Украинадан бүтүндөй сууруп таштап Батыштын таасирин орнотуу үчүн болуп жаткан дагы бир «оранжевый» революциябы?

349
0

Суроо:

Маалымат каражаттары 2014-жыл, 20-февралда Украина өкмөтүнө каршы оппозициядагы митингчилер менен Киевдеги эгемендүүлүк майданынан чыгып кеткен коопсуздук күчтөрү ортосундагы жаңы кагышууларда эӊ кеминде 17 киши өлгөнү жана башка адамдар жараат алгандыгы тууралуу кабар таркатты. Ошол эле убакта митингчилер бошотуп коюлган парламентти көздөй о.э. премьер министрдин имаратын көздөй аракеттеништи… Украина өкмөтү 2014-жыл, 19-февраль шаршемби күнү  оппозициядагылар бутага алунуучу «терроризмге каршы күрөш» операциясы башталганын жарыя кылды, өкмөт аларга «экстремисттер» деген тамганы жабыштырды. Мунун натыйжасында 26 киши өлдү. Ал тургай эгемендүүлүк майданы согуш талаасына окшоп калды! Бирок, 21-февралда Украина президенти жана оппозиция өз ара келишүү чечимине келишип алгандыгы жарыя кылынды… Ошондон кийин, 22-февраль күнү украин парламенти президентти кызматынан четтетүүнү жана 2014-жылдын 25-майында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлүшүн жактап добуш бергени жарыя кылынды… Эми мындай суроо пайда болот: Бул окуялар оппозиция жана өкмөт ортосундагы жергиликтүү окуяларбы? Же мамлекеттер аралашып жаткан окуяларбы, Америка, Европа Союзу жана Россиянын бул окуяларда, аларды козгоодо колу барбы? Бул окуялар биринчи ынкылап маалында болгону сыяктуу орустун таасирин Украинадан бүтүндөй сууруп таштап Батыштын таасирин орнотуу үчүн болуп жаткан дагы бир «оранжевый» революциябы? Россиянын 2010-жылы болгондой буга каршы мамиле билдириши күтүлөбү? Аллах сизди жакшылык менен сыйласын.

Жооп:

Буга жооп төмөнкү иштерден анык болот:

1 –   Украина өзүнүн үстүндө Россия менен Европа ортосундагы өз ара күрөштөн турган узун тарыхка ээ. Украина тарыхта Россия, Усманий Халифалык (айрыкча Крым туурасында) жана Польша сыяктуу башка мамлекеттер ортосунда бөлүштүрүлгөн эле… Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Батыш жана анын малайлары Усманий мамлекетке каршы тил бириктиришти, натыйжада бул мамлекет жок кылынды жана Советтер Союзу пайда болду… Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болсо Америка согушта жеӊип чыккан союздаш мамлекеттерге башчы болду. Ошентип, Украина үстүндө күрөшө турган мамлекеттер: Батыш жана Советтер Союзу болуп калды. Мындан мурда Советтер Союзу Польша о.э. Украинаны өз республикалары катарына кошуп алган эле. Украина Советтер Союзунун мурдагы 15 республикасы арасында эң маанилүүсү болуп калды… Советтер Союзу кулагандан кийин болсо Украина үстүндө күрөшө турган мамлекеттер: Россия, Америка жана Европа Союзу болуп калды. Ошондуктан, бул мамлекеттердин ар бири Украинага катуу көӊүл бурат:

Россияга келсек: Украина Россия үчүн эң маанилүү мамлекеттердин бири болуп эсептелет. Ошондуктан, Россия Украинаны жогото турган болсо Батыш түздөн-түз Россия чегараларында болуп калат. Демек, Украина Россия үчүн аны Европа тараптан коргой турган бир калкан болуп эсептелет. Мындан тышкары, Украина экономикалык мааниге ээ. Себеби, ал аркылуу орустун Батышка карата тартылган газ түтүктөрү өтөт. Ошентип, Украина Россия үчүн өтө чоӊ мааниге ээ. Себеби, андагы өнөржай, айыл чарба жана энергетика секторлору Россия менен бүтүндөй, бекем байланган. Анын үстүнө Украина Россия менен Европаны бири-биринен ажыратып туруучу аймак болуп эсептелет. Ошондуктан, эгерде Россия Украинаны жогото турган болсо Европа Россиянын астанасына келип калат. Себеби, Украина Москвадан болгону 300 км. аралыкта жайгашкан. Россиянын Украинага аралашып жаткандыгынын себеби мына ушундай. Бул жерде Россияны Украинага өтө маани берип кароого мажбур кылып жаткан башка бир фактор да бар. Ал да болсо Чыгыш Украина калкынын көпчүлүгү православ динин карманышы жана орус тилинде сүйлөшүүсү. Бул бир тараптан, башка тараптан болсо Россиянын Украинада Кара деӊиз аскерий флоту базасы бар.

Европа жөнүндө айта турган болсок: Украина Россия менен Чыгыш Европаны ажыратып туруучу дубал болуп эсептелет жана анын жерлери аркылуу Европага орус газынын 80 %ы өтөт, мынчалык көлөмдөгү газ Европа керектөөсүнүн төрттөн бирин түзөт. Ошондуктан, демек Украина Европа үчүн өтө чоӊ мааниге ээ. Польша 2004-жылы Европа Союзуна мүчө болгондон кийин Румыния жана Болгария да бул союзга 2007-жылы кошулду. Натыйжада Украина Европа Союзу мамлекеттерине кошуна болуп калды жана Европа Союзу үчүн өтө чоӊ мааниге ээ болуп калды. Себеби, Украина бир тараптан Европа менен Россия ортосундагы көпүрө болуп эсептелсе, башка тараптан ал экөөнүн ортосун ажыратып туруучу аймак болуп эсептелет.

