ПЕРС БУЛУҢУНУН АКИМДЕРИ ЖАҢЫ БЛОК ТҮЗҮШМӨКЧҮ

278
0

Катардын борбору Доха шаарында 9-декабрь күнү Перс булуңундагы араб мамлекеттери кызматташтык кеңешинин кезектеги 35-жыйыны болуп өттү.

Ошол жыйында Сауд Арабиясынын валиахд канзадасы Салман, Бахрейн королу Хамад ал-Халифа, Бириккен Араб Амирлигинин премьер-министри Мухаммад ал-Мактум, Кувейттин амири Сабах ал-Жабир жана Оммандын премьер-министринин орун басары Фахд ас-Саид катышты.

Жолугушууда саясий, экономикалык жана аскерий – биринчи кезекте терроризмге каршы күрөшүү максатында – кызматташтык маселелери талкууланды. Себеби, жогорудагы мамлекеттердин төртөө (Сауд Арабиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Амирлиги жана Иордания) “ИШИМ”ге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн АКШ башчылыгындагы эл аралык коалициянын мүчөсү болуп эсептелишет. О.э. жолугушууда Ирак, Сирия, Яман, Ливан жана Ливиядагы кырдаалдар да талкууланды.

Жыйындын катышуучулары тарабынан берилген билдирүүдө: “Жакынкы Чыгыш региону күбө болуп турган олуттуу коркунуч жана өзгөрүштөр, бизди мамлекеттер аралык кызматташтыкты ого бетер күчөтүүнүн үстүндө иштөөгө мажбур кылууда”, – деп айтылат.

Жолугушууда талкууланган маанилүү маселелердин бири, “тышкарыдан болуучу ар кандай аскерий коркунучтарга каршы туруу кудуретине ээ болгон” Перс булуңу мамлекеттеринин аскерий блогун түзүү болду. О.э. башкаруу пункту Эр-Риядда боло турган бир бүтүн аскерий командачылык түзүү маселеси да карап чыгылды. Эгерде бул пландардын бардыгы ишке аша турган болсо, НАТО блогуна окшогон Перс булуңу мамлекеттеринин бириккен армиясы түзүлөт. Ошону менен бирге мамлекет башчылары, Интерполго альтернатива катары иш жүргүзүүчү бирдиктүү полиция түзүүгө келишип алышкан, бул нерсе “тараптарга коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүүдө дагы да кененирээк жардам берет”.

Туркистон:

АКШнын каалоосунан бир карыш да четке чыга албаган жана баса турган ар бир кадамын, кабыл ала турган ар бир токтомдорун Американын ыраазылыгы негизинде гана ишке ашыра турган Араб мамлекеттери түзүүгө келишип алышкан жаңы блок да шек-күмөнсүз АКШнын ыраазылыгы менен болууда.

 АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жогорудагы жыйын болуп өтүшүнөн мурда берген билдирүүсүндө, араб мамлекеттеринин акимдери “Израиль менен тынчтыкка жетишүүгө даяр экендиктерин” жана ар түрдүү топтор жана кыймылдарга, ошону менен бирге Хамаска каршы “аймактык союз түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болгонуна көздөрү жеткендигин” айтып өткөн эле.

  Кожоюнударынан “ак бата” алган Перс булуңу мамлекеттери – негизги милдети (Израилдин) коопсуздугун камсыздоо болгон – жаңы союз түзүүгө астейдил аракет кыла башташты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here