ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЛАТВИЯГА БАРАТ

348
0

Өзбекстан Республикасынын президенти Ислам Каримов Латвия Республикасынын Президенти Андрис Берзиньштин чакыруусу менен 2013-жыл, 16-17-октябрь күндөрү расмий сапар менен Латвияда болот.

Жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр маалында Латвия жетекчилиги менен Өзбекстан жана Латвия ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, маанилүү аймактык жана эл аралык проблемалар талкууланат.

Сапардын акырында мамлекет жетекчилеринин кошмо баянатын кабыл алуу, саясий, соода-инвестиция, транспорт-коммуникация тармактары о.э. айлана-чөйрөнү коргоого тиешелүү эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө каратылган бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Туркистон:

Латвия 2004-жылдын 29-мартында НАТОго мүчө болгон болсо, 2004-жылдын 1-майынан баштап Европа Союзунун курамына кирген.

 2005-жылдын 13-майындагы Андижан кыргынынан кийин Европа Союзу Өзбекстанга каршы эч кандай таасирге ээ болбогон бир катар жаза-чараларын киргизген эле. Алардын катарында, Өзбекстанга курал сатпастык о.э. Каримов жана бир катар өзбек жооптууларын Евробиримдиктин аймагына киргизбестик сыяктуу чаралар да бар болчу. Евробиримдик бул жаза-чаралары бекер кылынышы үчүн Каримов өкмөтүнө Андижан кыргынын текшерүү үчүн эл аралык көзөмөлдөөчүлөрдү киргизүү жана адам укуктары боюнча абалды жакшыртуу шарттарын койгон эле. 

 Бирок, Өзбекстан өкмөтү бул жаза-чараларга көӊүл бурбастан өзүнүн мурунку зулумдарын ого бетер күчөттү. Ошого карабастан, бардык иштерин материалдык кызыкчылык үстүнө курган Батыш мамлекеттери мындай жаза-чараларын эч канча убакыт өтпөй эле бекер кылышты.

Мындан тышкары, 2014-жыл жакындаган сайын  т.а. Афганистандан баскынчы күчтөрдү алып чыгуунун астында Европа мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү Өзбекстанга тынымсыз каттап калышты, ал тургай, өздөрүнүн Афганистандагы курал-жарактарын транзиттин акысына Өзбекстанга таштап кетүүгө да ыраазы болушту.   

 Демократиялык баалуулуктар жана адам укуктары деген шылтоолор Батыш мамлекеттеринин үчүнчү дүйнө мамлекеттерине өз сөздөрүн өткөрүүдөгү басым өткөрүүчү каражаты болуп эсептелет. Эгерде мындай “баалуулуктар” өздөрүнүн кызыкчылыктарына тескери келип калгыдай болсо, же андан абзелирээк башка кызыкчылык көрүнүп калса, эч экиленбестен туруп булардын бардыгына көз жумуп коюшат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here