Америка болсо: Украина орус таасири аймагын кыскартууга аракет кылып жаткан Америка үчүн турмуштук мааниге ээ. Украина порттору да Атлантикалык Союз (НАТО) жана анын Кара-Деңизге кире турган аскерий кемелери үчүн мааниге ээ. Кала берсе, Американын Украинадагы таасири Россия «жараатын» тынымсыз «канатып» туруу маанисин түшүндүрөт жана бул таасир Американын бул аймактагы, айрыкча Ортоӊку Чыгыштагы долбоорлоруна тоскоолдукту жок кылуу үчүн ишке салып, Россияга басым өткөрүүчү бир курал болуп эсептелет.

2 –   Америка Украинанын Атлантикалык Союзга мүчө болушуна кызыкдар болсо, Европа Украинанын Евросоюзга мүчө болушуна кызыкдар. Ошондуктан, 2004-жылдагы революциянын артында жана 2005-жылдагы шайлоолордун артында Батыш турду… Себеби, Россия Советтер Союзу кулашынын натыйжасындагы башаламандыктан кутула элек болчу… Булардын бардыгынын натыйжасында Батыш «оранжевый» революция аркылуу өз максаттарына жетишти. Себеби, 2005-жылдагы шайлоолордо Россиянын талапкери Януковичти кулатты. Мына ошондон кийин Батыштын, айрыкча Американын талапкери Юшенко шайлоодо жеӊип чыгып республиканын президенти болду. Натыйжада иш Батыштын таасири пайдасына чечилип, орустун таасири жоголду.

3 –   Ошондон кийин окуялар тездей баштады. Бул окуялар артында Украинаны НАТОго жана Европа Союзуна кошуп алуу пландары жатат эле. Америка учурдан пайдаланып калды. Себеби, Россия 2005-жылдагы шайлоодо Украинадагы өзүнө  малай болгон бийликти жоготкон эле. Европа болсо мейли Украинанын Евросоюзга кошулушуна кызыкдар болсо да, бирок Европа Союзу өзүнө  кошулган Чыгыш Европа мамлекеттеринин проблемаларынан кыйналып жаткан эле… Ошентип, демек Америка үчүн 2005-жылдагы шайлоонун натыйжасынан пайдаланып қалуу үчүн жана өзүнүн малайы Виктор Юшенкону жеӊишке жеткирүү үчүн ыңгайлуу шарт пайда болгон эле. Ошондуктан, Америка Юшенконун президенттик доорунан Украина менен Батыш ортосундагы интеграцияны тездетүү үчүн пайдаланды. Юшенко Севастополдон орустун Кара деңиз аскерий флотун орус аскерий базасынын ижара мөөнөтү 2017-жылы аяктаган убакта чыгарып жиберүү менен коркутат эле. Юшенко Украинанын Батыштын Европа Союзу жана Түндүк Атлантикалык Союз уюму сыяктуу мекемелерине толук кошулушун каалай тургандыгын жашырып отурбайт эле. Ошондуктан, Киев Европа Союзу менен шериктик келишими туурасында сүйлөшүүлөрдү баштаган жана НАТОго мүчө болуунун амалий планын талап кылган эле… Ошондуктан да, биз Американын Юшенкону бийликке алып келген «оранжевый» революцияда кандай күч жумшаганын жана Украинанын мына ошол убакта АКШнын негизги стратегиялык шериги болуп калганын көрдүк. Америка Украинага экономикалык жардамдарды көрсөттү. Жардамдар ушунчалык даражада көп болду дейсиӊ, ал тургай Украина Америка жардамдары тизмесинде «Израиль» жана Мисирден кийин үчүнчү орунда тура турган болду. Американын мындан максаты Украинанын экономикалык жактан Россияга таянышын бүтүндөй үзүп коюу болчу…

4 –   Мындай абал Россияга катуу таасирин тийгизди. Т.а. бул абал Россиянын талуу жерине тийди жана анын кызыкчылыктарына берилген бир сокку болду. Натыйжада 2004-жылы Украинада «оранжевый» революция жүз бергенден кийин Россия менен алакалар курчуп кетти. Буга Украинанын Европа Союзуна мүчө болууга жана НАТОго мүчө болууга аракет кылышы себеп болду. Россия менен алакалардын курчуп кетишине Украинанын Севастополдогу орус Кара деңиз флоту базасына карата ээлеген позициясы жана жаратылыш газы туурасындагы келишпестиктер да себеп болду. Бирок, Россия 2005-жылдагы шайлоонун натыйжасында жүзөгө келген бул абалга каршы турууга кудуреттүү эмес болчу. Россия төмөнкү эки себептен улам буга кудуреттүү эмес болчу: Биринчи себеп: Россия Советтер Союзу кулагандыгынын таасирлеринен бүтүндөй оноло элек болчу. Экинчи себеп: Америка жана Европа ал кезде оор саясий жана экономикалык проблемалардан кыйналбай жаткан эле. Мындан тышкары, бул жерде эки тарап: Америка жана Европа ортосунда кызыкчылыктар жаатында чоӊ келишпестик жок эле. Себеби, Америка Украинанын НАТОго мүчө болушун каалаган болсо, Европа Украинанын Европа Союзуна мүчө болушун каалап жаткан эле. Ошондуктан, ал кезде эки тарап кызыкчылыктары ортосунда анчалык чоӊ айырма жок эле… Мына ушул эки фактор Европа менен Американы Украинаны Россиядан алыстатуу үчүн биргеликте аракет кылууга алып келди. Себеби, ал убакта азыр эле айтып өткөнүбүздөй, Россия өзү кыйналып жаткан эле жана андай шарттарга каршы турууга кудуреттүү эмес болчу.

