Мисирде “Терроризмге каршы күрөштүн” алкагында жүрүп жаткан иш-чаралар жараянында бир нече Исламий сабактар мектептердин окуу программаларынан чыгарып ташталды. Алардын арасында Салахиддин Айюбий жана Укба Ибн Нафиъ сыяктуу Ислам каармандарынын тарыхий кыссалары да орун алган.
Мисирдин билим берүү министрлиги окуу программаларын кайрадан карап чыгып, “экстремизм жана зомбулукка үгүттөөчү о.э. саясий багыттарды өз ичине алган” деп табылган темаларды окуу программаларынан чыгарып таштады. Бул тууралуу, билим берүү министрлиги ушул маселе боюнча чыгарган билдирүүдө айтылды. Билим берүү министри Мухиб ал-Рафах да окуу программаларын кайрадан иштеп чыгуу комиссиясынын сунушуна ылайык “зомбулукту өз ичине алган” деп табылган темалар биринчи класстан баштап орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө чейинки окуу программаларынан алып ташталгандыгын тастыктады.
Мисирдин эң белгилүү газеталарынан болуп эсептелген “Мисирул явм” газетасы таркаткан кабарга ылайык, “экстремисттикке жана зомбулукка үгүттөөчү сабактарды окуу программасынан чыгарып таштоо” көз карашынан келип чыгып бир нече Исламий сабактар окуу программасынан чыгарып ташталган. Алардын арасында төмөнкүлөр бар:
Башталгыч мектептин үчүнчү классынын сабагынан “Бүркүттөрдүн акыбети”,
Башталгыч мектептин төртүнчү классынын сабагынан “Хананын арзуулары”,
Башталгыч мектептин бешинчи классынын сабагынан “Салахиддин Айюбий”,
Орто мектептин биринчи класс сабагынан “Укба ибн Нафиънин согуш тактикасы”.
“Бүркүттөрдүн акыбети” сабагында чыгарманын каарманы бүркүттү отко таштап андан өч алат. Бул түшүнүк ИШИМге таандык деген шылтоо менен ал окуу программасынан алып ташталды. Айрыкча, иорданиялык учкуч ИШИМ тарабынан өрттөп жиберилгендиги буга себеп кылып көрсөтүлүүдө.
Салахиддин Айюбий жана Укба ибн Нафиънин тарыхий кыссаларында болсо согуш жана жихад темалары “жагымсыз тема” деп табылган. Салахиддин Айюбийдин Куддусту кресттүүлөр ыпыластыгынан азат кылышы жана Африканын Укба ибн Нафиъ башчылыгындагы Ислам армиясы тарабынан фатх кылынышы окуучуларды экстремисттик жана зомбулукка үгүттөө деп бааланып, окуу программаларынан алып ташталганы айтылууда.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
View Comments
buy lasuna sale - diarex generic order himcolin without prescription
order generic gabapentin - buy sulfasalazine 500mg online order sulfasalazine 500 mg without prescription
cheap periactin 4mg - tizanidine 2mg cheap buy tizanidine 2mg generic
progesterone medication - purchase clomiphene pill order fertomid online cheap
buy estradiol 2mg generic - buy generic ginette 35 order anastrozole 1mg generic
deltasone 5mg canada - capoten tablet buy captopril