ПУТИН: ЭГЕРДЕ УКРАИНАДА БАШАЛАМАНДЫКТАР ЖҮЗ БЕРЕ ТУРГАН БОЛСО, ӨЗ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫБЫЗДЫ КОРГОЙБУЗ

340
0

Орус парламенти кечээ 1-март күнү Россия президенти Владимир Путиндин Украина жерлерине саясий жана социалдык туруктуулукту кайрадан тикелөө үчүн Россия куралдуу күчтөрүн ишке салуу сунушун бир добуштан колдоп-кубаттады.

Россия федерациялык кеңешинин жетекчиси Валентина Матвиенко: “Биз Крымда жашап жаткан Россия жарандарынын жана Россиянын Кара деӊиз флотунун коопсуздугун коргоо үчүн белгилүү бир сандагы аскерлерибизди регионго жиберүүнү президент Владимир Путинге кеӊеш бердик”, – деди.

Матвиенко жыйында Россия элчисин Америкадан чакырып алуу талабын өз ичине алган көрсөтмөнү даярдап Россия президентине тапшыруу сунушун көтөрүп чыкты.

О.э. Россия федерациялык кеңешинин жетекчисинин катчысы Юрий Воробьев да орус элчисин Вошингтондон чакырып алууну талап кылды. Бул талаптар АКШ президенти Барак Обама Украинадагы кырдаал тууралуу сөз сүйлөп “бул Россия калкын акаарат кылуу” дегенден кийин пайда болууда.

2-март күнү т.а. бүгүн Россия президенти Владимир Путин америкалык кесиптеши Барак Обама менен телефон аркылуу байланышып Украина туурасында сүйлөштү. Путин Украина жерлеринде жашап жаткан Россия жарандарынын өмүрүнө чындап эле коркунуч бар экендигин баса белгилеп, эгерде Украина жана Крым өлкөсүндө тартипсиздиктер жүз бере турган болсо, Россия өз кызыкчылыктарын жана жарандарынын кызыкчылыктарын о.э. орус тилдүү Украина жарандарынын кызыкчылыктарын коргой тургандыгын билдирди.

Россия президенти Франция президенти Франсуа Олланд менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы кырдаал боюнча талкуулашты.

Туркистон:

Путин өзүнүн авторитардык режиминен пайдаланууда. Ал кудум режимдин талаптары катъий экендигинен, кээ бир ыкчам чараларды көрүүгө мажбур болуп жаткандай көрүнүүгө аракет кылат. Режимге эрк берип анын катъий талаптары астында кээ бир эл аралык укук нормаларды бузууга аракет кылып көрөт. Бул нерсе 23-февраль мекен сакчыларынын күнүнө байланыштуу болуп өткөн митингде Кремлдин саясий маскарапозу болгон Жириновскийдин сүйлөгөн сөзүндө даана көрүндү. Ал Украинаны, Польша, Германия сыяктуу баскынчылардан дал ушул орус калкы куткарып алганын, карызга газ жана нефть менен арзан баада камсыздап келе жатканын милдет кылып, өтө акаараттуу сөздөр менен Кремлден аларды ушул газ жана нефтиден таптакыр үзүп жиберүүнү талап кылды. О.э. Крымдагы орус тилдүү калктарды жана Кара деӊиз аскерий флотун коргоо үчүн армия киргизүү керектигин айтты. Анын артынан сүйлөгөн Зюганов жана башка саясий элита мүчөлөрү да ушул багыттагы сөздөрдү сүйлөштү. Эми болсо кудум ушул талаптар менен бүтүндөй парламент бир добуштан көтөрүлдү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here