Wassim Kordoghli – Nona Amer – Умму Аккошалардын конференциялар, форумдар, нааразылык акциялары жана жүрүштөрү туурасындагы о.э. Хизбут-Тахрир өз тарыйкатын өзгөрттүбү? – деген суроосуна жооп

481
0

Суроолор:

а) Умму Аккоша:

Ассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух!

Кадырлуу шейх, сиздин Ислам жана мусулмандарга кылып жаткан улуу эмгектериӊизге Аллах жардамчы болсун жана ушул эмгектериӊиздин аягын сиздин колуӊуз аркылуу тез арада Халифалык мамлекети тикелениши менен аягына чыгарсын, Аллахумма амин, амин.

Амма баъд, кээ бирөөлөр “Хизб тарыйкатын өзгөрттү, себеби, конференцияларды өткөрүү ага – пикирий хизб катары – туура келбейт” деген сөздөрдү айтууда. Аллах сизди жакшылык менен сыйласын.

б) Nona Amer:

Ассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух!

Менде суроо бар жана ага жооп бересиз деген үмүттөмүн: Аалым Такийюддин Набахоний рохимахуллохтун табанний кылган китептеринде ал киши демонстрацияларды четке каккандыгы айтылган… Ал эми бүгүнкү күндө болсо биз ушунчалык көп демонстрациялар болуп жатканын жана аларды сиздер уюштуруп жатканыӊардын күбөсү болуп жатабыз. Ушул ишиӊерге бирер шаръий далил барбы?

Вассаламу алайкум.

в)   Wassim Kordoghli суроосу:

Ассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух, кадырлуу амирибиз! «Ислам мамлекети» китебинде төмөнкүдөй: «Ошондуктан, Халифалык жолунда конференциялар өткөрүү Ислам мамлекетин тикелөө жолу эмес», – деген сөздөр келген. Урматтуу шейх, суроо төмөнкүдөй, эмне үчүн Хизб өз китептеринде конференция жана форумдарды четке кагып туруп, кайрадан аларды өткөрүүдө? Биздеги ушул түшүнбөстүк жоголушу үчүн ушул маселени ачыктап бересиз деген үмүттөбүз.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух.

Суроолоруӊар тема жагынан бири-бирине окшош. Т.а. тема конференциялар, демонстрациялар жана жүрүштөр о.э. Хизб тарыйкатын өзгөрттүбү деген суроолор жөнүндө.

Урматтуу боордоштор, буларга жооп мындай, Хизб тарыйкатын өзгөртпөйт, себеби, анын тарыйкаты Аллах Субханахунун Китеби, Набий Aдын Сүннөтүнөн туура истинбат кылынган тарыйкат болуп, Хизбдин китептеринде эч кандай күӊүрттүк калтырбай турган көрүнүштө кеӊири ачыкталган, себеби, китептерибизде сакафат берүү да, таасир өткөрүү маселеси да, Халифалык мамлекетин тикелөө да далилдер менен келтирилген.

Биз адамдарды даъватыбызды өз мойнуна алышы үчүн даъват кылабыз, ким аны кабыл алса, аны Хизбге кошобуз жана ал Хизбдин мүчөлөрүнүн бирине айланат. О.э. умумий аӊ-сезимден балкып чыккан афкори омманы (коомдук пикирди) пайда кылуу үчүн массалык иш-чараларды да өткөрөбүз жана күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылып, Аллахтын уруксаты менен, Халифалык мамлекетин тикелейбиз.

Жогоруда айтканыбыздай, мамлекет тикелөөнүн ушул тарыйкаты туура көрүнүштө истинбат кылынган, инша Аллах. Мында Расулулла A өзүнө вахий түшүрүлгөндөн баштап Мадинада мамлекет тикелегенге чейин басып өткөн жолду ээрчигенбиз. Башкача айтканда, бул сакафаттандаруу о.э. умумий аӊ-сезимден балкып чыккан афкори омманы пайда кылуу жолунда массалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу Үммөткө таасир өткөрүү, андан кийин нусрат талап кылуу, андан кийин болсо мамлекет тикелөө.

