Басма сөз баянаты
Россия бийлиги Курайш кафирлеринин жолун карманууда жана Хизб-ут-Тахрирмүчөлөрүн репрессия кылууну күчөтүүдө
2014-жылы 25-февралда таң эрте Россия ички иштер министрлигинин жана федералдык коопсуздук кызматынын адамдары Башкыртстандагы Дюртюли шаарында мусулмандардын үйлөрүндө кеңири көлөмдүү тинтүү өткөрүштү.
Кече күнү Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө коюлган айыптоонун негизги беренеси Россия федерациясынын кылмыш кодексинин 282,2 беренеси (экстремисттик уюмдарды түзүү жана анын иш-аракетинде катышуу) болсо, ал эми, бүгүн Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө Россия федерациясынын кылмыш кодексинин 205,5 беренеси (террористтик уюмдарды түзүү жана анын иш-аракетинде катышуу) негизинде айып коюлууда.
Ушул «террористтик уюмдарды түзүү жана анын иш-аракетинде катышуу» айыбы менен Хизб-ут-Тахрирдин ушул мүчөлөрү камакка алынды: Кутлуяров Газим (1959-жылы туулган), Салахов Ильгиз (1979-ж.т.), Хуснияров Шамиль (1979-ж.т.), Салимов Ильшат (1987-ж.т.), Асылов Руслан (1987-ж.т.).
Исламий саясий хизб болгон Хизб-ут-Тахрирди террористтик партия деп моюнга алып келе жаткан бирден-бир мамлекет дагы эле Россия болуп турат. Хизб эч бир террордук аракеттерине алакадарлыгы далилденбегенине карабастан, жогорудагы мусулмандар Россия федерациясынын кылмыш кодексинин «терроризмге каршы күрөш» беренеси боюнча камакка алынууда. Бул беренеге ылайык камакка алынган адам 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Россия Исламга ылайык жашоого чакырып жаткан мусулмандарга каршы аракети менен өзүнүн пикирий жактан алсыз экенин дагы бир ирет далилдеди. Россия Хизб-ут-Тахрир чакырып жаткан пикирлер Исламдан болгону үчүн бул пикирлерди террорго теңдеди. Шек-күмөнсүз, мусулмандарга каршы коюлуп жаткан мындай дооматтар акыйкаттын кеңири жайылышын эч качан токтото албайт, себеби, анын кепилдигин Аллах Субханаху ва Таала Өз мойнуна алган. Аллах Таала мындай дейт:
«Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толо чар-тарапка жаюуну каалайт» [9:32]
Исламий даъваттын алгачкы доорунда да дал бүгүнкү күндөгүдөй мусулмандардын мамлекети болбогон жана Мекке мушриктери ушул исламий даъватты токтотуп, жок кылмакчы болушкан. Алар улуу пайгамбарыбыз Мухаммад Aды жана сахабаларын куугунтуктоого алышты жана аларга басып өткөрүшүп, кыйноолорго салышты, курчоого алышты. Пайгамбарыбыз жана сахабалар ар түрдүү кыйынчылыктарга кабылышты. Бирок, бул мусулмандар багынып беришкен жок, Исламдан баш тартышпады. Тескерисинче, алар акыйкатка даъват кылууну улантышты, кийин Аллах Субханаху ва Таала аларга ырайымдуулук көрсөтүп, Мадинаи Мунавварада нусрат берди. Ошол жерде алар өздөрүн коргой алышты, Исламды толук колдонууга жетишишти. Ислам мамлекети ушундай жол менен тикеленген жана мына ушул жол менен дагы кайра тикеленет, инша Аллах.
Хизбдин камакка алынган ушул мүчөлөрү кудум Расулуллах Aдын сахабаларына окшойт, алар чынында Исламий Үммөттүн тандалган перзенттери! Саъд ибн Убу Ваккас G мындай риваят кылган: «Мен «я Расулуллах, эң көп сыноого учурай турган адамдар кимдер» деп сурадым, ал зат мындай деди:
«الْأَنْبِيَاءُ، ثُمَّ الْأَمْثَلُ، فَالْأَمْثَلُ، فَيُبْتَلَى الرَّجُلُ عَلَى حَسَبِ دِينِهِ…»
«Пайгамбарлар, кийин аларга окшогондор, кийин дагы аларга окшогондор. Анткени, киши динине карап сыноого учурайт» (Имам Тирмизий риваяты).
Тогуттарга келсек, алар Мекке мушриктеринин абалы кандай болгонун эске алышсын, алардын жолуна ээрчүү шерменделик жана кордуктан башка нерсеге алып барбайт.
«Албетте мумин жана муминаларды фитнага салган, анан тообо кылбаган кимселер үчүн тозок азабы бар жана алар үчүн от азабы бар!» [85:10]
Хизб-ут-Тахрирдин
Россиядагы басма сөз бөлүмү
Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы басма сөз бөлүмү: www.hizb-russia.info
Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com