Кыргызстан премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев 29-март күнү журналисттерге берген кабарына ылайык, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча “жол картасы” 95 пайызга даяр болгон.
“Бажы биримдигине кошулуу боюнча абал төмөнкүдөй: “жол картасы” дээрлик 95 пайызга даяр. Бажы биримдигинин уюштуруучулары жана Евразия экономикалык коммисиясы менен мүчө болуунун акыркы варианттары жана финансылоо маселелерине байланыштуу чечилиши керек болгон маселелер гана калды”, – деди Оторбаев.
Анын сөздөрүнө ылайык, “жол картасы”нын азыркы варианты мурункусунан көп деле айырмаланбайт, анда 2013-жылдагы келишимдер бар, болгону деталдары гана аныкталууда.
Акыркы убактарда Кыргызстан расмийлери ортосунда кызуу талкууланып жаткан, бул биримдикке мүчө болуунун пайдалуу жана зыяндуу жактары ортого ташталып жаткан Бажы биримдиги жөнүндө кыскача токтоло турган болсок: Бул уюмга алгач 1995-жылы Россия, Белорусия жана Казакстан жетекчилери биринчи жолу Бажы биримдигин түзүү туурасындагы келишимге кол коюшу менен негиз салынды, кийинчерээк ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан жетекчилери да кошулушту. Бул келишим кийинчерээк Евразия экономикалык кызматташтыгына айланат. Бажы биримдиги Евразиялык экономикалык союздун курамына кирет. Ал Россия, Белорусия жана Казакстан ортосундагы экономикалык интеграция (бир бүтүн абалда бириктирүү) жана соода түрлөрүнүн бири болуп эсептелет. Ал бир бүтүн бажы аймагын өз ичине алат.
2007-жылы Тажикстан борбору Душанбе шаарында Россия, Белорусия жана Казакстан ортосунда бир бүтүн бажы аймагын түзүү жана Бажы биримдигин түзүү жөнүндөгү келишим болуп өттү. 2009-жылы болсо Белорусия борбору Минск шаарында Россия, Белорусия жана Казакстан жетекчилери ортосунда жолугушуу болуп өттү. Анда 2010-жылдын башынан бир бүтүн Бажы аймагын түзүү жөнүндө келишим түзүлдү. 2011-жылдын жай айларынан баштап Россия, Белорусия жана Казакстан чегараларындагы Бажы текшерүүлөрү бекер кылынды. 2011-жылдын октябрь айында Евразия экономикалык союзунун жыйынында Кыргызстан республикасы Бажы биримдигине кошуп алынгандыгы жарыя кылынды.
Мурдагы советтер союзунун колонияларын өзүнүн эгинзары катары көрүүчү Россиянын демилгеси менен түзүлгөн бул биримдик Россиянын эскирген жана заман талаптарына жооп бербей турган продукцияларына жаңы эски базар ачуу үчүн ойлоп табылган бир айла-амал. Себеби, 2000-жылы Россия өкмөтүнүн башына келген мурдагы КГБчы Владимир Путин биринчи кезекте негизги этибарын Россия экономикасынын таянычы болгон олигархтарды жок кылууга каратты. Мунун натыйжасында болсо өтө көптөгөн россиялык олигархтар жана ишкерлер өз каражаттарын жана иштерин чет өлкөлөргө чыгарып жиберишти. Путин өзүнүн жүргүзгөн жеке өкүмдарлыгы натыйжасында иштеп чыгаруудагы эркин атаандаштыктын тамырына балта чапты.
Атаандаштык жоктугу, экономиканын дагы кайрадан Советтер союзу доорундагыдай өкмөткө байланып калышы натыйжасында иштеп чыгаруу жана жаңылыкка умтулуу каалоосу да өчүп барып, Россия экономикасы нефть, газ жана башка байлыктарды казып алып сатуудан түшүүчү кирешеге гана негизделип калды. Россияда иштеп чыгарылган продукциялар заман талабына жооп бербестиги жана атаандаштыкка жарактуу эместиги себептүү, Батыш мамлекеттерине бул продукцияларды сунуштоонун мүмкүнчүлүгү болбой калды. Ошол себептен улам, Россия өзүнүн эскирген продукцияларын мажбурлап өткөрүү үчүн Бажы биримдиги деп аталган уюмду түздү.