Менимче, суроо берген боордошторубуздагы чалкештик таасир өткөрүү баскычындагы афкори омма иштери менен мамлекет тикелөөнүн ортосун аралаштырып жиберүүнүн натыйжасында келип чыккан окшойт. Мындай аралаштырып жиберүү маселеси төмөнкүлөрдөн анык белгилүү болот:

1 –  Таасир өткөрүү баскычы маалындагы афкори омма иштери өзү эмне? – деп сурала турган болсо, мунун жообу мындай, ал Үммөткө таасир өткөрө турган, Ислам пикирлери жана өкүмдөрүнө негизделген ар бир иш. Мисалы, жыйын, форум, массалык конференция жана демонстрациялар сыяктуу. Биз буларга жетекчилик кылабыз о.э. аларды өз байрактарыбыз, кайрылууларыбыз жана башка иш-чараларыбыз менен колдубуздан келишинче аракеттендиребиз. Мисалы:

а)   Расулулла A Сафада адамдарды чогултту жана аларга кайрылды:

–     Бухарий Ибн Аббас Gдан риваят кылат: «Аллахтын:

«Жакын тууган-уруктарыңды (Аллахтын азабынан)эскерткин»                                 [26:214]

аяты түшкөндөн кийин, Набий A Сафага чыгып, Курайш урууларына карата: «Эй Бани Фихр, эй Бани Адий», – деп кайрылды. Акырында алар чогулушту, чогулушка келе албаган адам ал жерде болгон ишти көрүү үчүн өзүнөн өкүл жиберди, Абу Лахаб Курайш чоӊдору менен келди. Ошондо Расулулла A:«Кандай дейсиӊер, эгерде ушул өрөөндө атчандар силерге каршы согушмакчы десем ишенесиӊерби?» – деди. Чогулгандар: Ооба, сенден чынчылдыктан башка нерсе көрбөгөнбүз, – деп жооп беришти. Ал киши:

«فَإِنِّي نَذِيرٌ لَكُمْ بَيْنَ يَدَيْ عَذَابٍ شَدِيدٍ»

«Албетте, мен силерге катуу азаптын алдынан (жиберилген)эскертүүчүмүн», – деди. Ошондо Абу Лахаб: Колуӊ курусун, бизди ушуга чогулттуӊбу? – деди.Ошондо төмөнкү аят түшүрүлдү:

«Абу Лахабдын колдору курусун-жок болсун! (Аныгында) ал куруду-жок болду! Мал-мүлкүнүн жана касип кылып тапкан нерселеринин ага пайдасы тийген жок!»                        [111:1-2]

 –     Муслим Ибн Аббастан риваят кылат: «Аллахтын:

«Жакын тууган-уруктарыңды (Аллахтын азабынан)эскерткин» жана урууӊдун арасындагы таза адамдарды да эскерткин аяты түшүрүлгөндөн кийин, Расулулла A Сафага чыкты, андан кийин «я сабахаху» (арабдар көпчүлүк адамдарга маанилүү бир иш тууралуу кабар берүү максатында кайрылуучу сөз) деп кайрылды. Адамдар: Бул кыйкырып жаткан ким, – деп сурашты. Бул чакырып жаткан Мухаммад экен, – деп айтышып, ал кишинин алдына чогулушту. Ошондо Набий A: «Эй Бани баланча, эй Бани баланча, эй Бани баланча, эй Бани Абдуманнаф, эй Бани Абдулмутталиб», – деди. Алар ал кишинин айланасына чогулушту. Ал киши: «Эмне дейсиӊер, эгерде ушул тоонун капталында атчандар силерге каршы согуш ачмакчы десем ишенесиӊерби?» – деди. Алар: Сенден жалган сөздү уккан эмеспиз, – деп жооп беришти. Ал киши:

«فَإِنِّي نَذِيرٌ لَكُمْ بَيْنَ يَدَيْ عَذَابٍ شَدِيدٍ»

«Албетте, мен силерге катуу азап алдынан (жиберилген)эскертүүчүмүн», – деди. Ошондо Абу Лахаб: Колуӊ курусун, бизди ушуга топтодуӊбу? – деди. Андан кийин ал киши ордунан турду жана:

«Абу Лахабдын колдору курусун-жок болсун! (Аныгында) ал куруду-жок болду! Мал-мүлкүнүн жана кесип кылып тапкан нерселеринин ага пайдасы тийген жок! Жакында ал жана анын отун аркалаган, мойнунда бышык буладан эшилген аркан болгон аялы (жалындап турган) от-жалындуу тозокко кирет!»                                                                                       [111:1-5]

 

аяты түшүрүлдү.

