жакынкы Чыгыштагы абалдарга каратылган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here