СЕРБ РАДИКАЛДЫК ТОБУ КРЫМДА

330
0

Сербия мамлекеттик телевидениесинин RTS каналы Сербияда “Карышкырлар” деп аталган топ Крымдагы орус калкына жардам берүү максатында ыктыярдуу түрдө Крымга кеткендиги жөнүндө кабар таркатты.

Бул радикалдык топ өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында Боснияда болгон кыргында миӊдеген босниялык мусулмандарды аёосуз кыргын кылуу менен таанылган сербдер жамааты болуп эсептелет.

Өзүн “карышкырлар” жамаатынын командачысы деп тааныштырган Милутин Малишичтин айтымында, бул топтун Крымда Россия аскерлери менен бир сапта турушунун себеби, серб калкы орус калкына жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирүү үчүн болууда.

“Бүгүн бул жерде болуп жаткан окуялар бир убакта Сербияда болгон окуялардын кудум өзүндөй”, – деди ал Боснияда мусулмандар массалык түрдө кыргын кылынган окуяга ишара кылып.

“Батыш жана Европа оппозицияны каражат менен камсыздап жаткан соӊ, оппозиция да өз кезегинде Европанын каалоосун ишке ашырууда”, – деди Малишич кошумчалап.

Орус ыктыярчылары да 1990-жылдардагы Югославия жеринде болуп өткөн согушта сербдердин жанында туруп аларга жардам бергендигине басым жасаган Малишич: “Бүгүн кезек биздики, бул жерде болуу биздин милдетибиз”, – деди.

Малишич өзү менен Крымга келген сербиялык бир нече мекендештери бар экендигин айтып: “Мени менен бул жерге келгендер Россияны өтө жакшы көргөн кишилер”, – деди.

Туркистон:

Россия мусулмандарга душмандык позициясында турууну улантууда. АКШ аны Сириядагы ээлеген туура эмес позициясынан илинтип алып, бүт дүйнө мусулмандарынын номер биринчи душманы кылууну көздөй өтө айлакердик менен багыттап бара жатат. Ооба, ал бүт дүйнөдөгү мусулмандардын душмандыгын өзүнөн Россияга карай буруп жиберүүгө аракет кылып жатат. Путин болсо, өзү күч түзүмүнөн келгендигиненби, айтор АКШ коюп жаткан бардык тузактарга түшүп жатат. Акыры, Россия исламий коркунуч эӊ күчтүү болгон аймактардан болуп эсептелет го. Европа келгинди мусулмандардан коркууга түшүп жаткан убакта, Россия негизги бөлүгү исламий өлкөлөр жана мусулмандар болуп туруп, алар менен ортосунда өтө чоӊ жарака пайда кылууну улантууда. Путиндин бул саясий сокурдугунан Обама өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну улантууда. Россия ушул багытын уланта берсе, жакынкы келечекте талкаланат, инша Аллах. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here