5 –   Бирок, 2007-жылдын аяк чендеринен баштап, айрыкча, 2008 жылы абал өзгөрдү. Себеби, бул убакытка келип Америка жана Европа экономикалык кризиске дуушар болду. Россия болсо саясий жана экономикалык жактан кандайдыр бир даражада туруктуу боло баштады. Ошондуктан, бул абал Россия үчүн Украинадагы «оранжевый» революциядан кийинки жаңы башкарууга басым өткөрүүгө ыңгайлуу боло турган бир учур пайда болду. Айрыкча, газ аркылуу экономикалык жактан басым өткөрүү үчүн ыңгайлуу учур болду. Себеби, Россия Америка жана Европанын өз кризистери менен алек болуп калганынан кадыржам эле. Ошондуктан да Россия Юшенко бийлигине каршы кырдаалды курчутуу жаатында чоӊ күч жумшады. Россия айрыкча Украинанын чыгыш аймактарында жана өзүнө  малай болгон башка кээ бир аймактарында кырдаалды курчутууга чоӊ күч жумшады… Мында газдын баасын көтөрүп коюу же газ жеткирүүнү токтотуп коюу Украинадагы Батышка малай болгон өкмөткө таасир өткөрүүчү бир куралга айланды. Буга кошумча түрдө, Россия өзүнүн чыгыш Украинадагы малайларын да аракетке келтирди. Натыйжада 2010-жылдагы шайлоолор убагы келгенде Украинадагы адамдардын көпчүлүгү Батышка малай болгон өкмөттүн жаман иштерин сезе турган болуп калды. Ошондуктан, бул шайлоонун натыйжасы Россиянын пайдасына болду. Себеби, Янукович дагы кайрадан бийликке кайтып келди. Мына ошондон кийин Россия эркин дем ала баштады. Себеби, Янукович Москва менен энергетика тармагында бир нече келишимдерге кол койду, эки мамлекет ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдеди, Россия менен маалымат, басылма, таалим, тил жана маданият тармактарында алакаларды өнүктүрүү жолун карманды. Янукович жаратылыш газынын баасын арзандатуунун акысына Кара деңиз орус флотуна тиешелүү жаңы келишим болушу мүмкүн экендигине да ишара кылды жана бул кийинчерээк ишке ашты.

Ошентип, демек мына ушул шайлоонун натыйжалары – ал тургай айырма анчалык чоӊ болбосо да – Россиянын пайдасына болду. Себеби, бул шайлоонун натыйжалары адамдардын Юшенкодон жадап калганын көрсөттү. Себеби, биринчи турдун натыйжасы Юшенконун 5,33 % добуш алганын, Юлия Тимошенконун болсо 25 % тегерегинде добуш алганын көрсөттү. Виктор Янукович болсо шайлоочулардын 35,5 % добушуна ээ болду. Ошондон кийин экиден көп талапкерлер ортосунда шайлоонун үчүнчү туру өткөрүлдү. Натыйжада, Янукович Батыштын 46 % добуш алган талапкери Юлия Тимошенкодон 3 % айырма менен 49 % добуш алып жеӊишке жетти. Ошентип, Россия 2010-жылдын февраль айында өзүнүн Украинадагы адамы Виктор Януковичти бийликке алып келүүгө жетишти жана ал мамлекеттин төртүнчү президенти болду. Янукович Россияны катуу колдоп-кубаттады. Мына ошол убактан баштап Америка таасири артка кете баштады жана Украина Россия менен алакаларды нормалдаштыруу жолун карманууга өттү.

Шайлоонун натыйжасындагы айырма аз гана экендигине карабастан Россия мунун артынан таасирдүү натыйжаларга жетишти. Себеби, президент Янукович бийликке келгенден эки ай өтпөстөн 2010-жылы 21-апрелде Харьковдо орус президенти Медведев менен жолугушту жана ошол жолугушууда орустардын Кара деңиз флотунун ижара мөөнөтү келишимин 2017-жылга чейинки мөөнөттүн ордуна 2042-жылга чейин узартууга уруксат берди. Мунун акысына орус Газпром компаниясы жаратылыш газынын баасын 2009-жылы кол коюлган газ келишминин калган убагында ар бир 1000 кубометр үчүн 100 долларга түшүрүүгө ыраазы болду.

