Палестина жана Израиль жооптуулары АКШ ортомчулугунда уланып жаткан сүйлөшүүлөр аяктап эч бир натыйжа бербегендигин жана үмүт үзүлүп бара жатканын ачыкташты.
Франс Пресс маалымат агенттигине интервью берген палестиналык жооптуу: “Кризис уланууда. Сүйлөшүү башталгандан бери Израиль бизди коркутуп келет, бир да чечимге жетишилбеди”, – деди.
Израилге караштуу “Ynet” сайтына интервью берген Израилдик жооптуу да сүйлөшүүлөр жардын жакасында экендигин билдирип, АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин да көӊүлү калгандыгын айтып өттү.
Ал: “Сүйлөшүүлөр бир нече апта ичинде мурдагы таасирин жоготуунун астанасында турат”, – деди.
Израилдин премьер министри Бинямин Нетаняҳу министрлер кеңешинде сөз сүйлөп, Палестина менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экендигин билдирди. А бирок, бул үчүн эч кандай формадагы төлөмдү кабыл албастыгын баса белгиледи. Эгерде Палестина тарап эл аралык уюмдарга кайрыла турган болсо, Израиль да өз кадамдары менен буга жооп кайтарышына басым жасады.
Туркистон:
Израиль проблемасы – бул Палестина чыккынчы бийлигинин проблемасы эмес. Ал Халифалык мамлекети аркылуу чечиле турган Ислам жана мусулмандар проблемасы! 50-жылдардан бери ар түрдүү айла-амалдар менен уланып келе жаткан бул сүйлөшүүлөр Палестинанын чечими эмес, тескерисинче Израиль бул региондо көбүрөөк бар болуп турушу үчүн ойлоп табылып жаткан айла-амалдардан башка нерсе эмес.
Басма сөз баянаты Юрган Нобель сунуштаган интеграция планы: бул ассимиляцияга чакыруубу? Жакында Голландия премьер-министри Дик…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (биринчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…
Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла! Оо, Шам…
Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…
Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…