Бүгүн 22-январь. Швецариянын Монтрё шаарында Сирия маселеси боюнча Женева-2 конференциясы башталды. Конференцияга АКШ, Россия, Англия, Кытай, Франция, Түркия, Катар, Саудия ж.б… 39 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. О.э. Асад режиминин өкүлдөрү жана ага оппозиция болгон улуттук коалициянын өкүлдөрү да конференциянын төрүнөн орун алышты. Бул конференцияга Араб лигасы, Европа союзу жана Исламий кызматташтык уюму да катышууда.
БУУ баш катчысы Пан Ги Мун бул конференцияга Асад режиминин табакташы Иранды да чакырган эле. А бирок, Сирия улуттук коалициясы капа болуп калгандан кийин, Пан Ги Мун сөзүн кайтарып алды жана Иран конференцияга катышуу “бактысынан” ажырады. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо буга таарынган бойдон кала берди.
Женева-2 конференциясынын уюштуруучусу болгон АКШ жана Россиянын дааба кылышынча, мындан максат Сирияга тынчтык алып келүү, 3 жылдан бери кыргын кылынып жаткан адамдардын коопсуздугун камсыздоо жана демократияга негизделген Сирия убактылуу өкмөтүн түзүү назарда тутулган. Сирия улуттук коалициясынын да бирден-бир арзуусу мына ушул т.а. тезирээк Сирияда убактылуу өкмөттү түзүү.
Конференция башталышынан бир күн мурда т.а. кечээ Британиянын Guardian газетасы жана СNN телеканалында 11 миӊге жакын адамдын Асад күчтөрү колунан жырткычтарча оор кыйноолор атында өлтүрүлгөндүгүнө тиешелүү отчёт сунушталды.
Сириядагы кыйноолор туурасында отчёт жана миңдеген сүрөттөр маалымат каражаттарында жарыя кылынышынын артынан АКШ тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Харф бул көрүнүштөрдү кароонун өзү коркунучтуу экендигин баса белгилеп, бул үчүн Женева-2 конференциясы маанилүү экендигине басым жасады.
Түркия премьер-министри Режеп Таййиб Эрдаган да буга тим карап тура бербестик сунушу менен чыкты.
Ал кечээ телевизордон чыгып: “Бүт дүйнө телевизор аркылуу Сириядагы бул көрүнүштү өз көздөрү менен көрдү. Эртеӊ Женева-2 конференциясы башталат. Бүтүндөй Батыш мамлекеттери бул жаатта добуштарын бийик көтөрүшүүдө. Бул жырткычтык каршысында баарыбыз кол кармашууга мажбурбуз. Эми биз да, “Эй дүйнө, 150 миң киши өлтүрүлгөн Сирияга карата тим карап тура бересиӊерби? Эй Женева-2 добушуӊду чыгар деп айтууга мажбурбуз”, – деди.
Италиянын тышкы иштер министри Эмма Бонино да Сириядагы кырдаалды жакшыртуу үчүн Женева-2 конференциясы бирден-бир мүмкүнчүлүк экендигин айтты.
Ал парламент алдында сүйлөгөн сөзүндө: “Көптөгөн убактан бери кыйноолор жана азаптоолор уланып келишине карабастан, Сирия маселеси үчүн Женева-2 конференциясы бирден-бир мүмкүнчүлүк болуп эсептелет”, – деди.
Көрүнүп тургандай, АКШ башчылыгындагы кафир Батыш кыйынчылыкта турган Сирия калкына демократияга негизделген убактылуу өкмөттү кабыл алдыруу үчүн бар болгон күчтөрү менен аракет кылууда, ал үчүн түрдүү айла-амалдарды ишке салууда. Алар бул аркылуу “эгерде Сирия калкы Женева-2 конференциясында сунушталган чечимге ыраазы болбосо алардын башында мындай күндөр улана берет, ал тургай, мындан да жаман болот” деп уктурушмакчы. Алар бул жаатта түрдүү паскечтиктерди ишке салышты. Жасалма ачкачылыктар о.э. ошол түндүн өзүндө жаш балдар жана аялдар кошулуп 87 карапайым жарандын өлтүрүлүшү мына ошолордон. Эмне болсо болсун, Сирия калкы демократияга негизделген өткөөл мезгил өкмөтүн кабыл алсын. Т.а. Шам өлкөсү мусулмандардын колуна өтүп Халифалык мамлекети тикеленип кетпесин. Алардын максаты ушундай.
]يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلَّا أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ[
– “Алар Аллахтын нурун (т.а. Исламды) ооздору менен өчүрмөкчү болушат. Аллах болсо кафирлер каалашпаса да Өз нурун толо жаюучу“. (9:32)
Киямуддин