–     Ахмад ибн Яхя ибн Жабир ибн Давуд Балазурий (хижрий 279-жылы көз жумган) өзүнүн «Жумал мин ансобил атроф» китебинде мындай риваят кылат: Мага Мухаммад ибн Саъд жана Валид ибн Солих айтып берди, Мухаммад ибн Умар Вакидийден, ал Ибн Абу Сабрадан, ал Умар ибн Абдуллахтан, ал Жаъфар ибн Абдуллах ибн Абу Хакамдан риваят кылды: Набий Aга:

«Жакын тууган-уруктарыңды (Аллахтын азабынан)эскерткин» аяты түшүрүлгөндөн кийин, бул иш ал кишиге оор жана кыйын болду… Таӊ аткандан кийин Расулулла A Бани Абдуманнафка элчи жиберди, алар Бани Абдулмутталибден бир нече кишилер менен бирге келишти, алар бардыгы болуп кырк беш киши болчу. Расулулла A аларды бир аз чогултуп турду, андан кийин:

«الْحَمْدُ لِلَّهِ أَحْمَدُهُ، وَأَسْتَعِينُهُ وَأُومِنُ بِهِ وَأَتَوَكَّلُ عَلَيْهِ، وَأَشْهَدُ أَنْ لا إِلَهَ إِلاَّ اللَّهُ وَحْدَهُ لا شَرِيكَ لَهُ»

«Хамду-сана Аллахка таандык, ага хамд айтамын, Андан жардам сураймын, ага ыйман келтирип, тобокел кыламын, Аллахтан башка эч кудай жоктугуна, Анын шериги жоктугуна күбөлүк беремин», – деди. Андан кийин:

«إِنَّ الرَّائِدَ لا يَكْذِبُ أَهْلَهُ. وَاللَّهِ لَوْ كَذَبْتُ النَّاسَ جَمِيعًا، مَا كَذَبْتُكُمْ. وَلَوْ غَرَرْتُ النَّاسَ، مَا غَرَرْتُكُمْ وَاللَّهِ الَّذِي لاَ إِلَهَ إِلاَّ هُوَ، إِنِّي لَرَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ خَاصَّةً وَإِلَى النَّاسِ كَافَّةً. وَاللَّهِ، لَتَمُوتُنَّ كَمَا تَنَامُونَ، وَلَتُبْعَثُنَّ كَمَا تَسْتَيْقِظُونَ، وَلَتُحَاسَبُنَّ بِمَا تَعْمَلُونَ، وَلَتُجْزَوُنَّ بِالإِحْسَانِ إِحْسَانًا وَبِالسُّوءِ سُوءًا. وَإِنَّهَا لَلْجَنَّةُ أَبَدًا، وَالنَّارُ أَبَدًا. وَأَنْتُمْ لأَوَّلُ مَنْ أُنْذِرُ»

