Астанада Украина маселеси талкууланат

357
0

Астанада 15-январда Украинадагы кырдаал боюнча Россия, Украина, Германия жана Франциянын өкүлдөрүнүн жогорку даражадагы жолугушуусу болуп өтөт.

АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жен Псаки ушул жолугушууда Украина маселесинде жакшы тарапка өзгөрүш болушунан үмүттөнө тургандыгын билдирди.

Ал жогорудагы сүйлөшүүлөрдө Вашингтондун катышуусу пландаштырылбаганын, а бирок, АКШ жолугушуунун кандай натыйжа менен аякташын күзөтө тургандыгын билдирген. О.э. “Россия жана жикчилдер өз милдеттерин аткарышы керектигин” баса белгилеген.

Псаки журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Россияга карата санкциялар Украина маселесинде “алдыга жылуулар” болгондо гана жумшартылышын айтып өткөн.

Туркистон:

Крым аннексия кылынышынын артынан АКШ башчылыгында Россияга каршы эл аралык жаза чаралардын киргизилиши жана нефтинин баасы дүйнөлүк базарда түшүп кетиши Россия экономикасынын изден чыгышына о.э. рублдун куну түшүп кетишине себеп болду. Бул окуялардын артынан айрым эксперттер Россияны 2015-жылы сенектик доору күтүп турганы туурасында айта башташты.

Владимир Путин Россиянын бүгүнкү абалга түшүп калышына негизги себепкер өзү болсо да, а бирок, элдин көӊүлүн чалгытуу үчүн буга АКШ жана Батыш мамлекеттери тарабынан колдонулуп жаткан жаза чаралар себеп болуп жаткандай көрсөтүүгө аракет кылууда. Ал тургай, Путин Федералдык жыйындын алдындагы жылдык кайрылуусунда Батышты ачык эле коркутуп да көрдү. Бирок, АКШ жана Европа мамлекеттери анын бул коркутуусуна көӊүл бурушпагандан кийин артка чегинүүгө мажбур болду жана өзү менен Батыш ортосунда ортомчулук кылууга Назарбаевди тартты.

Назарбаев өзүнө тапшырылган милдетти 2014-жылдын 5-6-декабрь күндөрү Казакстанга келген Франция президенти Франсуа Олланд менен Владимир Путин ортосунда жолугушуу уюштуруудан баштады. Франсуа Олланд Парижге кайтып бара жатып Москвага токтоп өттү. Путин менен Олланд “Внуково-2” аэропортунда 2 саатка жакын “кызуу” маек өткөрүштү. Жогорудагы жолугушуудан кийин эки президент теӊ өткөрүлгөн жолугушуунун пайдалуу болгону о.э. Ураинадагы кризис тынчтык жолу менен чечилиши туурасында пикир алмашканы туурасындагы билдирүүлөрдү беришти. Путин болсо, Украинанын бүтүндүгү сакталып калышы керектигин да айтып өттү.

Ошондон кийин Назарбаев 22-декабрь күнү Украинага расмий сапар менен барды жана Россия менен Украина ортосунда ортомчулук кылууга даяр экендигин билдирди. 15-январь күнү Астанада болуп өтө турган жолугушуу да Назарбаевдин Украинага болгон сапары алкагында белгиленген болуп, бул жолугушууда Россия жаза чаралардан кутулуу үчүн Украинага карата ээлеген позициясынан чегиниши мүмкүн. А бирок, АКШ үчүн болсо негизги маселе Крым же Украина эмес, тескерисинче, Россияны дүйнөлүк саясаттан бүтүндөй четтетип жиберүүдөн турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here