Саудия королу Абдуллах дүйнөдөн кайтты

346
0

Бир нече аптадан бери ооруканада дарыланып  жаткан Саудиянын падышасы король Абдуллах 91 жаш курагында көз жумду. 2005-жылы агасы Фатхтын ордуна бийликке келген король Абдуллах “террор”го каршы күрөштө о.э. нефть маселелеринде АКШнын стратегиялык шериктеши болуп эсептелет. АКШ президенти Барак Обама королдун өлүмүнө байланыштуу Саудия калкына жана королдун үй-бүлөсүнө көӊүл айтты. Обама аны “коопсуздук жана туруктуулук жолунда эки тараптуу мамилелерден чебердик менен пайдалана алган жетекчи” деп сыпаттады. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри да Америка жакын досунан айрылгандыгын билдирди.

 АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри: “АКШ жакын досунан айрылды. Жакынкы Чыгыш жана бүт дүйнө жүзү болсо жогору даражалуу жетекчиден айрылды. Абдуллах экстремизмге каршы күрөштө да, тынчтык демилгелерин көтөрүп чыгууда да биздин жакын өнөктөшүбүз болчу”, – деди.

Король Абдуллах ооруканда төшөктө жатып өлдү. Ал эми анын мамлекеттик байлыктардан топтоп алган 180 000 000 000 долларлык жеке байлыгы банктарда калып кетти. Король өзүнүн кайрылууларында “Эгерде Палестинага өз мамлекетин курууга жол коюп берилсе, Араб мамлекеттери лигасына мүчө мамлекеттер Израилди тан алат” деп чыккан эле.

Дүйнөдөгү нефть запастарынын 16 пайызына ээ болгон Сауд Арабиясы “Чоӊ жыйырмалык”ка жанан Эл аралык соода уюмуна мүчө о.э. ИШИМге каршы күрөш шылтоосунда Сириядагы мусулмандарды бомбалоо үчүн АКШ түзгөн коалициянын активдүү мүчөсү болуп эсептелет.

Король Абдуллахтан кийин анын тагын 48 жыл Эр-Рияд вилаятын башкарган 79 жаштагы иниси Салман ибн Абдулазиз Сауд ээледи. Саудия өкмөтү Салман ибн Абдулазиз коргоо министри болгон кезде “Ислам мамлекети” уюмуна каршы түзүлгөн Америка башчылыгындагы аскерий коалицияга кошулду.

Адистердин пикиринче, Саудиянын жаӊы королу Салман ибн Абдулазиз агасы Абдуллах жүргүзгөн саясатты улантат. Анын өзү да телевидение аркылуу элге кайрылып, король Абдуллахтын иштерин уланта тургандыгын билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here