Чичек: Россия биздин кадырлуу кошунабыз

339
0

Расмий сапар менен Россияга келген Түркия парламентинин төрагасы Жамил Чичек Москва шаарында Россия парламентинин жогорку палатасы федерациялык кеңешинин жетекчиси Валентина Матвиенко менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда Чичек Россия жана Түркия алакаларын дагы да өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Жамил Чичек Россиянын Түркия үчүн өтө кадырлуу кошуна жана маанилүү өнөктөш экендигин билдирип, эки мамлекет ортосундагы алакалар акыркы жылдарда үлкөн ийгиликтерге жетишкендигин баян кылды.

“Россия биз үчүн өтө кадырлуу кошуна жана өтө маанилүү өнөктөш экендигин билип коюшун каалайт элек. Түркия жана Россия ортосундагы алакалар өз аралык жагынан эле эмес, региондук жана дүйнөлүк жагынан каралганда да маанилүү алакалар болуп эсептелет”, – деди  Жамил Чичек.

О.э. Чичек Думанын жетекчиси Сергей Нарышкин менен да жолугушту. Дагы эки мамлекет ортосундагы алакалар маанилүү экендигине көӊүлдү бурган Чичек: “Биз бул алакаларды жогорку даражалуу алакалар деп этибар кылабыз. Бул болсо, ортодогу алакаларга байланыштуу бир кеңештин бар экендигинен да көрүнүп турат. Мындан кийинки жогорку даражалуу кеңештин жыйыны да Россияда болуп өтөт”, – деди.

Түркия парламентинин жетекчиси Жамил Чичек Украина окуялары жаатында Россияга карата колдонулган санкция туурасында да сөз кылды.

“Украинада жүз берген окуялар себептүү кээ бир мамлекеттер Россияга карата санкция киргизүү жолуна өтүштү. Ал эми Түркия буга кошулбады. Россия менен болгон алакаларын маанилүү деп эсептегени үчүн да өз позициясын өзгөртпөдү. Европа кеңешинде да Россиянын добуш берүү укугу талкууга коюлганда Түркиянын позициясында бирер өзгөрүш жүз бербеди. Мунун конструктивдүү аракет болбогондугун этибарга алып бул токтомго кошулбады. Ошол себептен улам, биз Түркия жана Россия алакаларына таасирин тийгизе турган жана өз ара алакаларда проблема пайда кыла турган саясаттан жана иш-аракеттерден алыс турдук. Мунун акысына досторубуздан да дал ушундай мамилени күтөбүз”, – деди Түркия парламентинин жетекчиси.

Өз кезегинде Россия федерация кеңешинин жетекчиси Матвиенко Түркиянын мындай мамилесине ыраазылык билдирди. Матвиенко орус калкынын бардык катмарлары Россия жана Түркия ортосундагы алакаларды дагы да тереӊдетүү каалоосунда экендигин баса белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here