6 –   Янукович Россияны көздөй тездик менен багыт алышын улантты. Көрүнүп тургандай, Янукович добуштарды алуудагы 3 %дан турган бул арзыбаган айырманы түшүнүп жетпеген т.а. бул айырма Батыштын Украинадагы малайлары да Россия малайлары салмакка ээ болгондой эле салмакка ээ экендигин түшүндүрүшүн Янукович түшүнүп жетпеген… Кала берсе, Янукович Америка менен Россиянын дүйнөдөгү башка проблемалар туурасында өз ара тил табышып жатканын көрүп эгерде өзү Европага кеп-сөз жүрүп калган соода келишими туурасында жүз үйрүп койсо бул тил табышуу Американын Европаны колдоп-кубатташына тоскоолдук кылат деп ойлогон. Анын бул күмөнү ката болду жана аны кулатты. Себеби, Америка мейли Россия менен тил табышып жаткан болсо да, бирок, Американы бүгүнкү күндө Украинада өз кадамын коё турган орун болушу эле эмес, НАТОнун аскерий базасы болушу да кызыктырат! Т.а. Америка ал тургай Украинанын Европа Союзуна кошулбастыгы үчүн Европага каршы турган күндө да анын бул каршылыгы Россиянын Украинадагы таасири уланышы үчүн болбойт. Тескерисинче, анын каршылыгы Украина Американыкы болушу үчүн болот! Ошондуктан, эгерде Янукович саясий жактан аӊ-сезимдүү болгондо муну албетте эсепке алат болчу, бирок андай болбоду… Ошентип кризис башталды.

7 –   Бул кризистин башталышы, андан кийин адамдардын курман болушу, андан кийин өз ара келишүү чечимине жетишилгендиги, андан кийин парламенттин президентти кызматынан алып таштоо чечими жөнүндө талкуу жүргүзүүдөн мурда Украинада кызыкчылыктары бар үч мамлекеттин позицияларын аныктап алалы. Ошондо бул үч мамлекеттин Украина окуяларында ойногон ролу – мейли бул ролдор күчтүүлүктө бири-биринен айырмаланса да – толук белгилүү болот. Бул үч мамлекеттин бул окуялардагы ролу алардын ар бири үчүн ыңгайлуу болгон шарттарга карай жана ар биринин кызыкчылыктары талабына карай ар түрдүү болду. Бул позициялар төмөнкүдөй болду:

а)   Россия: Орус президенти Владимир Путин 2014-жыл, 25-январдагы Евросоюз-Россия саммитинде Европа Союзун сынга алды. Ал Европа Союзун Украинага өкмөткө каршы нааразылык акциялары болуп жаткан убакта жогорку даражалуу делегация жибергени үчүн сындап: «Буга саясий аралашуу деген баа берүүгө болот», – деди. Путин Брюсселдеги мына ошол саммиттин аягында мындай деди: «Грециядагы же башка бирер мамлекеттеги кризис агымында биздин тышкы иштер министрибиз Европа Союзуна каршы болуп жаткан массалык демонстрацияларга катышып, адамдарды бирер нерсе кылууга чакырса европалык шериктерибиз буга кандай каршы мамиле билдиришин элестете аламын». (Yahoo News агенттиги, 2014-жыл, 18-январь). Интерфакс агенттиги болсо орус тышкы иштер министри Лавровдун төмөнкү сөздөрүн келтирди: «Жон Керри “ким менен болушун тандоо бүт дүйнө менен болобу же бир гана мамлекет мененби, муну тандоо Украинанын укугу” деп айтып жаткан соӊ Керри – өзүнүн тажрыйбасы жана соо-саламат аӊ-сезими менен – мен мындай үгүттөөнү күткөн адамдардын акыркысы». Британия радиосу ВВС болсо Украинадагы башаламандыктар жөнүндө 2014-жыл, 1-февралда орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун төмөнкү сөздөрүн келтирди: «Көчөлөрдө зомбулук акцияларына үндөөнүн демократияны күчөтүүгө кандай тиешеси бар?… Эмне үчүн европалык белгилүү саясатчылар мындай иш-чараларды шыктандырууда? Акыры алар өз мекендеринде ар кандай мыйзам бузууларды дароо катуу жазалашат эле го?». Россия Украинадагы окуяларды өкмөткө каршы «төӊкөрүш жасоого аракеттенүү» деп баалады жана анын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы кандуу окуялар туурасындагы жоопкерчиликти кээ бир Батыш мамлекеттеринин мойнуна жүктөдү. Лавров Батышты бул кризисте ортомчу ролун ойнобостукка чакырды. (Ал-Жазира, 2014-жыл, 19-февраль). Рейтер агенттиги болсо орус президентинин кеңешчиси жана Украина менен боло турган алакалар боюнча жооптуу Глазьевдин 2014-жыл, 6-февралда берген интервьюларын келтирди. Ал «Американын аралашуусу 1994-жылы кол коюлган келишимди бузуу болуп эсептелет» деп баса белгиледи. Бул келишим боюнча Вашингтон менен Москва Украина суверенитетин жана коопсуздугун камсыздоо, мына ушул түрдөгү күрөштөр келип чыккан убакта биргеликте аралашуу милдетин мойнуна алышкан эле. Киев өзүнүн Советтер Союзу доорунан калган ядролук арсеналынан баш тарткандан кийин ушул келишимге кол коюлган эле. Ошондуктан, бул орус жооптуусу: «Америкалыктардын учурда Украинанын ички иштерине бир жактуу ачыктан-ачык аралашып жатканы биргеликте аракет кылуу кепилдиктери көрсөтүлгөн мына ошол келишимди ачыктан-ачык бузуу болуп эсептелет», – деди. (Рейтер, ал-Жазира маалымат агенттиктери, 2014-жыл, 7-февраль).