«Албетте, жетекчи өз калкына жалган сүйлөбөйт, Аллахка ант болсун, мен бардык адамдарга жалган сүйлөсөм да, силерге жалган сүйлөбөймүн, адамдарды алдасам да, силерди алдабаймын, Андан башка эч илах жок болгон Аллахка ант болсун, мен Аллахтын силерге жана бардык адамдарга жиберген расулумун, Аллахка ант болсун, силер кудум уктаганыӊар сыяктуу албетте өлөсүӊөр жана кудум ойгонгонуӊар сыяктуу албетте кайра тирилесиӊер, кылган амалдарыӊарга албетте эсеп бересиӊер, жакшы амал болсо жакшылык менен, жаман амал болсо жамандык менен сыйланасыӊар, албетте бейиш да түбөлүктүү, тозок да түбөлүктүү, мен биринчи болуп силерди эскертип жатамын», – деди. Ошондо Абу Талиб: «Сиздин бизге болгон жардам жана көмөгүӊүз кандай гана жакшы, кылган насаатыӊыз кабыл алууга кандай гана татыктуу, сөздөрүӊүз кандай гана чындык! Мына, атаӊыздын уругу чогулду, мен да алардын биримин, бирок, мен аларга караганда сиз каалаган ишке ылдамыраакмын, демек, өзүӊүзгө буюрулган ишти уланта бериӊиз, Аллахка ант болсун, мен сизди ар дайым коргогонум болсун. Бирок, мен өлгөнгө чейин Абдуманнаф дининен ажыроону каалабаймын», – деди. Коом жумшак сөздөрдү айтты, болгону Абу Лахаб гана андай кылбады. Ал: “Эй Бани Абдулмутталиб, Аллахка ант болсун, бул жаман нерсе, аны башкалар колунан кармап кылышынан мурда силер колунан кармап тыйып койгула. Себеби, силер аны башкалар колунан кармап калган убакта тапшырып койсоӊор, кор болосуӊар, коргосоӊор өлүп кетесиӊер”, – деди. Ошондо Абу Талиб: “Аллахка ант болсун, тирүү маалыбызда, албетте, аны коргойбуз”, – деди.

Ошентип, адамдарды чогултуу жана аларга кайрылуу аткарылышы зарыл болгон массалык иш-чаралардын бири болду.

б)   Расулулла A мусулмандарды эки сап кылып – биринчи саптын башында Умар, экинчи саптын башында Хамза турган – баштап чыкты.

– Абу Нуайм Ахмад ибн Абдуллах ибн Ахмад ибн Исхак ибн Муса ибн Михрон Асбахоний (хижрий 430-жылы көз жумган) «Хилятул авлия ва табакотул асфия» китебинде Ибн Аббас Gдан риваят кылат: Мен Умар Gдан: Кайсы ишиӊиз үчүн Фарук деп аталгансыз? – деп сурадым. Ал киши мындай деп жооп берди: Хамза менден үч күн мурда Исламга кирген эле, андан соӊ Аллах Исламга дилимди ачты… Мен: Расулулла A кана? – деп сурадым. Карындашым: Ал киши Аркам ибн Аркамдын үйүндө, – деп жооп берди. Мен ошол үйгө бардым жана: «Ашхаду ан лаа илаха иллАллаху вахдаху ла шарика лаху, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расулух», – дедим, ошондо короодо тургандардын баары ушунчалык даражада Аллаху акбар деп жиберишти дейсиӊ, ал тургай муну мечит (Каъба) калкы да укту. Мен: Я Расулулла, биз өлсөк да, тирүү болсок да акыйкат үстүндө эмеспизби? – деп сурадым. Ал киши:

«بَلَى وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ، إِنَّكُمْ عَلَى الْحَقِّ إِنْ مُتُّمْ وَإِنْ حَيِيتُمْ»

«Ооба, жаным колунда болгон Затка ант болсун, силер өлсөӊөр да, тирүү болсоӊор да, албетте, акыйкат үстүндөсүӊөр», – деди. Мен: Анда эмнеге жашынабыз? Сизди акыйкат менен жиберген Затка ант болсун, сиз албетте чыгышыӊыз керек, – дедим. Ошондо, ал кишини эки саптын ортосунда алып чыктык, бир сапка Хамза, экинчи сапка мен башчылык кылдым, биз басып бара жатканыбызда (жамааттын көптүгүнөн) жолдон чаӊ көтөрүлүп жатты, биз ошол жүрүшүбүз мене акыры мечитке кирип бардык. Курайш мага жана Хамзага карашты, ошондо мурда эч бир жолукпаган кайгы-капага дуушар болушту, ошондо мени Расулулла A Фарук (ажыратуучу) деп атады жана Аллах акыйкат менен батыл ортосун ажыратты», – деди.

Демек, демонстрация-жүрүштөр адамдарды аракетке келтирүү үчүн, Ислам пикирлери жана өкүмдөрү жөнүндө аӊ-сезим менен байытуу үчүн афкори омма иш-чараларына кирет, биз аларды байрактарыбыз, кайрылууларыбыз жана пикирлерибизди алып чыгуу шарты менен уюштурабыз. Бирок, башкалардын массалык иш-чараларында катышпайбыз, аларга жетекчилик да кылбайбыз, себеби, Расулулла A ошол жүрүштө мусулмандарга жетекчилик кылгандан кийин, мусулмандар түрдүү жетекчиликтеги башка аракеттерге катышпады, Расулулла A жетекчилигиндеги жүрүштө эки сап болуп чыгышты.

