Саудия муфтийи дин жана мекенди коргоого чакырды

338
0

Саудия королдугунун башкы муфтийи шайх Абдулазиз бин Абдуллах Саудия борбору эр-Риядда жайгашкан “Турки бин Абдулазиз” мечитинде кылган жума хутбасында жаңы муун өз дини жана мекени үчүн күчтүү калкан болушу керектигин баса белгиледи.

Саудияда улуу аалымдар биримдигинин жетекчиси милдетин да аткарып келе жаткан башкы муфтий бул үчүн мамлекет бойлоп бардык жаштар милдеттүү аскерий кызматка чакырылышын талап кылды.

Башкы муфтий жума хутбасында: “Биз коопсуздук ичинде жашап жатабыз. Бул болсо башкалар арзуу кыла турган улуу бир неъмат болуп эсептелет. Бул неъмат үчүн шүгүр кылышыбыз о.э. динибизди жана мекенибизди коргой алышы үчүн жаштарыбызды милдеттүү кызмат менен күчөтүшүүз керек”, – деди.

Бирок, башкы муфтий динге жана мамлекетке кайсы тараптан чабуул күтүлүп жатканы жана аларды кимден коргоо керектиги тууралуу айтпады.

Шайх Абдулазиз бин Абдуллах жаштардын адеп-ахлагын жана ыйманын бузууга о.э. мекен биримдигин талкалоого аракет кылып жаткан душмандарга карата этибарсыз болбостукту талап кылып: “Учурдагы бардык күрөштөрүбүз жаштарыбызды аскерий жана пикирий тарбия тармагында даярдоодон турушу керек…”, – деди.

Башкы муфтий өзүнүн сөздөрүн кубаттоо үчүн Аллах Субханаху ва Тааланын

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا خُذُوا حِذْرَكُمْ فَانفِرُوا ثُبَاتٍ أَوْ انفِرُوا جَمِيعًا

“Эй момундар, душмандан этият чараларын көрүп, согушка топторго бөлүнүп, же баарыӊар чогулуп чыккыла”, – деген аятын кошумча кылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here