б)    Европа Союзу: Польша тышкы иштер министри Радислав Европа Союзунун сунушу менен ал жердеги кризисти жөнгө салууга аракет кылып көрүү үчүн Киевге бара тургандыгын билдирди. Польша тышкы иштер министринин орунбасары Петр Серафин болсо Европа Союзу алкагында Украина жооптууларына каршы жаза-чаралары киргизилишине келишип алынгандыгын билдирди. Өз кезегинде немец канцлери Меркел – француз президенти Франсуа Олланд менен бирге өткөргөн басма сөз конференциясында – «Европа тышкы иштер министрлери 2014-жыл, 20-февраль күнү Европа Украинада саясий багытты жөнгө салууну каалап жатканын көрсөтүү үчүн кайсы түрдөгү жаза-чараларды киргизүү зарылдыгын талкуу кылышы керек», – деди. Европа Союзу Украинага бул мамлекеттин Европа менен жакындашуусун колдоп-кубаттап эки айдан көбүрөөк убактан бери уланып жаткан митингдерди токтотуу үчүн бир катар жардамдарды көрсөтүүнү убада кылды. Бул убада Евросоюздун тышкы саясат боюнча координатору Кетрин Эштон Киевде президент Янукович жана оппозиция жетекчилери менен өткөргөн сүйлөшүүлөр маалында берилди.

Өз кезегинде оппозиция жетекчиси Виталий Кличко мамлекет башынан өткөрүп жаткан бул саясий кризисте Европа Союзун ортомчулук кылууга чакырды. Кличко Эштондун оппозиция жетекчилери менен өкмөт ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жогорку даражадагы ортомчуларды жиберүүгө Европа Союзу даяр экенин баса белгилегенин кошумча кылды. (Ал-Жазира, 2014-жыл, 5-февраль). Украина маселеси Германиянын Мюнхен шаарында 2014-жыл, 31-январда өткөрүлгөн коопсуздук саммитинде да башкы маселе болду. Европа кеңешинин төрагасы Херман Ван Ромпей мындай деди: «Сунуш дагы деле күчүндө турат, биз убакыт биздин пайдабызга иштеп жатканын билебиз, Украинанын келечеги Европа Союзуна тиешелүү». Рейтер агенттиги Германия, Польша жана Франция тышкы иштер министрлери Украина президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жөнүндө кабар таркатты. Дипломатиялык булактарга ылайык, бул министрлер мамлекеттен чыгып кетишпеген. Бир дипломатиялык булак «алар азыр аны менен жолугушуу өткөрүп жатышат» деди. Бул ушул министрлер тарабынан бул  мамлекетти бир айдан бери бороондой толкутуп жаткан кризистен алып чыгууга болгон аракет болуп эсептелет. (Рейтерден алынды, 2014-жыл, 20-февраль).

Бул тууралуу Арсений Яценюк жана белгилүү оппозиционер, бокс боюнча мурдагы чемпион Виталий Кличко Берлинде немец канцлери Ангела Меркел менен жолугушту. Кличко Украинадагы кризистин чечимин табууда Германия жана Европа Союзу жетекчи ролду ойношу керектигин айтты. Кличко Батыштын Януковичке басым өткөрүүсү менен бир катарда Ураина калкы үчүн финансылык жардамдар көрсөтүлүшү жана Европа менен болгон виза түзүмүн бекер кылуу же жеӊилдетүү да зарыл экендигин баса белгиледи. Ал мындай жардамдарды оӊ таасирдүү программа деп атады. Өз кезегинде Меркел Киевди жаңы өкмөт түзүүгө жана конституцияга оӊдоп-түзөтүү киргизүүгө чакырды. Меркел бир билдирүүдө: «Митингчилерге мунапыс берүү жөнүндөгү келишим бир оӊ маанидеги кадам болуп эсептелет, бул багытта дагы да көбүрөөк кадамдарды таштоо зарыл», – деди. (Ал-Жазира, 2014-жыл, 18-февраль).

в)   Америка: Рейтер агенттиги 2014-жыл, 7-февраль жума күнү Вашингтондон мындай кабар таркатты: «Америка тышкы иштер министрлигинин жооптуусу менен Украинадагы Америка элчиси ортосунда болуп өткөн жана YouTube сайтына жайгаштырылган маек бул мамлекеттеги саясий өзгөрүшкө карата Америка стратегиясында бир анык өзгөрүш болгонун көрсөтүп турат». Агенттик мындай деп кошумча кылды: «YouTubeда 2014-жыл, 4-февраль күнү жарыя кылынган сүйлөшүүлөр маалында Америка тышкы иштер министринин жардамчысы Виктория Нуланд Киевдеги Америка элчиси Жеффри Баятка саясатчыга айланып оппозициянын башкы жетекчиси болуп калган бокс чемпиону Кличконун жаңы өкмөттүн курамында болушу зарылдыгына ишене тургандыгын маалымдады». Кличко Европада алкышталган болсо да, айрыкча Украина президенти жана жетекчилеринин бири Кличко болгон оппозиция менен жолугушкан Европа делегациясы тарабынан алкышталган болсо да, бирок, Америка тышкы иштер министринин жардамчысы Виктория Нуландга Америка элчиси сүйлөшкөн маалында Европа Союзунун раъйы жакпады жана ал өзүнүн маектешине «Европа Союзу тозокко кетсин» деди. Нуланд БУУнун Киевдеги кризисти саясий жол менен чечүүдө катыша тургандыгын да көрсөтүп өттү. Нуланд мейли кечирим сураган болсо да, бирок анын сөздөрү Американын көз карашы Европа көз карашына албетте туура келиши зарыл эместигин көрсөтүп турат.