2 –  Эми: Халифалык мамлекетин тикелөө тарыйкаты эмне, демонстрация өткөрүүбү? – деп айтылса, буга жок дейбиз. Анын тарыйкаты жыйындарды өткөрүүбү? – деп суралса, буга да жок деп жооп беребиз. Конференцияларбы? – деп суралса, буга да жок дейбиз. Себеби, бул жана буга окшогон иш-чаралар афкори оммага тиешелүү болуп, алар таасир өткөрүү баскычында аткарылат, алар мамлекет тикелөө тарыйкаты эмес, тескерисинче мамлекет тикелөө тарыйкатын темабыздын башында айтып өттүк о.э. бул тарыйкат нусрат талап кылуу жана мамлекет тикелөө менен аяктайт.

Тема ушул жана ал сиз үчүн жаркын болгондур. Ошондуктан, биздин китептерибиз менен иштерибиз ортосунда карама-каршылык жок. Китептерибиздеги: Конференциялар, форумдар, жүрүштөр жана демонстрациялар мамлекет тикелөөнүн шаръий далилдер менен баян кылынган тарыйкаты эмес, – деген сөзүбүз туура. О.э.: Бул иштер массалык иш-чаралар болуп, аларды колубуздан келишинче тартиби менен таасир өткөрүү баскычында аткарабыз, – десек да туура сүйлөгөн болобуз, китептерибиздеги сөздөр менен кылып жаткан иштерибиз ортосунда эч кандай тескерилик жок. Сиз китептерибиздеги бул сөздөрдү колдонулган өз агымы боюнча, аӊ-сезимдүү акыл жана жаркын пикир менен окушуӊуз керек, мына ошондо бул маселелер сизге ачык-айкын болот, инша Аллах.

Жогорудагы суроолордун ичинде келбеген, а бирок, айрым адамдардын зээнинде пайда болушу мүмкүн болгон бир маселе калды. Ал да болсо: Анда эмне үчүн Хизб мурунку жылдарда конференция өткөрүү же жүрүштөрдү уюштуруу менен алектенбеген? – деген маселе.

Мунун жообу да жогорудагы сөздөрдөн белгилүү болгон. Т.а. биз конференция, демонстрация жана жүрүш сыяктуу иш-чараларды өткөрүү менен шарттуу түрдө гана алектенебиз. Т.а. эгерде бул иш-чараларга байрактарыбыз, кайрылууларыбыз менен ачык көрүнүштө жетекчилик кылууга, башка байрактарды жана кайрылууларды аӊ-сезимсиз түрдө аралаштырбастыкка, заман жана мекенди биз аракет кылып жаткан максатка ылайыктуу кылууга кудуреттүү болсок, эгерде ушулардын мүмкүнчүлүгүн таба алсак, ушул иш-чараларды өткөрөбүз, эгерде булардын мүмкүнчүлүгүн таба албасак, анда аны өткөрбөйбүз.

Маалымат үчүн, мурда жетимишинчи жылдары да кээ бир аракеттерди кылганбыз. Ошондо Буркиба яхудийлер менен жарашууга чакырып, Иорданияны зыярат кылган эле. Ошондо Хизб Абу Иброхим рохимахуллох амирлиги заманында делегацияларды түзүп, алардын айрымдары жүрүшкө окшоп кеткен. Делегаттар Амманда премьер-министрге, Куддуста муниципалитет жетекчисине, Халилде да мэрге чыгышкан эле… Мен да делегацияда бар элем жана ошондуктан ошол окуяда күбө болгондорумду айтып беремин:

