Европадагы «Аялдын зомбулукка кабылуусу» жөнүндөгү изилдөө «эки жыныс ортосундагы тең укуктуулук» мыйзамдары аялдын коопсуздугун камсыздай албай жатканын дагы бир ирет далилдеди

540
0

Басма сөз баянаты

Европадагы «Аялдын зомбулукка кабылуусу» жөнүндөгү изилдөө  «эки жыныс ортосундагы тең укуктуулук» мыйзамдары аялдын коопсуздугун камсыздай албай жатканын дагы бир ирет далилдеди

Европа Союзунун негизги укуктар боюнча агенттиги (FRA) 5-март күнү өзүнүн жаңы изилдөөсүн басып чыкты. Бул изилдөөгө ылайык, Европа Союзундагы аялдардын үчтөн бири он беш жашынан тартып денеге таандык жана жыныстык зомбулукка кабылат. Т.а. зомбулукка учураган аялдардын саны болжол менен 62 миллионго барабар. Бул тармакта алып алып барылган изилдөөлөрдүн эң чоңу эсептелген жана Европанын 28 мамлекетин камтыган ушул изилдөөгө ылайык, бул континетте ар бир он аялдын бири түрдүү көрүнүштөгү жыныстык зомбулуктан азап тартат, ар бир жыйырма аялдын бири зордукталат. Андан сырткары алардын 55%ы негизинен жумуш орундарында жыныстык тийиштикке кабылат, жогорку кызматтарда иштеп жаткан аялдардын 75 пайызынын намысы тебеленген. Бул болсо «Аялдын кызматта иштөөсү – анын деңгээлин көтөрө турган жол» деген сөз жалган экенин көрсөтүүдө.

О.э. бул изилдөөдө спирт ичимдиктерин ичүү менен зомбулуктун ортосунда байланыш бар экени да аныкталган. «FRA» агенттигинин директору Мортен Кьерум: «Бул проблеманын көлөмү ушуну көрсөтүүдө – аялга карата зомбулук аз сандагы аялдарга гана таасир кылып калбастан, коомго да өз таасирин өткөрүүдө», – деп ачык-айкын баян кылды. Этибарлуусу, зомбулук окуялары эң көп жүз берген мамлекетер Дания (52%), Финландия (47%) жана Швеция (46%) сыяктуу мамлекеттер саналат. Акыйкатта болсо, бул мамлекеттер эки жыныс ортосундагы тең укуктуулук мыйзамдарын колдонуу жаатында 2013-жылы Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк Экономикалык Форуму жана Эки жыныс ортосундагы тең укуктуулук боюнча Европа Институту тарабынан алкыштоолорго ээ болгон. «FRA» агенттигиндеги эркиндик жана адилет бөлүмүнүн башчысы Жоанна Гуди: «Биз бир нече он жылдардан бери эки жыныс ортосундагы тең укуктуулук мыйзамдарын белгилеп келебиз. Бирок, бул мыйзамдар иш жүзүндө колдонулдубу?», деа суроо салат.

Бул изилдөөнүн натыйжалары либерал илманий Батыш мамлекеттериндеги миллиондогон аялдардын турмушунда зомбулук кеңири көлөмдө жүз берип жатканын көрсөтүүдө. Бул мамлекеттер ушул проблеманы кандай чечүүнү билбейт. Мындан тышкары, бул изилдөө натыйжалары эки жыныс ортосундагы тең укуктуулук жөнүндөгү Батыш мыйзамдары ийгиликсиздикке учураганын да көрсөтүүдө. Акыйкатта болсо, Батыш Исламдын ижтимаий мыйзамдарын айыптоодо ушул эки жыныс ортосундагы тең укуктуулуктан пайдаланат жана бул укукту аял урматын жана жыргалчылыгын ишке ашыра турган эң туура чечим деп эсептейт. Мындай жагдай бир нече суроолорду пайда кылат: Илманий мамлекеттер, бейөкмөт уюмдар, Бириккен Улуттар Уюмуна окшогон уюмдар эмне үчүн мындай ката түшүнүктөрдү – «CEDAW» уюмуна окшогон келишимдер аркылуу – Ислам дүйнөсүндө жаюуга катуу аракет кылууда? Бул мамлекеттер аял укугу тармагында социалдык полицейдин ролун аткарууга кантип батынып жатышат, акыйкатта болсо, бул тармакта алардын баалуулуктары жана мыйзамдары өздөрүнүн өлкөсүндө да ийгиликсиздикке учураган го?! Алар кабыл алган либерал эркиндиктер Ислам тыюу салган ичкиликтин, жийиркеничтүү иштердин жайылышына алып келип жатканда, натыйжада, аялдар үчүн кооптуу чөйрө жаралып жатканда бул илманийлер жана аял коргоочулары «Исламдын социалдык мыйзамдары аялды кордойт, эки жынысты барабар кылбайт» деп айыптоого кантип батынышууда?

Батыштын «эки жыныс ортосундагы тең укуктуулук» – аялдын урматын сактоо каражаты деген сөздөрү алдоодон башка нерсе эмес. Батыш изилдөө иштерин алып баруу, мыйзамдарды жана саясатты өзгөртүү аркылуу абалды оңдоого урунууда. Анын бул аракеттери да кудум бир нече он жылдардан бери болуп келе жаткандай аялга карата зомбулук проблемасын чечүүдө ийгиликсиздикке учурайт. Халифалык астындагы Исламдын ижтимаий түзүмү гана аялды коргой алат. Халифалык мамлекетинин саясатында аялды коргоо бардык тармакта негизги таяныч болот. Бул болсо, ушул тармактагы проблеманын эң натыйжалуу чечимин камсыздайт. Бул түзүмдү Мухаммад A алып келген, ал зат бул түзүм аркылуу өзүнүн аялдарынын, жакын туугандарынын жана бүткүл аялдардын абийирин жогору көтөрдү. Бул түзүм аялдан жеке каалоо жолунда пайдалануу жана аялды кордоо сыяктуу иштерге чек койгон өкүмдөр аркылуу аялдын ар-намысын коргойт, ошону менен бирге, андай иштерди жасагандарга катуу жаза-чараларды колдонуу аркылуу аялдын жогору ордун белгилейт. Ислам аялдар коопсуздукта жана сый-урматта болгон коомду курат. Ошондуктан, биз муслималарды Батыштын эки жыныс ортосундагы тең укуктуулукту четке кагууга жана Исламдын шаръий өкүмдөрүн гана бекем кармоого чакырабыз!

Доктор Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү

уюлдук телефон: 0096171724043

Факс: 009611307594

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here