Бажы биримдигине мүчө мамлекеттер ортосунда бажы төлөмдөрүн бекер кылуу, бул уюмга мүчө болбогон мамлекеттерден алынып келип жаткан продукциялар үчүн бажы төлөмдөрүн көтөрүү себептүү Россия өзүнүн продукциялары үчүн атаандашы жок базарды пайда кылат. Жогорудагы уюмга мүчө болбогон мамлекеттерден, айрыкча Кытай жана Батыш мамлекеттеринен алынып келип жаткан продукциялар үчүн бажы төлөмдөрү көтөрүлөт жана бул төлөмдөр бир борборго чогулуп, кийинчерээк ар бир мүчө мамлекет өзү ээ болгон добушка карай бул кирешелер бөлүнөт. Бүгүнкү күндө Бажы биримдигине мүчө болгон мамлекеттерден Россия 57 пайыз, Белорусия жана Казакстан болсо 21,5 пайыздан добушка ээ. Мындан келип чыга турган болсок, бүгүнкү күндө бажы төлөмдөрүнөн түшкөн кирешенин эң чоӊ бөлүгү Россияга туура келүүдө.
Эми Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болуп кирсе бул уюмда канча пайыз добушка жана кандай артыкчылыктарга ээ болот бул маселеге бүгүнкү күнгө чейин эч бир түшүндүрмө берилбеди. Кыргызстан расмийлери ар дайым бул биримдик жөнүндө сөз болгондо “жол картасы” туурасында сөз кылышат го, а бирок бүгүнкү күнгө чейин бул “жол картасы” кандай маселе жана милдеттерди өз ичине алганы жөнүндө карапайым калкка бир ооз да сөз айтылбады. Мындан тышкары, жогорудагы “жол картасы” Кыргызстандын катышуусусуз иштеп чыгылган жана тастыктоо үчүн сунушталган.
Бажы биримдигинен тышкары Кыргызстан 1998-жылы 20-декабрь күнү мурдагы Советтер союзунун колониясы болгон республикалар арасынан биринчилерден болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирген. Жогорудагы уюмдун белгиленген өлчөөлөрү бар болуп, ага ылайык, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин бажы төлөмдөрүнүн төмөнкү ставкасы 5,2 пайыз, эң жогоркусу болсо 7,2 пайыз кылып белгиленген. Эгерде Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө бирер мамлекет бажы төлөмдөрүн бул көлөмдөн ашыра турган болсо өтө чоӊ өлчөмдө штраф төлөшү белгилеп коюлган.
Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болушу менен четтен келип жаткан товарларга карата бажы төлөмдөрүн көтөрүшү керек болот жана бажы төлөмдөрү 10,6 пайызды түзөт. Демек, Бажы төлөмдөрүн 7,2 пайыздан ашырганы үчүн Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна штраф төлөшү керек болот. Мейли, азырынча бул штрафтын көлөмү анык болбосо да, адистердин пикиринче эң кеминде жылына 1,5 миллиард долларга барабар болушу мүмкүн. Кыргызстандын болсо мындай штрафты төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Бул штрафтарды төлөө үчүн болсо дагы ошол ири мамлекеттердин өзүнөн карыз алууга жана өз элин карыз баткагына батырышына туура келет.
Кала берсе, иштеп чыгаруу изден чыкканы себептүү Кыргызстан экономикасы негизинен реэкспортко т.а. Кытай, Түркия, Дубай жана башка мамлекеттерден даяр продукцияларды алып келип кошуна республикаларга сатууга жана ушундан түшүүчү бажы төлөмдөрүнө негизделген. Эгерде Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө боло турган болсо, бул алынып келип жаткан продукциялардан алынуучу бажы төлөмдөрү да табигый түрдө көтөрүлөт. Мунун натыйжасында болсо бүгүнкү күндө Кыргызстанда иштеп жаткан эки ири базар “Дордой” жана “Карасуу” базарлары жабылып калышы коркунучу пайда болот. Эгерде бул базарлар жабыла турган болсо анда иштеп жаткан он миӊдеген адамдар жумушсуз калышат. Мунун натыйжасында болсо, Кыргызстан Россия жана башка мамлекеттерге дагы да көбүрөөк арзан жумушчу күчүн жеткирип берүүчү мамлекетке айланат.
