ШАРИАТ НОРМАЛАРЫ МАМЛЕКЕТТИН, АТҮГҮЛ АР БИР ЖАРАНДЫН КООПСУЗДУГУН САКТАЙТ

447
0

Кыргызстан Ички иштер министрлигинин диний аракеттерге каршы бөлүмүнүн адистери соңку учурда диний уюмдар үгүт ыкмаларын өзгөртүп, электрондук материалдарды көбүрөөк колдоно баштаганын, техниканын тилин билгендерди өз катарына кеңири тартып жатканын белгилешет. Алар чыгарып жаткан видеолорунда, негизинен, дүйнөдөгү жана араб өлкөлөрүндөгү коомдук-саясий абалды чагылдырып, «Халифат өлкөсүндө жашасак мындай иштер болбойт эле” – деген мазмун жатат.

Жергиликтуу серепчи Орозалиевдин айтымында, мындай уюмдар техниканын тилин билген, сабаттуу, атүгүл мамлекеттик кызматта иштегендерди өз катарына кошкон.

Серепчи Кадыр Маликовдун баамында, мындай тенденция эми барган сайын көбөйө бермекчи. Ошондой эле жаштардын, интеллигенциянын арасында саясий исламдын идеологиясын таратуу күчөйт. Маликов мунун бир канча себептерин санап берди:

– «Биринчиден, маселен медиа-идеялык мейкиндиктеги кризисти, так, түз багытталган идеологиянын жоктугун айтса болот. Экинчиден, Кыргызстанды башкарган элитанын иш-аракетинен жаштардын, интеллигенциянын басымдуу бөлүгүнүн көңүлү калган. Апрель, июнь окуяларынан кийин айрым ойлонгон адамдар акыйкаттык боюнча суроолоруна жоопту саясий исламдан көбүрөөк издей баштады. Өзүңөр көрүп жатасыңар, тилекке каршы Кыргызстанда, региондо, ошол эле эл аралык мамилелерде кош стандарт саясаты жүрүп жатат. Тактап айтканда жашоо-турмуш өзгөргөн деле жок, бирок аймактык, улуттук эле эмес, социалдык жактан бөлүнүү күчөдү. Орусияга жана башка жакка иш издеп чыккан жаштар да радикалдык агымдарга тартылууда. Бул глобалдык мүнөзгө ээ болуп жатат. Демократиялык, светтик баалуулуктардан көңүл калуу – шариаттын нормалары мамлекеттин, атүгүл ар бир жарандын коопсуздугун сактайт деген ойго түртөт. Менимче, эми мындай шартта шариаттын жактоочулары көбөйөт».

ИИМдин 10-башкармалыгынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери диний багыт боюнча 160ка жакын факт катталды. Былтыр болсо ушул маалдарда 140тай болгон жана анда 130га жакын адам кармалып, 95 кылмыш иш козголгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here