Обама да Украинада жүз берген зомбулук иштерин катуу каралап, митингчилердин курман болгондугу жоопкерчилигин Киевдеги өкмөттүн мойнуна жүктөдү жана өкмөттөн өзүн карманууну жана аскерий күчтү колдонбостукту талап кылды. Обама маселелер тынчтык жолу менен чечилиши керектигин айтты. Бирок, ал ошол эле убакта митингчилер өз нааразылыктарын тынчтык менен улантышы керектигин жана алар жүрүшү керек болгон жол зомбулук эместигин түшүнүп жетиши зарыл экендигин да баса белгиледи. Ал бул сөздөрдү Ак үй Украинадагы кырдаалды күзөтүп келе жаткандыгын билдирген бир убакта айтты. Ошол эле убакта Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилеринин бири Бен Родстун айтымында, Америка мекемеси ташталышы зарыл болгон келечектеги кадамдар туурасында, ошону менен бирге Украинага каршы жаза-чараларын колдонуу туурасында Европа Союзу менен кеңешүүдө. (Баввоба Ньюс Ассошиэйтед Пресстен алды, 2014-жыл, 10-февраль).

Америка тышкы иштер министри Жон Керри да: «Бүгүн Европанын демократиялык келечеги үчүн күрөш болуп жаткан Украинага караганда маанилүүрөөк жер жок, ошондуктан, Кошмо Штаттар жана Европа бул согушта Украина калкы менен жанма-жан турат», – деди. (Британия радио корпорациясы – Украинадагы башаламандыктар 2014-жыл, 1-февраль).

Бул позициялардан жана билдирүүлөрдөн төмөнкүлөр анык көрүнүп турат:

Россия Украинаны өзүнүн тагдыр чечүүчү маселеси деп эсептейт, ошондуктан да Россиянын Украина президентин экономикалык жактан колдоп-кубатоодо жан үрөп күч жумшаганын көрүп турабыз. Себеби, митингдер маалында Россия 17-декабрда Украина менен бир келишим түздү. Ага ылайык, Украина жеткирип берилүүчү газ боюнча ар миӊ кубометр үчүн 400 доллардан 268 долларга чейин болгон 33 % жеӊилдикке жетише турган болду. Москва Украина карыздарынан 15 миллиард доллар өлчөмдөгүсүн сатып алууга да ыраазы болду. (Yahoo News агенттиги, 2014-жыл, 18-февраль). Россиянын өкүлү 2014-жыл, 21-февраль жума күнү болуп өткөн президент менен оппозиция ортосундагы келишимге кол коюу ырасымында катышпады, мейли бул келишимге Россиянын ыраазылыгы менен кол коюлган болсо да – себеби Янукович Россиянын ыраазылыгысыз бирер келишимди түзө албайт – бирок, анын өкүлү бул келишимге кол коюлушу маалында катышпады. Россия бул келишимге ыраазылык берген болсо да, бирок ал өзүнүн өкүлүн чакыртып алышы артынан Украина үчүн өзүнүн Украина Россияныкы гана болушунан башка чечимди көрбөй жаткандыгы жөнүндө кескин билдирмекчи болду! Бул болсо Россиянын Украинага өтө маани берип карай тургандыгын көрсөтүп турат. Кала берсе, бул Россиянын Украинадагы малайларын ыраазы кылуунун бир ыкмасы болчу. Себеби, бул малайларына мына ушул келишим жакпады.

Бул маселеде «тараза өлчөөсү» болгон Европа Союзу жөнүндө айта турган болсок, анын өкүлдөрү тынымсыз каттап мына ушул келишимди башкарууга жана кол коюлушуна баш болушту. Алардын оппозиция менен алакалары анык көрүнүп турат, ал тургай оппозиция Европанын жардам беришин ачык-айкын талап кыла турган болду. Ал гана эмес, Януковичтин Европа менен соода келишимине кол коюудан баш тартышы дал ушул нааразылык акцияларына себеп болгон.

Америкага келсек, анын позициясынан анын эки тарапты: Европаны да, Россияны да ыраазы кылууга аракет кылып жатканы анык көрүнүп турат:  Себеби, Америка Украинанын Европа Союзуна кирбешин каалап жатат, бирок ошол эле убакта Атлантикалык Союзга мүчө болушун да каалап жатат. Себеби, Украинанын Европа Союзуна кирбеген мамлекет болуп кала бериши Россияга жагат. Ошол эле убакта Украина Америка колундагы басым өткөрүү куралы да болуп калат. Америка бул куралды өзүнүн пландарына, айрыкча Ортоӊку Чыгыштагы пландарына Россиянын тынымсыз жардам беришин кепилдөө үчүн ишке салат.

8 –   Эми ушул кризис жөнүндө, анын кандай башталганы жөнүндө сөз кыла турган болсок жана ал Батыш Украинада таасирге ээ болуп алган 2004-2005-жылдардагы «оранжевый» революцияда болгону сыяктуу ишти Батыштын пайдасына чечип орус таасирин тамыры менен сууруп таштай турган дагы бир «оранжевый» революциябы? 2010-жылдагы шайлоолордо болгону сыяктуу орус таасиринин дагы кайрадан тикелениши күтүлөбү? – деген суроолорго жооп берүүгө келсек, бул маселе төмөнкүдөй түшүнүп алынат:

а)   Украинанын Европа Союзу менен соода келишимине Литванын Вильнюс шаарында 21-ноябрда өткөрүлө турган чыгыш кызматташтык саммитинде кол коюлушуна токтом кылынган эле. Бирок, Украина өкмөтү бул келишимге кол коюуну четке какты жана анын ордуна Украина, Европа Союзу жана Россия ортосунда үчтүк соода комиссиясын түзүүнү сунуштады, бул комиссиянын милдети ушул тараптар ортосундагы соода маселелерин чечүү болушу керек эле. Бул жооп Киев көчөлөрүндө өтө чоӊ нааразылык акцияларынын башталышына алып келди. Мына ошондон ушул кризис пайда болду. Себеби, 2013-жылы 15-декабрда Украина борбору Киевде 200.000ге жакын адам чогулду жана кырдаал курчуп бара берди…

б)   Мына ошондон кийин акциялар күчөй баштады: Эгемендүүлүк майданы ээлеп алынып чатырлар тигилди, өкмөттүн кээ бир штабдары да ээлеп алынды, президенттин отставкага кетиши же анын ыйгарым-укуктарын кыскартуу туурасындагы, президенттин ыйгарым-укуктарын парламентке өткөрүп берген 2004-жылдагы конституцияга кайтуу туурасындагы талаптар жаӊырды, камака алынгандарды, айрыкча Юлия Тимошенкону азаттыкка чыгаруу туурасындагы талап коюлду… Ошондон кийин 18-19-20-февраль күндөрү зомбулук окуялары, адамдардын өлтүрүлүшү жана жарадар болушу жүз берди. Украина жооптуулары 2014-жыл, 18-февраль күнү оппозициядагыларды экстремисттер деп атап, алар бутага алына турган «террорго каршы» операция башталганын жарыя кылышты, ошол эле убакта коопсуздук күчтөрү Киевдеги нааразылык акциялары борборуна чабуул кылууну улантты, мунун натыйжасында 26 киши өлтүрүлдү…

Өкмөт өзгөчө кырдаал мыйзамын чыгарып демонстрацияларга тыюу салган эле, кийинчерээк өкмөт оппозициядагыларга президенттин башкаруусу астындагы премьер-министрлик кызматты сунуштап оппозицияны бийликте шерик кылууга аракет кылып көрдү… Ошондон кийин коопсуздук күчтөрү эгемендүүлүк майданына бастырып кирүүгө аракет кылды, натыйжада курман болгондор жана жараат алгандар болду. Мындай абал 2014-жыл, 21-февралда оппозиция жана өкмөт диалог өткөрүп мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүшүн жана конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кыла турган өз ара келишүү чечимине кол коюуга жетишкени жарыя кылынганга чейин уланды… Маалымат каражаттары 2014-жыл, 21-февралда Украина оппозициясынын үч жетекчиси президенттик сарайда Европа Союзу ортомчулары катышуусунда Янукович менен биргеликте кризисти жөнгө салууга тиешелүү келишимге кол коюшканы жөнүндө кабар таркатты. Сүйлөшүүлөрдөгү Москва өкүлү болсо бул келишимге кол коюлушуна катышпай Украинаны таштап өз мамлекетине учуп кетти. 2014-жыл, 22-февралда болсо парламент президентти кызматынан түшүргөнүн жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өткөрүлө тургандыгын жарыя кылды…

Көӊүлдү бура турган нерсе, Европа Союзу мына ушул диалог жолугушууларын башкарган болсо да жана келишимдерге Европа ортомчулугу менен кол коюлган болсо да, бирок ушул келишимге кол коюлгандан кийин Путин менен биринчи болуп Обама байланышты. Себеби, Америка тышкы иштер министрлигиндеги бир жооптуу Обама жана Путиндин өз ара телефон аркылуу байланышып, экөө теӊ маек маалында Украинадагы тынчтык келишимин тездик менен ишке ашыруунун маанисин жана украин экономикасын турукташтырууга жетишүү зарылдыгын баса белгилешкенин айтты. Ошол Америка жооптуусу телефон аркылуу өткөрүлгөн маалымат конференциясында журналисттерге эки тарап теӊ жетишилген келишимди тездик менен аткаруу зарылдыгы туурасында жана бардык тараптарды зомбулуктан тыйылууга үндөө туурасында, бул жерде тынч жол менен натыйжага жетишүүнүн чыныгы мүмкүнчүлүгү бар экендиги өтө маанилүү экендиги туурасында бирдей пикирде экендигин билдирди. (Ал-Жазира, 2014-жыл, 22-февраль).

в)   Эми бул нааразылык акциялары 2004-2005-жылдарда болгону сыяктуу дагы бир «оранжевый» революциябы? Буга Россиянын 2010-жылда болгону сыяктуу каршы мамиле билдириши күтүлөбү? – деген суроого келсек, бул суроого жооп бериш үчүн учурда абал 2005 жана 2010-жылдагыдан айырмаланышын эсепке алуу зарыл болот. Себеби, эми бул үч тараптын эч биринин бардык тизгиндерди өз колунда кармап калышынын жана өзүнүн пайдасына гана боло турган чечимди пайда кылышынын мүмкүнчүлүгү калбады. Муну ачыгыраак элестетүү үчүн төмөнкүлөрү дагы кайрадан эстетебиз:

