ЖККУ КҮЧТӨРҮ АТАЙЫН ОПЕРАЦИЯ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН КЫРДААЛДЫ КҮЗӨТҮП ТУРАТ

332
0

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУнун) күчтөрү уюмга мүчө болгон мамлекеттер аймагында атайын операцияларды өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу ЖККУ башкы катчысы Николай Бордюжа маалымат жыйынында айтып өттү.

 “Сөз ыкчам аракеттенүүчү коллективдик күчтөр жөнүндө болууда. Бул күчтөр аскердик түзүмдөр жана атайын дайындалган күч түзүмдөрүнөн тургандыгын билесиздер. Бул күчтөр Жамааттык коопсуздук кеңеши, ЖККУнун күч колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн ал же бул аймакта колдонуу туурасында токтом кылган убакта, операция өткөрүү үчүн жайгаштырылат. Ошол токтомдон келип чыккан абалда абалда ошол же башка операцияда түздөн-түз катышуу үчүн бөлүктөр түзүлөт”, – деди Бордюжа.

Кечээ күнү ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары ушул уюм жооптуу болгон аймактарда атайын даярдалган күчтөрдү жайгаштыруу боюнча планга кол коюшту.

“Жогорудагы план, түздөн-түз операция өткөрүлүп жаткан убакта же ыкчам абалда операция өткөрүүнүн алдында чегаралар туташкан жерди, жайгашуу ордун жана аэродромдорду аныктоо менен алектенбестик үчүн аскерийлерге зарыл болгон айрым техникалык деталдарды назарда тутат. Кечээ алар ошондой планга кол коюшту жана тастыкташты. Эми болсо бул планга президенттер кол коюшат”, – деп түшүндүрүп өттү Бордюжа.

Анын айтымында, мындай план “аскердик же башка коркунучтардын жайылышына жол бербестик үчүн Коопсуздук кеңеши уюмунун күч мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу туурасында токтом чыгарып жаткан убакта о.э. операция өткөрүлүп жаткан убакта өтө пайдалуу болот”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here