СИРИЯДАН ЧЫКПАЙБЫЗ

327
0

Ливандагы “Келечек” партиясынын жетекчиси Саъд Харирий Хизбулла жамаатын сындап чыкты.

“Келечек” партиясынын жетекчиси, мурунку премьер-министр Саъд Харирий: “Болжол менен 8 айдан бери токтобой жаткан кризисти чечүү үчүн сүйлөшүүлөр уланып жаткан соӊ, Хизбулла жамааты өкмөттөн орун алышы үчүн Сириядан чыгышы шарт”, – деди.

Бирок, Хизбулла жамаатынын башкы катчысы Хасан Насрулла Ливандын борбору Бейруттун түштүгүндөгү Дахия регионунда өткөн Ашуро ырасымында Сирия маселеси боюнча сөз сүйлөп: “Оболу Сирияны, экинчи кезекте Палестина жана Ливанды коргоо үчүн Сирияда согуш алып барып жатабыз. Сирияда калышыбыз үчүн себептер турган соң, Сириядан чыкпайбыз. Ливанда өкмөт түзүү үчүн биздин Сириядан чегинишибизди каалагандар бизди талаштуу бир абалга байлап коюуга аракет кылышууда. Бул региондогу шаарлар жана инсандарга стратегиялык коркунучтар кооп туудуруп жаткан соң, өкмөт түзүү үчүн шарттарды көтөрүп чыгуу кырдаалга тескери болот”, – деп Саъд Харирийдин талабын четке какты.

Хасан Насрулла Хизбулланын куралсызданышы жөнүндө да айтып өттү. Ал: “Душман айланабызда бизге көз салып турат, алар согушка даярдык көрүшүүдө. Душман бизге кооп-коркунуч туудурууда, андыктан, биз куралсызданышыбыз мүмкүн эмес”, – деди.

Ливандагы мусулмандарга жана христиандарга каратылган эң чоң коркунуч экстримисттик топтор экенине этибар караткан Насрулла тараптар ортосундагы кызматташтык бүткүл кооп-коркунучтарга чек коё тургандыгын билдирди.

Ошол эле учурда, Британияда чыкчу «Таймс» гезитине интервью берген Хизбулланын командачысы “эгер Хизбулла болбогондо Асад алда качан эле жеңилет болчу” деп билдирди. Ал: “Хизбулла Сирияга кирбегенде Асад эки саатта кулайт болчу”, – деди. Командачынын билдиришинче, Хизбулла Асадды коргоо үчүн Сирияга кирген.

Башар Асадга жерден жана абадан жардам берүүнү улантышын айткан командачы Сирия армиясы үчүн кепил болушун баса белгиледи.

Туркистон:

Бул сыяктуу сөздөр “Хизбуллага” эмес, хизбушшайтанга жарашат. Жада калса, бул малъун – айрым динди чүмбөт кылган жамааттар сыяктуу – алып барып жаткан аракеттерин шаръий өкүмдөр менен жалгандан  коргоого да урунбады. Анын аракеттери, нусустарды таъвил кылып да коргоно турган даражада эмес.

Сириядан чыгуу ыктыяры анын колунда эмес. Ал кудум байланган ит сыяктуу азыр Сирияга өз кожоюндары тарабынан байланган. Насрулла аларга итаатсыздык кылууга караганда, Аллахка күнөөкөр болууну абзел көрдү. Аллахка тобокел кылбаган, динди мусулмандардын колдоосуна жетишүүнүн каражаты кылып алган, түпкүлүгүндө болсо, куфрдун кызыкчылыктары үчүн куфр системасы негизинде аракеттенген ар бир топ билип алсын, алардын кожоюндары да бир күнү ушундай тагдырга дуушар кылат. Куфр менен ыйманды алардын алдына коюп, куфрду тандаганыңды ашкере кылгын дейт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here