–     «оранжевый» революция жүз берген убакта Россия Советтер Союзу кулашынын таасирлеринен кыйналып жаткан эле. Ошондуктан, Россия саясий жана экономикалык жактан бир ири мамлекет катары турукташа элек болчу. Европа жана Америка болсо экөөсү бир болуп «оранжевый» революцияны колдоп-кубаттады. Себеби, Америка жана Европа Украинанын Россия чеңгелинен чыгып кетип, Украинада «тараза ташы» күчтүү тарап: Америка жана Европа пайдасына басышынан кызыкдар эле. Америка өзүнүн малайы Юшенко «тараза ташын» эч бир чатаксыз Америка пайдасына басууга толук ишенген эле. Ошондуктан, күрөш күчтүү тарап болгон Америка жана Европа менен алсыз тарап болгон Россия ортосунда болду. Натыйжада, Россия өзүнө  малай болгон президентти колдоп-кубаттай албады. Ошентип, 2005-жылдагы шайлоолордо Россия малайы жеӊилип, Америка адамы Юшенко Украина президентине айланды…

–     2010-жылы болсо Россия кандайдыр бир даражада оӊолгон жана анда ыӊгайлуу саясий жана экономикалык туруктуулук көрүнө баштаган эле. Америка жана Европа болсо экономикалык кризиске дуушар болгон эле. Экөөсү бул кризис себептүү араӊ дем алып жаткан эле. Ошондуктан, Россия мына ушундай шартта Батыштын Украинадагы малайы болгон өкмөттү экономикалык проблемаларга – айрыкча газ тармагында – дуушар кылууга жетишти. Мындан тышкары, Россия өзүнүн Украинадагы малайларын да активдүү ишке салды. Ошондуктан, Россиянын Украинадагы адамы Янукович жеӊишке жетишти. Мейли ал 3 % айырма менен добуш алып жеӊип чыккан болсо да, бирок ал Россия таасирин кандайдыр бир даражада кайрадан тикеледи.

–     Ал эми учурда бул үч күчтүн ар бири ички жана тышкы проблемаларды башынан өткөрүүдө… Мындан тышкары, Америка Украинанын Европага көз каранды болушун каалабайт. Тескерисинче, Америка Украинанын Европа Союзуна кирбей, өзүнүн таасир өткөрүү борборуна айланышын каалайт. Себеби, мына ошондо Америка Россияны өзүнүн пландарын, айрыкча Ортоӊку Чыгыштагы пландарын ишке ашырууда Америка менен кызматташууну улантууга мажбур кылуу үчүн Украинадан Россияга басым өткөрүү жана Россияны кызыктыруу куралы катары пайдалана турган болот. Ошондуктан, Украинанын Европа Союзуна кошулбастыгы Россияны ыраазы кылат, мейли, Украинада эң чоӊ үлүш Россияныкы эмес, Американыкы болсо да!

–     Ошондуктан, демек бул үч тараптын эч бири Украинаны бүтүндөй өз тарабына тартып алууга кудуреттүү болушу күтүлбөйт. Эӊ эле жок дегенде жакынкы келечекте бул нерсе күтүлбөйт. Тескерисинче, өз ара келишип бир чечимге жетишүүсү күтүлөт. Мисалы, азыркы президенттин отставкага чыгышы же чыгарылышы, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлүп 2004-жылдагы конституцияга ылайык ыйгарым-укуктары кыскартылган, өз ара келишилген президентти бийликке алып келүү же конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү сыяктуу жана ушуга окшогон капитализм ыкмасындагы чечимдерге т.а. орточо, келишүүчү чечимге жетишүүлөрү күтүлөт. Башкача айтканда, Украинадагы жаңы кырдаал ушул үч тараптын бир тарабынын пайдасына гана чечилиши ыктымалдан алыс. Ошондуктан, демек Украинада шайлана турган ар кандай президент ушул үч тараптын этегине жабышкан болот. Жок эле дегенде жакынкы келечекте ушундай болот.

–     Бирок, бул чечим ар кандай убакта, жаңыча абал пайда болгон убакта жарылууга даяр бир бомба болуп кала берет. Жаңыча абалда бул үч тараптын кимиси болсо да Украинада толук таасирге ээ болуп алышы мүмкүн. Себеби, бул үч тарап капитализмди кабыл алган, капитализм болсо пайдапарастык үстүнө курулат. Демек, бул үч тараптын эч биринде өзгөрбөс баалуулуктар жок, тескерисинче өзгөрүүчү болуп, бул үч тараптын кайсынысы биригүүчүрөөк, дагы да ыпыласыраак жана дагы да зордукчулураак болсо ошонун тарабында болот.

–     Ошондуктан, демек өз ара келишим негизиндеги бул чечимдер азыркы шарт үч тарапка теӊ өз өкүмүн өткөрүп мажбур кылып жаткан «тынчтандыруучу» чечим болуп эсептелет. Демек, абал өзгөрсө иштер кайрадан курчуп кетет. Ошондуктан, Украинадагы кырдаал мусулмандардын Халифалык мамлекети тикеленсе гана туруктуу абалга келет. Халифалык Крымды жана анын айланасын дагы кайрадан өз башкаруусу астына кайтарат. Мына ошондон кийин иштер турукташып, жакшылык бүт дүйнөгө жайылат. Себеби, Ислам бүт дүйнө үчүн рахмат болуп эсептелет. Аллахтын уруксаты менен Ислам башкаруусу астында эч ким зулум көрбөйт, эч ким ач жана жылаӊач калбайт. Тескерисинче, азиз болуп калат, кордолбойт. Себеби, мамлекеттин бардык жарандары – мусулмандар болсун, кайрымусулмандар болсун – шаръий өкүмдөргө ылайык акы-укукка ээ болот, моюндарында важиб милдеттер болот.

«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок адамдардын көптөрү (муну) билишпейт» [12:21]

22-робиус-саний, 1435-х.       

22-февраль, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here