КОР АЯЛДАР УКУГУ, КОРГОЛГОНУ УШУЛБУ

322
0

Адам укугунун атасыбыз деп айкырып жаткан кафир мамлекеттерде аял укуктары корголбой эле кордолуп жатат. Бирок буга карабастан, ал кафирлер ислам шариятына “адам укуктарын кордойт” деп асылганын койбойт.

Мисалы, кече “Азаттык”та бир макала жарыяланды. Анда төмөнкүдөй саптар кездешет:

Изилдөөдө белгиленгендей, эксперттер египеттик аялдарга карата зобун-зордуктун көбөйүүсүн өлкөдөгү бейстабилдүүлүк, коомдук тартиптин начарлашы жана исламчылардын баш көтөрүүсү менен түшүндүрүшөт.

Thomson Reuters фонду жүргүзгөн изилдөөсүндө, Египеттеги 2011-жылкы ыңкылаптан кийин аялдарга жыныстык ыдык көрсөтүү, аларды уруп-сабоо жана дин талап кылгандай жүр деп тескөө күчөгөн.

“Аялдарга дагы эки революция керек. Бири өлкөнү кыйраткан түрдүү диктаторлорго каршы, экинчиси – аялдардын жашоосун кыйратып жаткан маданий жана диний кыяпатка каршы», – дейт египеттик журналист Мона Элтахави айым.

Адам укугун коргоочу Human Rights Watch эл аралык уюмунун аткаруучу директору Кеннет Росс мындай дейт: “Араб жазынан кийинки эйфория учуп кетти. Жагдай Египет президенти  Мубарак жана Тунистин президенти Зине ал-Абидине кулатылган кездегиден да бир кыйла татаал. Кенен дем алган исламчы партиялар шариятка таянып, аялдардын укугун, же диссиденттерди, же азчылыктардын укугун чектейбиз деп коркутушууда”.

Негизи, мындай абал үчүн шарият эмес, демократия күнөөкөр. Анткени, Мисирге колонизатор кафирлер тарабынан алда качан эле демократия зордоп тыгыштырылып, шарияттын колдонулбай калганы качан. Андагы алданган мурсичил бийликти айтсак, алар ислам атын жамынган демократтар болушкан. Ал эми жогорудагыдай макалаларды жарыялоодон кафирлердин маалымат каражаттары жана алардын биздеги малайлары эмнени көздөп жатканы айдан-ачык. “Уялбаган уялгандын бетин тырмайт” демекчи, алар муну менен демократия бузукулуктарын шариятка оодара салып, исламга көө жабышмакчы. Бирок, мындай арам ниет каршысында турмуш акыйкаттары ачык көрүнүп, мындай карасанатайлыктын бетин ачып турат.

Орусия ИИМнин маалыматы боюнча, ар бир төртүнчү үй-бүлөдө аялга же жашбалага карата зомбулук болуп турары аныкталган. Ал эми адам өлтүрүү боюнча оор кылмыштын үчтөн бир бөлүгү үй-бүлөлүк чыр-чатактан келип чыккан. Жыл сайын 14000ге жакын аял күйөөсүнүн же жакындарынын колунан каза тапкан. Үйүндөгү эринен жана сексуалдык өнөктөшүнөн жабыр тарткандар да көп. АКШда ушундай көрүнүштө жыл бою 1181 аял жана 329 эркек каза болгон. Англияда жыл сайын эринин колунан жүзгө чукул аял өлүм таап, ал эми аялынын колунан 21 эркек набыт болгон. Францияда болсо 122 аял жана 24 эркек өз өнөктөштөрүнүн колунан өлгөн.

Негизи эле зомбулуктун түрлөрү көп. Мындай зомбулукта жүргөн адамдардын көпчүлү стресс, депрессияга кезигет да өзүн-өзү өлтүрүүгө аракеттенишет, же алкоголь, наркоманияга ыкташат. Кээси селсаяк болуп кетишет. Алардын 80%га жакыны кылмышка кириптер болушат. Оор кылмышкерлердин 40 %ы зомбулук көрүп өскөн үй-бүлөдөн чыккандар. Кичинесинде сексуалдык зомбулук көргөндөр сойку болуп кетишет.

Мына сага адам жана аял укуктары! Ушундай болуп жаткан соң, эми ушул “укуктарга” ишенип жаткан маңкурттар мамлекеттеринде бул көйгөйлөрдүн албетте жаралары анык.

КР ИИМнин басма-сөз кызматынын башчысы Жоробай АБДРАИМОВ зомбулук көргөн аялдар жана жаш балдар тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

– Быйыл жыл башынан бери тогуз айда эле Кыргызстан боюнча зомбулук көргөн 2000 аял милицияга арыз менен кайрылган. Бишкекте 559, Чүй облусунда 420, Ошто 293, калгандары Кыргызстандын башка дубандарынан болгон. Анын ичинен зомбулук көргөнү 1564 болсо, психикалык зомбулукту 428, сексуалдык зомбулукту сегиз аял көргөн.

Мындай расмий фактылардан сырт калган көмүскө жагдайлар да өтө көп. Бирок, адам укуктары жаатындагы ушундай шумдуктуу окуялар көзгө сайып турганына карабастан, кафирлер менен алардын малайлары исламды жаманатты кылышып, дале өздөрүнүн “аял укуктарын” тыгыштырып жатышат. Сиз буга эмне дейсиз, урматтуу муслима карындашым?!

Эй ардактуу аял заты! Бул эркиндик чүмбөтүн жамынган капитализм силердин укугуңарды эч качан коргобойт. Тескерисинче, ал аялзатына кумар кандыруучу товар же рекламалык кызмат көрсөтүүчү катары карайт.

Эй мумина карындашым, капитализмди түкүрүп таштап, бир муслима үчүн бүткүл аскерди бутка тургузуучу ИСЛАМга кайтыңыз!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here