ӨЗБЕКСТАН БОРБОР АЗИЯНЫН ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ШАКЕГИНЕН ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН ЭКЕНДИГИН ЭСКЕРТТИ

352
0

Кыргызстан ММКларынын кабар беришинче, Өзбекстан Кыргызстан өкмөтүн бир бүтүн энергетика түзүмүнөн чыгышы мүмкүндүгү жөнүндө эскертти. Эгерде Өзбекстан бир бүтүн энергетика түзүмүнөн чыга турган болсо, Кыргызстандын түштүгү электр энергиясыз калат, анткени Кыргызстандын түштүгү электр тогун кошуна Өзбекстандын электр энергиясын таркатуу тармагынан алат.

Борбор Азия республикаларын күч менен колония кылып алган кудайсыз коммунисттер мамлекети бул республикалар таасир чөйрөсүнөн чыгып кетпесин үчүн о.э. ар дайым бири-бирине көз каранды жана өз ара душман болуп калышы үчүн айлакердик саясат жүргүзгөн. Айыл чарбасы үчүн негизинен Өзбекстан пайдалануучу суу сактагычтарды Кыргызстан аймагында, Кыргызстандан чыга турган электр тогун бөлүштүрүү борборун Өзбекстан аймагында же Өзбекстандан чыга турган газды сактоочу кампаны Кыргызстанда курган.  Кудайсыз коммунисттер ошону менен эле чектелип калбастан, эзелтеден боордош жана куда-сөөк болуп келген бир тууган элдер үчүн тынымсыз карама-каршылык очогун да пайда кылып кетти. Жогорудагы республикалардын чегара аймактарын белгилеп берип жатканда аймактарды кудум шахмат талаасы сыяктуу жайгаштырды жана Сох, Шахимардан, Ворух, Барак… сыяктуу анклав жана эксклавдарды калтырды.

Мурдагы түзүм калтырган “оорулуу чекиттер” бүгүнкү күнгө чейин тили бир, дини бир, мазары жана базары бир болгон бир бүтүн Үммөт ортосундагы жараканы дагы да тереӊдетүү үчүн колонизатор мамлекеттер жана алардын малай акимдери тарабынан өнүмдүү пайдаланылууда.

Өзбекстан өкмөтүнүн өкмөтүнүн жогорудагы эскертишин Кыргызстан өкмөтү Наманган каналын убактылуу жабышы мүмкүндүгү жөнүндө маалымдагандан кийин ага карата татыктуу жооп катары баалоого болот.

Кыргызстандын премьер-министринин коргоо, коопсуздук жана чегара маселелери боюнча орунбасары Абдрахман Маматалиев 9-июнь күнү журналисттерге өкмөт Чоӊ Наманган каналын убактылуу жабуу маселесин карап чыга тургандыгын кабарлаган болчу. Кыргызстан өкмөтү ушундай жол менен эки айдан бери Ошко газ бербей жаткан Өзбекстанга басым өткөрмөкчү болгон эле.

Өзбекстан өкмөтү болсо Ошко газ берүүнүн акысына Кыргызстан аткара албай турган шарттарды коюуда. Бул жөнүндө газ менен камсыздоо маселеси боюнча 11-июнда парламентте жабык эшиктер артында болуп өткөн талкуулардан кийин журналисттерге интервью берген депутаттар билдиришти.

Мына ошол маалыматтын артынан Кыргызстандын маалымат тармагы өкмөттөгү ишенимдүү булакка таянган абалда кабар беришинче, “Өзбекстан Ошко газ жеткирип берүүнүн акысына Кыргызстандан Сох анклавына коридор ачып берүүнү жана Нарын ГЭС каскаддары курулушун токтотууну талап кылууда” деген маалымат пайда болду. Атын ачыктабаган өкмөттүк кызматкердин маалымат каражаттарына билдиришинче, 2013-жылы Ташкентте чегара, газ жана суу маселелерин жалпылаштырган көрүнүштө сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча протоколго кол коюлган. Ташкент расмийлери мына ошол протоколго негизделген абалда Бишкекке өз талабын билдирген.

Мына ушундай талап жана басымдар аркылуу расмий өкмөттүн өкүлдөрү Борбор Азияда өз ара таасир талашып жаткан АКШ жана Россия мамлекеттеринин пайдасына иштеп келишет. Эки ортодо болсо карапайым калк азап тартууда.

Өз ара таасир талашып жаткан колонизатор мамлекеттердин зулум жана диктаторлуктарынан кутулуунун, ырбап кеткен эски жарааттарды айыктыруунун бирден бир жолу – бул бир тууган элдердин дагы кайрадан бир Үммөт болуп биригүүсү жана исламий Халифалык мамлекетин тикелөөсү!

Халифалык мамлекети Үммөттүн иштерин адилеттүүлүк жана камкордук менен башкарып, бардык Үммөткө тийиштүү болгон жалпы элдик мүлктөн бардык жарандар бирдей пайдаланышын кепилдеп берет о.э. Ислам Үммөтүнүн үстүндөгү АКШ, Россия сыяктуу мамлекеттердин таасирин жок кылат.

قال رسول الله صلى الله عليه وسلم المسلمون شركاء في ثلاث في الماء والكلإ والنار

Расулуллах саллаллаху алайхи ва саллам: “Мусулмандар үч нерседе т.а. (агын) сууда, жайытта жана отто шерик”, – деген. Ахмад риваяты

Абдурахман Адилов

18-июнь, 2014-жыл.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here