Өзбекстан республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятов 14-октябрь күнү Пекинде Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети саясий бюросунун мүчөсү, саясий-юридикалык комиссиянын катчысы, комитеттин теӊ төрагасы Мэн Цзяньчжу менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Мэн Цзяньчжу укук коргоо жана коопсуздукту камсыздоо тармагындагы кызматташтык Кытай жана Өзбекстан мамилелеринин негизин түзө тургандыгын белгилеп өттү. Анын баса белгилешинче, эки мамлекеттин укук коргоо мекемелери кызматташтык режимин өнүктүрүшү, терроризмге каршы кызматташтыктагы күрөштү күчөтүшү, коркунучтарга биргеликте каршы турушу о.э. аймактык коопсуздукту кызматташтыкта камсыздашы керек.
Өз кезегинде Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятов, терроризмге каршы күрөштө Кытай менен кызматташтыкты күчөтүүдөн үмүттөнө тургандыгын билдирди.
Туркистон:
Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө биринен-бири калышпаган эки диктатордук мамлекеттер Кытай менен Өзбекстан терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосунда өз ара кызматташтыкты күндөн-күнгө күчөтүп барууда.
Кудайсыз коммунисттердин тарбиясын алган Кытай өкмөтү Чыгыш Түркстан аймагында жашап жаткан уйгур мусулмандарын Исламдан алыстатуу үчүн мүмкүнчүлүгүндөгү бардык жийиркеничтүү ыкмаларды колдонуп, мусулмандарга каршы көз-көрүп, кулак-укпаган жырткычтыктарды ишке ашырууда. Уйгур мусулмандарын үймө-үй жүрүп камакка алуу, сакал койгон эркектер жана хижаб кийген аялдардын коомдук транспорттордо жүрүшүнө тыюу салуу, Ислам Үммөтүн Кытайдан биротоло жок кылуу максатында мусулман үй-бүлөлөрдө төрөттү чектөө, аралаш никелерге (жергиликтүү уйгур мусулмандар менен хандар ортосундагы) үгүттөө жана буга акчалай сыйлык берүү бүгүнкү күндө Кытайда мусулмандарга карата ишке ашырылып жаткан карасанатайлыктардын катардагы эле бир көрүнүшү болуп калган.
“Терроризм”ге каршы күрөштө Кытайдан калышпаган Өзбекстан өкмөтү да өз ара тажрыйба алмашуу жана мындан кийинки кадамдарын талкуулашуу үчүн күч органдарынын жетекчилерин Кытайга тынымсыз жөнөтүп жатат. Бүгүн Рустам Иноятов Кытайга барган болсо, 15-сентябрь күнү Ички иштер министри Адхам Ахмадбаев Мэн Цзяньчжу менен жолугушуп келген эле.