Буларга кошумча калк үчүн зарыл болгон күндөлүк керектөө товарларынын баасы да бир топко кымбаттайт. Себеби, бажы төлөмдөрү бекер кылынгандан кийин күндөлүк керектөө товарларынын баасы Россия, Белорусия жана Казакстан мамлекеттериндеги баалар менен бирдей болуп калат. Ал эми бул мамлекеттерде айлык акы жана жашоо деңгээли Кыргызстандагыга караганда бир кыйла жогору болгондугу себептүү (Россияда орточо айлык акы 900 доллар, Белорусияда 600 доллар, Кыргызстанда болсо 200 долларга барабар) ансыз да экономикалык кыйынчылыктар эзүүсүндө күн көрүп жаткан карапайым калктын абалы ого бетер оорлошот.
Россия Кыргызстанга эч кандай ыктыяр бербей Бажы биримдигине мүчө болушу үчүн президентке түздөн-түз басым өткөрүүдө. Бул жөнүндө президент Атамбаев 16-декабрда болуп өткөн маалымат жыйынында: “Кантип эле силер мени ушул күнгө чейин билбейсиӊер? Мамлекет зыянына бирер-бир ишке барууга мажбурлоо максатында мага басым өткөрүү бейпайда. Биз Бажы биримдигине биздин талаптар аткарылган күндө гана кошулабыз. Атамбаевди шантаж кылуунун болсо мүмкүнчүлүгү жок, мен абдан тапталып болгонмун. Бизде тандоо мүмкүнчүлүгү аз, а бирок, биз кыргыздарды канааттандыра турган жана биздин кызыкчылыктарыбызды коргой турган жол менен жүрөбүз”, – деп айткан эле. А бирок, калкка кыйын болушун жана мунун натыйжасында калк ого бетер жакырданышын билген абалда Кыргызстан аткаминерлери өз креслолорун сактап калуу үчүн ыктыярдуу-мажбурий түрдө Бажы биримдигине мүчө болууну макулдап жатышат.
БУУ, Бажы биримдиги, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана дагы башка бардык уюм жана бирикмелердин бардыгы жалаӊ гана ири колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоо жана алардын каалоосун жүзөгө чыгаруу үчүн түзүлгөн болуп, бул уюмдардан үчүнчү дүйнө мамлекеттери жана айрыкча мусулмандар үчүн эч кандай жакшылык жок. Бул уюмдар мусулмандарды кордоо жана карыз баткагына батыруу үчүн гана түзүлгөн.
Мындай кордуктардан кутулуунун жолу бирөө гана болуп, ал да болсо мусулмандар дагы кайрадан өздүктөрүнө кайтышы жана өз иштерин камкордук менен башкара турган Халифалык мамлекетин тикелеши болот. Себеби, Халифалык мамлекети мындай уюмдардын бирин да тан албайт жана алар менен алака да кылбайт. Өз жерлеринин сырьё базасына жана жарандарынын арзан жумушчу күчүнө айланышына таптакыр жол бербейт. Себеби, Халифалык бул бүгүнкү күндөгү башчылар сыяктуу мансап же кызмат эмес, тескерисинче жоопкерчилик болуп, Кыяматта Аллах Таала бул жоопкерчилик үстүндө эсеп-китеп кылат. Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.дан риваят кылынган хадисте:
“Эсиӊерде болсун, ар бириӊер жетекчисиӊер жана ар бириңер өз раиятыӊардан жоопкерсиңер. Адамдарга башчы болгон имам жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнө жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер. Аял киши эринин үй-жайына жана балдарына жетекчи жана ал алардан жоопкер. Кишинин кулу өз кожоюнун малына жетекчи жана ал андан жоопкер. Эсиӊерде болсун ар бириңер жетекчисиӊер жана ар бириңер өз раиятыӊардан жоопкерсиңер”, – деген.
Абдурахман Адилов
31-март, 2014-жыл.