Хизб өз мүчөлөрүн жана муаййиддерин эртелеп саат 10до Халил шаарынын негизги көчөсүнө чогулууга буйруду. Андан кийин азыр бузулуп кеткен Аммара муниципалитетине чыга турган болдук. Эртелеп чогулганыбызда коопсуздук кызматынын жетекчилери жетип келишти жана ортобузда талаш-тартыш жүз берди… Маанилүүсү, биз жөө чыгууга кудуреттүү болбодук, бизге машиналарда чыгууга уруксат берилди. Ошондо машиналар жана автобустарда Аммара муниципалитетине бардык, саныбыз өтө көп болчу. Милдетибизди аткарып, артка кайттык… Ошентип бул маселенин жообу мындай, эгерде буга окшогон иш-чараларга өзүбүз жетекчилик кыла алсак жана муну иш-аракетибиз үчүн ылайыктуу деп билсек, ошондо гана аларды аткарабыз, эгерде аларга жетекчилик кылуу жана уюштурууга кудуреттүү болбосок же белгилүү бир шартын көрбөсөк, анда аларды өткөрбөйбүз.

Мисалы, маалымат бөлүмүн түзүү да афкори омма иш-чараларынан болуп, эгерде кудуреттүү болсок кылабыз, эгерде кудуреттүү болбосок кылбайбыз. Мисалы, Хизбдин негиздөөчүсү заманында расмий сүйлөөчү жарыя кылышыбыздын мүмкүнчүлүгү болбогон жана ошол себептен улам бул ишти кылган эмеспиз. Экинчи амир доорунда ал мага Иорданияда расмий сүйлөөчүлүк кылуу милдетин тапшырды, натыйжада камакка түштүм, камактан чыгарым менен тез эле кайрадан камалат элем… Бирок бүгүн, Аллахка хамду-саналар болсун, бир нече бөлүмдөрдү ачтык… Булардын бардыгы афкори омма иш-чараларына кирет. Бирок, кимдир бирөө: Бөлүм ачуу Халифалык мамлекетин тикелөө тарыйкатынанбы? – деп сураса, буга: Жок, – деп жооп беребиз.

Эми, теманын башына кайтып, төмөнкү суроолорду беребиз:

Жыйындар биз таасир өткөрүү баскычында алектене турган афкори омма иш-чараларына киреби? – деген суроого: Ооба, – деп жооп беребиз.

Конференциялар биз таасир өткөрүү баскычында алектене турган афкори омма иш-чараларына киреби? – деген суроого: Ооба, – деп жооп беребиз.

Биз өз тартиптерибиз менен башкарып жаткан демонстрация жана жүрүштөр биз таасир өткөрүү баскычында алектене турган афкори омма иш-чараларына киреби? – деген  суроого: Ооба, – деп жооп беребиз.

Маалымат бөлүмдөрүн ачуу биз таасир өткөрүү баскычында алектене турган афкори омма иш-чараларына киреби? – деген суроого: Ооба, – деп жооп беребиз.

Бирок төмөнкү суроолорго:

Конференциялар мамлекет тикелөө тарыйкатыбы? – деген суроого: Жок, – деп жооп беребиз.

Демонстрация жана жүрүштөр мамлекет тикелөө тарыйкатыбы? – деген суроого: Жок, – деп жооп беребиз.

Маалымат бөлүмдөрүн ачуу мамлекет тикелөө тарыйкатыбы? – деген суроого: Жок, – деп жооп беребиз.

Белгилүү болгондой, биринчи суроолор таасир өткөрүү баскычындагы афкори омма иш-чаралары жөнүндө, экинчи суроолор мамлекет тикелөө тарыйкаты жөнүндө болуп, экөө эки башка маселе т.а. бир маселе эмес жана ар бир маселенин өзүнүн жообу бар, бул эки маселе ортосунда да, эки жооп ортосунда да тескерилик жок.

Аллах Субханахудан ушул маселенин ачык-айкын болушун, эч кандай күӊүрттүк калбастыгын сурайбыз. Бул акыйкат издеп, аны таба турган жана ага амал кыла турган бардык адамдар үчүн. Ал эми батыл издөөгө аракет кылып жаткан кимселер да бар болуп, аларга ар кандай чечмелеп берүү жана ачык-айкын кылуунун пайдасы жок. Себеби, алар акыйкатты табуу үчүн батылды издешпейт. Бул эки тайпа адамдар бири-бирине таптакыр окшобойт.

«Аллах Өзүнүн ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт»      [12:21]

Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта

 6-робиул-аввал, 1435-х.

7-январь, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here