Сирия борбору Дамаск шаарында Асад армиясы менен мужахиддер ортосунда согуш

410
0

Сирия борбору Дамаск шаарында Асад армиясы менен мужахиддер ортосунда согуш тынымсыз уланып жаткандыктан, Жабхатун Нусрага таандык бир мужахид бомба орнотулган автомобил менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн штабына чабуул койду. Айтылышынча, чабуулда өкмөткө караштуу күчтөрдөн эӊ кеминде 200 киши өлгөн. Бул чабуул акыркы убактарда Асад күчтөрүнө берилген оор сокку экендиги айтылууда. Жардыруунун даражасы ушунчалык күчтүү болгон дейсиӊ, анын таасири окуяны алыста туруп камерага тартып жаткан операторго чейин жетип келген. Штаб болсо бүтүндөй жараксыз болуп калган.

Төмөнкү адрес аркылуу ошол окуяны тартып алган видео тасманы көрсөӊүздөр болот.

https://www.youtube.com/watch?v=bZK7yz4XvXk

Мындан бир аз убакыт мурда, активдүү мужахиддер тобу Асад күчтөрү тарабынан бир жылдан бери курчоого алынып келе жаткан Даря шаарынын курчоосун жарып өтүү үчүн чабуул уюштурган болчу.

Мужахиддердин үч отряды: Шухада-ул Ислам, Саъд ибн Абу Ваккас, Микдад ибн Амр отряддары биригип, Асад күчтөрү тарабынан танктар колдонулгандыгына жана тынымсыз бомбалар жардырылганына карабастан, борбордун түштүк-чыгышындагы “Фатима” жоме мечити тараптан бир топко ичкери кирип барышып, өкмөттүк күчтөр ээлеп турган жыйырма чакты имаратты ээлеп алышкан эле. Чабуулда өкмөттүк аскерлерден бир офицер жана он чакты аскер өлүп, дагы көпчүлүгү жарадар болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here