ЛАВРОВ КЕРРИНИ ЭСКЕРТТИ

332
0

Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын түштүк чыгышындагы жарандарга каршы Киев өкмөтүнүн күч колдонушу “төрттүк жолугушууну” жокко чыгарышынан эскертти.

Кечээ россиячыл күчтөр Украинанын түштүгүндөгү Славянск шаардык кеңешинин имаратын басып алып, анын үстүнө Россиянын байрагын орнотушкан эле. О.э. бир нече кишилик куралдуу топ Славянск шаардык милиция бөлүмүн жана коопсуздук мекемесин да басып алгандыгы жөнүндө кабар таркаган эле.

Ошондон кийин Украина Ички иштер министри Арсен Аваков демонстранттар жана террорчулар ортосунда айырма бар экендигин баса белгилеп, мамлекеттин түштүк чыгышында ыкчам террордук операция башталгандыгын кабарлады. Аваковдун айтымында, аларга каршы катуу чара көрүлөт.

Бирок, Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШлык кесиптеши Жон Керри менен телефон аркылуу болгон акыркы сүйлөшүүсүндө нааразы болгондорго каршы күч колдонушунун алдын алуу үчүн Киев өкмөтүнө басым өткөрүүгө чакырды.

Сергей Лавров: “Украинанын түштүк чыгышында Киев өкмөтүнүн жарандарга каршы күч колдонушу Украина маселесинде кызматташтыктын уланышын, ошону менен бирге Женевада өткөрүлүшү пландаштырылган төрттүк жолугушууну жокко чыгарат”, – деп эскертти.

Башка бир тараптан Лавров Украинада, айрыкча Украинанын түштүк чыгышында пайда болгон саясий кризиске азыркы Киев өкмөтүнүн мыйзамдуу талаптарга жана орус тилдүү жарандар кызыкчылыгына кайдыгерлиги себеп болуп жаткандыгына Керринин көӊүлүн бурду.

Ал: “Киев өкмөтү мамлекеттин тагдырын мойнуна алууга жана бардык саясий күчтөрдү бириктирүүгө кудуреттүү эместигин көрсөттү”, – деди.

Россия тышкы иштер министрлигинин кабарлашынча, АКШ тышкы иштер министрлиги да Украинанын түштүк чыгышында пайда болгон кырдаалдан тынчсызданып жаткандыгын билдирген.

Туркистон:

Россиянын жаңы нацизмге өтө жакын болгон багыты эл аралык коомчулукту оор абалга кептеп койду. Ал Россия сыяктуу чоӊ мамлекеттер тарабынан жүргүзүлүп жаткан мындай иштерге, эки түрдүү мамиле билдириши мүмкүн.

  1  Аны эл аралык норма жана мыйзамдар алкагына ар кандай жол менен кайтаруу.

 2 Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ушул нацизмге жакын болгон багытты да мыйзамдаштырып коюу.

 Тарыхтан жакшы билгенибиздей, Россияны өз аймагында эч ким көпкө басып тура албаган. Анын баскынчыга каршы өтө күчтүү тарыхий мүнөзү бар. Путин учурда улуттук иммунитеттен т.а. ошол орус улутунун эски улутчулугунан келип чыккан туйгуларынан пайдаланып, аны Батыш баскынчыларына каршы робитага (байламтага) негиз кылып алмакчы. Тарыхта бул күчтөн француз жана немец баскынчыларына каршы өтө ийгиликтүү пайдаланылган эле. Бирок, ал үчүн учурда калыптанып калган бир нече эл аралык мыйзам жана нормаларды бузуп өтпөсө болбойт. Демек, Россия дүйнөлүк системанын кубатын ойлоп аны өнүктүрүү менен өзү да бирге өнүгүү негизинде пикирлөөнү токтотту. Же өзүнүн коопсуздугу ушунчалык даражада начарлады дейсиӊ, ал тургай дүйнөлүк системаны бузуп жиберүүдөн да кайра тартпай турган даражага жетип келди. Кандай болгон күндө да, Россиянын бул аракети анын чыныгы даражасы дүйнө жетекчилигин дааба кылуучу улуу мамлекет эместигине далалат кылат. Калган чоӊ мамлекеттер да аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү аркылуу анын даражасына түшүшөт. Демек, дүйнөлүк системанын өзү өтө алсыраган. Ал кулап түшүүнүн астанасында! Бул Аллахтын нусраты! Себеби, алардын кубаттары билектеринде эмес, балким ошол алсыз мабдаъларын адамзатка ошону менен бирге мусулмандарга да сиӊдире алгандыгында эле. Алардын ач көздүктөрү бири-бирин ар тараптуу алсыратат, Инша Аллах. Алар эми бири-бири менен келише алышпайт. Бул согушта Европа түгөнүп бүтөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here